Бир денедеги экөө жана атанын айласыз абалы

Өмүрүн сактап калуу үчүн бир континенттен экинчисине келген сиам эгиздеринин таржымалы...

сиам эгиздери

Сиам эгиздери аз төрөлөт. Алардын көбү төрөттөн кийин эле чарчап калышат.

Эки жаш сегиз айлык Мариэм жана Ндейе - сиам эгиздери. Алар Сенегалда төрөлгөн. Бирок азыр 50 жаштагы атасы Ибрагим кыздары менен Уэльстин баш калаасында жашап жатышат. Мариэмдин жүрөк дарты бар. Эгерде анын жүрөгү какпай калса, Ндейе дагы чарчап калат.

Ибрагимдин кыздарын бапестеп багуусуна Европада шарттар түзүлдү. Алар азыр бактылуу, коопсуз. Бирок алдыдагы жылдарда атасын оор тандоо күтүүдө.

Тандоонун бири - сиам эгиздерин экиге бөлгөн операцияга Ибрагим уруксат бериши керек. Өтө кооптуу жол, себеби кыздарынын биринен айрылып калышы мүмкүн.

Экинчи тандоо - эч нерсе кылбай, кыздардын эртедир-кечтир жарык дүйнө менен кош айтышына жол берүү.

сиам эгиздери
Image caption Алардын өз-өзүнчө жүрөгү жана өпкөсү бар. Боору, заара чыгарган жери жана тамак сиңирүү органдары жалпы

"УЗИден бир эле кыз деп айтышкан"

Ибрагим Сенегалдын борбору Дакарда туризм тармагында иштейт эле. Анын мурунку никесинен дагы балдары бар. 2015-жылы экинчи жубайынан сиам эгиздери төрөлгөн.

"УЗИден кыз экенин айтышкан. Бирок бир эле кыз дешкен", -дейт Ибрагим.

Кыздар төрөлгөндө, ата-энеси катуу азап тартты. Ушинтип жаңы жашоо башталды. Алар оорукчан төрөлүшкөн эле. Өзгөчө Мариэм катуу ооруп, деми кыстыгат. Тез арада мунун айласын табуу зарыл болду. Кыздар оор абалда турганда, дарыгерлер эч кандай чара көрө албай коюшту.

Ибрагим кыздарын балдар ооруканасына которуп келип, жасалма дем алдырган аппаратка жаткырган. Ырым-жырымга көп ишенген сенегалдык коомдо башкаларга окшобогон кыздар тууралуу каңшаар тарап кетти. Бул дагы Ибрагим үчүн чоң мүшкүл жана ызааланткан учур болду.

Ибрагим кыздарын балдар ооруканасына которуп келип, жасалма дем алдырган аппаратка жаткырган
Image caption Ибрагим кыздарын балдар ооруканасына которуп келип, жасалма дем алдырган аппаратка жаткырган

"Ооруканада кыздарды баары көргөндөй кылып коридорго жаткырып коюшуптур",-дейт. Кимдир бирөөнүн телефондон "менде эгиздердин сүрөтү бар" деп айтканын Ибрагим угуп калат. Сүрөттөгүлөр өзүнүн кыздары экенин көргөндө, катуу ызааланып, оорукана жетекчилигине катуу айткан.

"Бул башка тийген сокку сыяктуу эле болду. Ошондо гана алар менин коргоомо канчалык муктаж экенин сездим",-дейт.

Жол издеп...

Кыздарынын өмүрү үчүн күрөш ушундан башталды. Ибрагим катуу айткандан кийин, ооруканада эгиздерди бөтөн көздөн далдоо бөлмөгө жаткырышты.

сиам эгиздери

Дарыгерлер кыздардын дене түзүлүшүн иликтөөгө киришти. Кыздардын экөөнүн тең мээси жайында эле. Алардын өз-өзүнчө жүрөгү жана өпкөсү бар. Боору, заара чыгарган жери жана тамак сиңирүү органдары жалпы. Мариэмге караганда Ндейе колдорун көбүрөөк иштетет.

Дарыгерлер мындан ары эч нерсе кыла албасын түшүнгөндөн кийин Ибрагим өз алдынча жолдорду издей баштады.

Кыздар төрөлгөндөн үч аптадан кийин ооруканадан чыгарып, апасына кошкон. Операциядан кийин апасы эми өзүнө келип жаткан.

