Дарыгерлер тынчсызданган төрт “супер” жугуштуу бактерия

Man blocking his genitals with his hands Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Окумуштуулар жыныстык катнаш аркылуу жуккан жаңы бактериялар дүйнө саламаттыгына коркунуч жаратат дешүүдө

Жыл сайын жаңы вирустар, илдеттер пайда болот. Жыныстык катнаш аркылуу жайылган жаңы жугуштуу оорулар да чыгууда.

Окумуштуулар төрт бактерияны аныктап, булар дүйнөлүк саламаттыкка коркунуч жаратат деген тыянак чыгарышты.

1. Neisseria meningitides - Менингококк

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Менингококк оралдык секс аркылуу жугат

Менингококк бактериясы менингит илдетин козгошу мүмкүн. Менингит - өтө жугуштуу жана коркунучтуу илдет болуп саналат. Ал курч мүнөздө өөрчүп, кишини абалын бат эле начарлатат.

Ошондой эле менингококк жыныстык органдарга инфекция жуктурууга өбөлгө түзөт. 1970-жылдагы изилдөөдө менингококк бактериясына чалдыккан маймылдардын жыныстык органдарына да инфекция жукканы аныкталган.

Кишилердин он пайызында менингококк бактериясы бар. Бул бактерия оралдык секс, өбүшүү же шилекей аркылуу жайылышы ыктымал.

Менингококк бактериясынын беш түрү бар. Анын жайылышын токтотуу үчүн эки вакцина иштелип чыккан.

2. Mycoplasma genitalium - Мите бактериясы

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Mycoplasma genitalium хламидиоз же гонорея илдеттериндей ыңгайсыздык жаратат

Mycoplasma genitalium эң кичинекей бактериялардын бири. Учурда бул бактерия тез жайылууда.

Дарыгерлер жыныстык катнаш жолу менен жуккан бактерияны биринчи жолу 1980-жылдары аныкташкан. Дүйнө калкынын эки пайызында бул бактерия бар экени, өзгөчө өспүрүмдөр арасында тез жайылып жатканы айтылууда.

Mycoplasma genitalium жукканда көп учурда эч кандай симптомдор пайда болбойт. Ошол эле учурда бул бактерия хламидиоз же гонорея илдеттериндей ыңгайсыздык жаратышы ыктымал. Илдет өөрчүшүп кетсе, тукумсуздукка алып барышы мүмкүн.

Презерватив бул бактериянын жайылышын токтото алат. Бирок окумуштуулар mycoplasma genitalium бактериясы антибиотиктерге туруштук берип жатканына тынчсызданууда.

Дарыгерлер изилдөөлөр аркылуу супер mycoplasma genitalium бактериясынын алдын алуу мүмкүн экенин айтышууда. Бирок мындай изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөттөн уруксат алуу абдан татаал.

3. Shigella flexneri - Дизентерия (ич өткөк)

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Shigellosis же дизентрия жоон ичегини жабыркатып, ич өткөрөт

Shigellosis же дизентерия жоон ичегини жабыркатып, ич өткөрүүчү жана жалпы денени ууландыруучу (баш ооруп, дене ысып) жугуштуу оору.

Бул илдетке негизинен жаш балдар жана саякатчылар туш болот деген пикир бар болчу. 1970-жылдары shigellosis жыныстык катнаш аркылуу да жайылып жатканы аныкталган. Бактерия оралдык секс аркылуу жугат.

Мурда бактерия гонорея сыяктуу эле азитромицин антибиотиги менен дарыланып келген. Бирок соңку учурда shigellosis антибиотикке туруштук берип калды. Ошондой эле дарыгерлер shigellosis бактериясы супер гонорея вирусун козгойт деп кооптонушууда.

Изилдөөчүлөр ич өткөккө чалдыккан бейтаптарга антибиотик колдонбой, чыдап коюуга үндөшөт.

4. Lymphogranuloma venereum (LGV) - Лимфалык тери оорусу

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Презерватив жыныстык катнаш аркылуу жуккан илдеттердин көбүн алдын алат

LGV жыныстык катнаш аркылуу жуккан илдет. Бул бактериядан улам териде башында безетки, ыйлаакча же жара пайда болот. Андан соң вирус лимфа системасына жайылат. Лимфа системасы зат алмашууга көмөктөшүп, канды пайда кылат жана организмди коргоо милдетин аткарат.

Дал ушул себептен LGV вирусу абдан кооптуу. Организм коргоосуз калганда ВИЧ инфекциясын жуктуруу мүмкүндүгү жогорулайт. Соңку жылдары LGV Европа жана Түндүк Америкада тез жайылып жатат. Андан улам башка оор илдеттер пайда болууда.

Жыныстык катнаш учурунда презерватив колдонуу жугуштуу бактериянын жайылышынын алдын алат. Медкызматкерлер LGV бактериясын антибиотиктер менен дарылап келет.

*Бул макаланы Mosaicинтернет баракчасы жарыялаган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар