Аялдардын эркектерден узак жашашынын үч себеби

Дээрлик бардык өлкөлөрдө аялдар эркектерге караганда узак өмүр сүрүшөт. 2016-жылдагы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, орточо жашоо узактыгы 72 жаш деп көрсөтүлгөн. Азыркы учурда аялдардын орточо жашоо узактыгы 74 жаш эки ай, ал эми эркектер 69 жаш, 8 ай.

Image caption Кыргызстанда эркектердин жашоо узактыгы аялдарга салыштырганда, дээрлик он жылга кыска

2010-жылы АКШда жашы жүздөн ашкан 53364 киши катталган. Алардын 9162си гана эркектер, калган 44202си аялдар.

Мындай артыкчылыктын себеби эмнеде? Биз негизги үч себеби тууралуу кыскача айтып берели.

1.Ген

Берклидеги Калифорния университетинде жана Макс Планк демографиялык изилдөөлөр институтунун алдында атайын маалымат базасы түзүлгөн. Анда 40тан ашуун өлкөдөгү адам өлүмү боюнча статистикалык маалыматтар бар жана муну изилдөө максаты менен уюштурушкан.

Швециядагы маалыматтар 1751-жылдан тарта, Францияныкы 1816-жылдан бери каттала баштаптыр. Көп өлкөлөрдүкү болсо XX кылымдын ортосунан тарта киргизилген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аялдарда 100 жылдык мааракесин белгилөөгө мүмкүнчүлүк жогору

Жыйналган маалыматтарды карап келгенде, аялдардын жашоо узактыгы төрөлөрдөн алдын эле эркектердикин ашып түшөрүн көрөбүз.

"Эркек жыныстагы эмбриондор аялдардын эмбрионунан караганда көбүрөөк жоготууга учурайт",-дейт Лондон колледж университетинин профессору Давид Жемс.

Болжолу мунун себептеринин бири - кишинин жынысын аныктаган хромосомалардын ролу болушу мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Адамдын жынысы хромосомалар менен аныкталат: аялдардыкы - ХХ, эркектерде - XY

Адамдын жынысы хромосомалар менен аныкталат: аялдардыкы - ХХ, эркектерде - XY. Хромосомалар генди алып жүрөт. X-хромосомасы сезилерлик чоң жана жашап кетүүгө жардам берген көбүрөөк генди кармайт. Y-хромосомада азыраак ген бар. X-хромосомасы жашоого маанилүү болгон гендерди алып жүрөт.

"Көп учурда эркек балдардын 20-30 пайыздайы төрөлөргө жакын эненин курсагында эле чарчап калган учурлары бар. Ошондой эле эркек балдардын 14 пайызы ай-күнүнө жетпей төрөлөт. Эркек балдар көлөмдүү болгондуктан төрөт учурунда дагы ар кандай жаракат алып калууга жакын",-дейт Эксетер университетинин окумуштуусу Лорна Харрис.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Канаттууларда хромосомалар тескерисинче болот

2.Гормондор

Өспүрүм куракта эркек балдар менен кыздардын организминде олуттуу гормоналдык өзгөрүүлөр болот.

Эркектердин гормону - тестостерон сөөк жана булчуң ткандарынын өөрчүшүнө таасир этип, эркектерди аялдарга караганда көлөмдүү жана күчтүү кылат. Андан сырткары бул гормон башка дагы эркектин мүнөздөрү үчүн жооп берет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Куралдуу жаңжалдар жана согуш учурунда эркектер арасында жоготуулар көп болот

Өспүрүм курактагы эркектердин тестостерон деңгээлинин өсүшү дагы терс таасирин тийгизген жагдайлар бар. Эксперттер түшүндүргөндөй, тестостерон деңгээли жогорулаган курак эркек балдарды ар кандай кооптуу кырдаалдарга түртөт. Айталы, мушташ, катуу ылдамдык менен унаа же мотоцикл айдоо, башына балээни үйгөн курч окуяларга жакын болгону. Ошол эле учурда бул куракта эркектер суицидке дагы жакын.

Аялдардын гормону - эстроген организмдеги клеткаларга тескери таасирин тийгизип жаткан зыяндуу заттарды чыгарып жиберет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Аялдардын гормону - эстроген жүрөк оорусуна алып келген "жаман" холестериндерди тазалоого жардам берет

Аялдардын гормону - эстроген жүрөк оорусуна алып келген "жаман" холестериндерди тазалоого жардам берет.

2005-жылы Испаниянын окумуштуулары өткөргөн изилдөө эстроген узак өмүр сүрүүгө байланышкан гендин активдүүлүгүн көтөрүп, ошол эле учурда антиоксидант ферменттерин иштеп чыгууга таасирин тийгизерин көрсөтөт.