Ибрагим бир нече өлкөлөргө кат жазып, кыздарынын дартына даба издей баштайт. Норвегия, Швеция жана америкалык Сиэтла клиникасына, Вашингтонго жазды. Франция анын акыркы үмүтү эле. Кыздарынын рентген сүрөттөрүн, медициналык аныктамаларын жөнөттү.

"Бирок алардын жообу төбө чачымды тик тургузду. Өтө кайдыгер мамиле кылышты",-дейт Ибрагим.

Кыздары Мариэм менен Ндейе күн сайын жетилип жатты. Бир нече ай өткөндөн кийин Ибрагим интернеттен кыздары сыяктуу сиам эгиздери тартылган тасманы көрүп калат. Тасмадагы миннесоталык Эбби менен Бетани Хенсел 20 жашта эле. Алар бири-бирине байланган. Бирок унаа айдап, спорт менен машыгып, мектепте мугалим болуп иштешет.

Ибрагимди бул тасма катуу толкундантты. Демек, кыздарды экиге бөлбөсө деле толук кандуу өмүр сүрө алат турбайбы.

Лондон

Ибрагим Лондондогу Грейт-Ормонд-Стрит ооруканасында сиам эгиздери боюнча адистер бар экенин угуп, кат жазган. Оорукананын дарыгери Паоло де Коппиден "келгиле" деген жооп алган.

Ндиайенин бүлөөсү 2017-жылы январда Лондонго учуп келишкен
Image caption Ндиайенин бүлөөсү 2017-жылы январда Лондонго учуп келишкен

Лондонго жетүү оңой эмес эле. Ошол маалда бүт каражаты дары-дармекке, кеңеш берген дарыгерлерге төлөнүп, каржалып турушкан. Бул жолу Ибрагимге Servir Le Sénégal кайрымдуулук фондун жетектеген Сенегалдын биринчи айымы Мариэм Файе Салл жардам колун сунду.

Ндиайенин бүлөөсү 2017-жылы январда Лондонго учуп келишкен. Алар дарыгер Де Коппи менен жолугуп, ошондон тарта медициналык текшерүүлөр башталган. Сиам эгиздерин кантип экиге ажыратса болоорун изилдешти.

Лондонго келгенден көп өтпөй эле, бул үй-бүлө каржылык кыйынчылыктарга туш болду. Аларга жардам катары берилген каражаттары түгөнүп, жашоо кыйындады. Аялы кайра артка, Сенегалга кайтып кетти. Тун баласына дагы кам көрүүгө туура келди. Ибрагим биринчи никесиндеги балдарына дагы кам көрүп келген эле. Эми алардан дагы кол үзүүгө аргасыз болду. Кыздары үчүн айласыз Британиядан башпаанек сурады.

2017-жылы жазында дарыгерлерден жаман кабар келди. Мариэмдин жүрөгү өтө алсыз болгондуктан, операцияны көтөрө албай калышы мүмкүн экен.

Бир жылдан кийин, 2018-жылы март айында Ибрагимге Британияда калууга уруксат беришти. Аларды Кардифф шаарындагы батирге жайгаштырышты.

сиам эгиздери

Учурда Мариэм кислородду жүрөгү мыкты иштеген Ндейеден алат. Мындан улам Ндейенин жүрөгүнө жана башка органдарына күч келип жатат.

Өткөн жыл соңунда Мариэм кокустан каза таап калса, Ндейени дагы сактап калууга мүмкүн болбой каларын дарыгерлер айтышкан.

Эми абал такыр башка болуп калды. Ибрагим Ндейенин өмүрүн сактап калыш үчүн кыздарын экиге ажыратканга макулдук бериши керекпи? Азырынча Ибрагим муну ойлонгусу келбейт. Кандай чечим кабыл албасын, кыздарымдын өмүрү кооптуу дейт ал.

Ал кыздарына кам көрүп, сенегалдыктардын улуттук тамагын жасап, кыңылдап ырдап, өзүн жооткотуп келүүдө.

"Кыздарым үчүн баарына даярмын. Келечеги бүдөмүк экенине карабай, кыздарым жашоо үчүн күрөшүп жатат. Аларды карап олтуруп, жашоонун маңызын түшүндүм. Кыздарым жоокер. Бүт дүйнө муну билиши керек". (AbA)

*

Тектеш темалар