Ирандагы ыңкылапка 40 жыл: Радикалдуу исламдын биполярдык дүйнөгө чакырыгы

1979-жылы 16-январда тактыдан кулатылган шах Мохаммед Реза Пахлави Тегерандан качып чыгып кеткен. Ошентип ислам ыңкылабы ишке ашты. Анын кесепети, таасири бүгүнкү күнгө чейин талкууланып келүүдө.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Ирандагы ыңкылапка 40 жыл

"Биринчи жолу биполярдык дүйнөгө альтернатива пайда болду. 1979-жылы үчүнчү күч - радикалдуу ислам өз сөзүн айтып чыгып, азыркы күнгө чейин аренада келе жатат. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан тарта АКШ менен СССР ортосунда каршылашуу күчөп, дүйнө ошого карап бөлүндү. Ушул эки ири державанын каршылашы же союздашы. Ирандагы ыңкылап Москва менен Вашингтон үчүн күтүүсүз болуп, экөөнүн тең кызыкчылыгына төп келген эмес. Шах Пахлави Батыш үчүн ыңгайлуу болчу. Тагыраагы, Израил менен жакшы мамиледе эле. Советтер союзуна карата деле достук маанайдагы саясатты карманып келген. Ошондуктан Ирандагы башаламандыкты уюштурууга эч кимисинде негиз жок эле. Сырттан эч кандай кийгилишүү болгон эмес",-дейт КМШ өлкөлөрүнүн көз карандысыз институтунун директор орун басары, Иран боюнча адис Владимир Евсеев.

Аны менен Би-Би-Си орус кызматынын кабарчысы Артем Кречетников маектешкен. Анын маегин айрым кыскартуулар менен сунуштайбыз.

Сүрөттүн автордук укугу Kaveh Kazemi/Getty Images
Image caption Массалык толкундоолор бир нече айга уланган
Сүрөттүн автордук укугу Michek Setboun/Getty Images
Image caption Баардык ыңкылаптар окшош

Би-Би-Си: 1979-жылдагы ыңкылап көчөнүн эмес, базардын ыңкылабы болгон деген пикирлер бар. Мурдатан чыгыш коомунда таасирдүү болуп келген майда соодагерлер ыңкылаптын негизги кыймылдаткыч күчү болгон деген божомолдор айтылат.

Владимир Евсеев: Базар - иран, дегеле чыгыш коомунун эң сезимтал жери. Мына ушул жерден элдик пикирлер жаралып, ушул жерден социалдык нааразылыктар от алат. Бирок майда ишкерлерди башкарып турган бирөө болбосо аларды басып коюуга мүмкүн эле. Ирандык оппозициянын катарында светттик лидерлер дагы болгон. Алар кийин баш тартып же четке сүрүлүп калган. Диний ишмерлер массаны чогултуп, өздөрүнө керектүү тарапка багыттай алышкан.

Сүрөттүн автордук укугу ATTA KENARE/Getty Images
Image caption Тактыдан куулган шахтын аксарайы азыр музейге айланган

Би-Би-Си: Ирандагы ыңкылап СССРдин тышкы саясатына кандай таасирин тийгизген? Анын ичинде Ооганстанга аскер күчтөрүн киргизүү чечимине кандай таасири болгон?

Владимир Евсеев: Буга Кремль токтоо, ошол эле учурда абайлап карады. Ачык эле антиамерикалык, бирок советтик дагы эмес. Алар менен кантип иштөө керек?

1980-жылы иран-ирак согушу башталганда, СССР ким тарапта экенин так аныктай албай туруп калды. Колдо бар маалыматтарга караганда, армия жана КГБ Саддамга, ЦКнын эл аралык бөлүмү Хомейниге басым жасаган. Ооган маселеси чечилгенден кийин ирандык фактор эч кандай роль ойнобой калды. Анткени Иранды эч ким олуттуу күч катары санаган эмес. Андан кийин көйгөйлөр жаралды: Хомейни мусулман эмес өлкөнүн мусулман өлкөсүнө аскерин киргизгенин катуу сынга алып чыккан. Ошол эле маалда советтик аскерлердин киришине каршы чыккандарга жардам көрсөтө баштайт. Ооганстандагы өнөктүк аяктагандан кийин кырдаал өзгөрдү. Биринчи келишимдер 1989-жылы түзүлгөн. Ошондон тарта советтик-ирандык, кийин орусиялык мамилелер союздаштык болбосо дагы, жакшы ымаланы сактап келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ирандык монархия 2500 жыл жашады