Эстроген ошондой эле организмдеги зыяндуу холестеринди тазалап, белгилүү өлчөмдө жүрөк илдеттеринен сактайт.

3. Жашоо образы

Согуштун же куралдуу жаңжалдын кучагында калган аймактарда эркектердин орточо жашоо узактыгы кескин кыскарып кетет. Бул түшүнүктүү, анткени эркектер согушта курал көтөрүп жүрөт эмеспи.

Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо тармагы начар өнүккөн өлкөлөрдөгү абал аялдардын узак жашоосуна таасирин тийгизет. Мындай абалда аялдардын көбү төрөттөн көз жумат.

Айрым аймактарда болсо эркек менен аялдын орточо жашоо узактыгында кескин айырма бар. Муну эркектер чылымга, алкоголго жана баңгизатка жакын болуп кеткени менен түшүндүрсө болот. Бул алардын өмүрүн кыскартат.

16 жаштан 60 жашка чейинки аялдар арасында дарыгердин жардамына муктаж болуп кайрылгандар көп. Албетте, эркектерге салыштырганда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бирок изилдөөчүлөр алдыдагы 20 жыл ичинде жашоо узактыгында эркек аял ортосундагы айырмачылыктар акырындап кыскарат деген пикирде

Бирок изилдөөчүлөр алдыдагы 20 жыл ичинде жашоо узактыгында эркек аял ортосундагы айырмачылыктар акырындап кыскарат деген пикирде.

Кыргызстандагы эркек саламаттыгына байланышкан кооптуу коңгуроо

Кыргызстандык адистер эркектердин саламаттыгына байланышкан маселе өлкөдөгү эң курч көйгөйгө айланып, эркектер арасында жашоо узактыгы кыскарып баратканына көңүл буруп келишет.

"Эркектер ар дайым стрессте жүрүп жатат. Стресс жыл өткөн сайын чогула берет. Ошондуктан бири-бирине кол салуу, кылмыштын көп болгону да ушундан. Аялдарга, балдарга болгон эркектин мамилеси бузулду. Ошон үчүн эркек саламаттыгына көңүл бурушубуз керек. Тукумсуздук дагы көбөйүп кетти. Бул боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз",-дейт медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев.

Өлкөдө эркектердин жашоо узактыгы аялдарга салыштырганда, дээрлик он жылга кыска.

"Мисалы, жумушсуздук, норкомания, суициддер, транспорт кырсыктары, ошол эле ВИЧ! Кандай проблема болсо дагы эркектер биринчи орунда турат",-дейт профессор Акылбек Усупбаев.

Кыргызстанда эркектер арасында тукумсуздук илдети көбөйүп кеткен. Он беш жыл мурда мындай дарт менен эркектердин 20 пайызы гана кайрылса, азыр бул көрсөткүч абдан жогору дейт Усупбаев.

"Кыргызстанда эркектердин простатит оорусу тездик менен өсүп жатат. Тукумсуздук дартына чалдыккан эркектер көп кайрылууда. Анализдеп келгенде, 30-40% спермограммалардын сапаты төмөн экени байкалды".

Бел кубатынын төмөндөп, тукумсуздукка алып келген факторлор: алкоголдук ичимдиктер, тамеки тартуу, антидепрессант, гормон сыяктуу дары-дармектерди көп колдонуу, жыныстык жол менен жуга турчу инфекциялар, WiFi зонасында көп отуруу, эртеден кечке такай жылбай отуруп иштөө дейт дарыгер.

Дүйнөлүк көйгөй

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Эркек уругу улам начарлап баратат

Жакында эле бир катар окумуштуулар дүйнөдө эркек уругунун сапаты улам начарлап баратканын айтып чыккан. АКШ, Европа, Австралия жана Жаңы Зеландияда эркектердин уругун текшерүү үчүн алып, натыйжада уруктун кыймылы 40 жылдын ичинде 50 пайызга төмөндөп кеткени байкалган.

Батышта тукумсуздук жылына эки пайызга жогорулап жатат деп белгилеген изилдөөчүлөр. АКШнын репродуктивдүү медицина борбору адамдын жашоо образынан улам кризис пайда болду дейт. Европада тукумсуздукка кабылып, дарыланган эркектер жыл сайын көбөйүүдө.

Аз кыймыл жана кошумча салмак эркектин спермасынын сапатын начарлатат. Ошондой эле уруктун начарлашына тамеки тартуу, стресс жана булганыч аба таасир этет. Дүйнөдө эркек уругунун сапаты улам начарлап баратат. Дарыгерлердин айтымында, бул адамзат үчүн коркунучтуу жаңылык. (AbA)