Би-Би-Си: Шахтын бозгунчулугу менен бул окуя бүткөн жок. Хомейни аны артка кайтарууну талап кылып, акыр соңу Тегерандагы америкалык барымта окуясы орун алды. Батыштын картайган оорукчан абышканы жазалоо үчүн берип коюшу моралдык жактан ой келбеген нерсе экени түшүнүктүү. Кызыгы, Хомейни аткарылганга мүмкүн талапты айтып жатканын түшүндүбү? Же ага шах эле керек болбой, жаңжалды өөрчүтүп, чатакташууну кааладыбы?

Владимир Евсеев: Албетте, түшүнгөн. Шахты берүү талабы массаны өзүнө тарта алган. Кишилер абдан эмоционалдуу болуп турганда өтө жөнөкөй чакырыктар керек эле. Негизи бул кырдаал Чыгышка мүнөздүү көрүнүш. Азыркы учурда Түркия америкалыктардан Фетхуллах Гүленди берүүнү талап кылып келе жатпайбы. Алар эч качан бербесин билип турса дагы талап кылууда.

Би-Би-Си: Ислам дүйнөсүндө негизи эле демократия ордун таба алабы? 40 жыл ичиндеги аны жайылтуу аракеттеринин арты радикалдуу исламчылардын келиши менен бүтүүдө. Ал эми светтик режимдегилери жалаң диктаторлук.

Владимир Евсеев: Мен бир аз түзөтүү киргизет элем, либералдуу демократия. Иранда азыр өзгөчө башкаруу модели түзүлүп калды. Диний чөйрөнүн чоң бийлиги жана ошол эле учурда эл тарабынан шайланган президент, өтө таасирдүү межилис (парламент). Реалдуу саясий атаандаштык бар. Акырындык менен өзгөрүүлөр байкалат. Президент Хасан Роухани де-юре же де-факто айрым чектөөлөрдү жумшартты. Иран 40 жыл мурдагыдай же ал тургай Махмуд Ахмадинежаддын учурдагыдай эмес. Анда диний полиция абдан катуу болуп турган.

Ал күндөр менин эсимде

Лейли Аболхасани, Би-Би-Синин Перс кызматынын редактору

Сүрөттүн автордук укугу Daniele Darolle/Getty Images
Image caption Мексикадагы бозгундар

Шах качып кеткен учурда мен 12 жашта элем. Эсимде, ошондо көчөдө унаалардын сигналдары жаңырып жаткан. Кишилер өтө кубанышкан эле. Шахты колдогон же ага каршы көз караштардан улам, көптөгөн үй-бүлөлөрдө чоң ажырымдар болду. Атам менен улуу эжем ушунун айынан талаша кетишчү. Атам динди өтө бекем карманган киши эле. Аятолла Хомейни жана ислам ыңкылабын колдоп, миллиондогон кишилер чыккан демонстрацияларга катышып турган. Көп учурда мени дагы ээрчитип алчу, анткени атамдын эрке кызы элем да.

Ал эми улуу эжемдин күйөөсү АКШдан окуп келген, Аба күчтөрүнүн офицери эле. Атам Хомейнинин сүрөтүн илип койду. Үйгө келген эжем муну көрүп абдан наарызы болгон. Менин абаларым дагы акыр аягына чейин ыңкылапка каршы турушту. "Ыңкылапты ишке ашыруу аракеттери ишке ашпай, Жаңы жылга чейин токтойт",-деп кеп кылышкандары эсимде.

Бирок Жаңы жылдан кийин дагы толкундоолор басылган эмес. Жыл соңунда мектепте сабактар болбой калганда, балдар абдан кубанганбыз. Апам атамдан талап кылып жатып, бизди Тегерандан чыгарып кетти. Башка провинциядагы туугандардын үйүнө алып барышты. Ал жерде балдар көп болгондуктан, бизге аябай көңүлдүү эле. Ислам ыңкылабы жеңгенин жар салышканда, негедир көңүлүм чөккөн. Ал учурда мен Тегеранда эмес элем. (AbA)

Тектеш темалар