"Гуглду" башкаруу үчүн кандай билим керек?

Young person with the Google logo reflected on his face Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Гуглда" ийгиликтүү карьера куруу үчүн кандай сапаттар маанилүү?

1998-жылы Сергей Брин менен Ларри Пейж "Гугл" компаниясын негиздегенде кызматкерлерди тандоо боюнча алгоритм да ойлоп чыгарышкан.

Башында алгоритм так илимдер, технология, инженер жана математика багытында окуган алдыңкы университет студенттерин тандаган. Бирок 12 жылдан кийин ишке алынган кызматкерлер боюнча анализ жүргүзүлүп, "Гугл" компаниясында алдыңкы студенттер чоң деле ийгиликке жетпегени аныкталган. Тагырак айтканда, алгоритм сегизинчи маанилүү баскыч катары каралган.

Ошондо "Гуглда" ийгиликтүү карьера куруу үчүн биринчи кезекте кандай сапаттар керек болгон? Лидерлик мүнөз, кызматкерлерге кам көрүү жана күчтүү коммуникация "Гугл" үчүн эң маанилүү сапаттар экен.

Сүрөттүн автордук укугу Nobel Media / Alexander Mahmoud
Image caption Санариптешкен доордо 19 кылымга ылайыктуу адистер даярдалууда

Билим берүү жаатындагы америкалык адис Кэти Дэвидсон "Гуглдун" мисалын колдонуп, университет менен мектептер ийгиликтүү карьера куруу үчүн зарыл болгон билимди бере албай жатканын белгилеп келди.

Кэти айым учурдагы билим берүү жайлар санариптешкен доордо 19 кылымга ылайыктуу адистерди даярдап жатканын айтат.

Университет системасын өзгөртүү эмнеге маанилүү?

Билим берүү тармагында мурда маанилүү болгон структура мурас болуп калды. 19-кылымда индустриялык доордо заманга жараша адистер керек болгон. Ал учурда адистер дыйканчылык менен завод-фарбиркаларда иштөө үчүн даярдалган.

Ошол кезде түзүлгөн билим берүү системасы дүйнө жүзүнө тарады. Анда университет студенттери суроого жооп берип жатып, үч же төрт жооптун туурасын тандап алышы керек эле. Башкача айтканда автоматташтырылган жабдыкты иштетүүгө даярдалган.

Сүрөттүн автордук укугу JHU Sheridan Libraries/Gado/Getty
Image caption 19 кылымда окуучулар автоматташтырылган жабдыкты иштетүүгө даярдалган

21-кылымда интернет кеңири жайылып, технология тез өнүгүп, доор өзгөрдү. Ага карабастан билим берүү системасы ошол бойдон калды.

Бүгүнкү күнү каалаган киши эч уруксаты жок эле өз оюн айта алат. Коомдук тармактарда аты-жөнүн да жашырып алууга мүмкүнчүлүк бар.

Жада калса ири державалардын башчылары каалаган учурда "Твиттер" баракчасына өз пикирин кеңешчилеринин уруксаты жок эле жаза алат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Америкалык адис жогорку билим айрымдар үчүн кереги жок деген пикирде

Анда эмнени өзгөртүү керек?

Кэти Дэвидсондун айтымында, биринчи кезекте жогорку окуу жайдагы системаны өзгөртүү тийиш. Технологияны колдонуу деген жүйөө менен лекторлор "скайп" аркылуу сабак берип, материалдарды интернетке жүктөп калышты. Бул ыңгайлуу болгону менен, Кэти айым бул кадам билим берүүнүн эң жөнөкөй формасы деген ойдо. Анда студенттер орчундуу, бирок замандын талабына жооп бербеген билим алышат.

Мунун ордуна окуучуларга татаал көйгөйлөрдү чечүү жолдорун үйрөтүү маанилүү дейт Кэти Дэвидсон. Жалган жаңылыктар жайылып, демократия системасына чабуул жасалып жаткан доордо, комплекстүү көйгөйлөр менен күрөшүүнү үйрөтүү маанилүү экени калетсиз.

Экинчиден, билим берүү системасынан "кереги жок" сабактарды жок кылуу аракети жүрүп жатат.

"Керектүү" деген сабактардын катарына алгоритм жазуу же технологияга байланыштуу лекциялар кирет. Ал эми тарых, философия, социология жана искусство "кереги жок" дегендин катарына кошулган.

"Гуглдун" изилдөөсү көрсөткөндөй, мыкты коммуникациялык сапаттары бар кызматкер ийгиликтүү болот. Тарых, философия сыяктуу тармакта окугандар жогорку коммуникациялык сапаттарга ээ экени белгилүү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2010-жылы жүргүзүлгөн иликтөөдө лидерлик мүнөз, кызматкерлерге кам көрүү жана күчтүү коммуникация "Гугл" үчүн эң маанилүү сапаттар экени аныкталган

Демек, билимди тарых же философия тармагы деп бөлбөй, бирдиктүү тармакты түзүү зарыл. Башкача айтканда маалыматты дисциплина эмес, көйгөйдү чечүүгө, анализ жүргүзүүгө багыттоо зарыл.

Бул аркылуу технология билим алуу үчүн шарт түзүп, чыгармачыл адистер даярдалат дейт Кэти айым.

Санариптешкен доордо жогорку билим керекпи?

Учурда жогорку билимдин "кереги деле жок" деген сөздөр кеңири тарады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гейтс 11 жашында эле Вашингтон университети менен компьютер жаатында иш алып барган

Көптөр "Майкрософт" компаниясынын негиздөөчүсү Бил Гейтс же "Фейсбуктун" башчысы Марк Цукербергди мисал кармап, алар жогорку билими жок эле ийгиликке жеткен деп айтышат.

Гейтс 11 жашында эле Вашингтон университети менен компьютер жаатында иш алып барганын айтпай жүрүшөт. Ал жаш кезинен тарта эле университетте изилдөө иштерин жүргүзгөн. Гейтс керек болсо университетте окуу зарыл дегендин эң биринчи мисалы болушу керек.

Мунун менен эле бирге, ийгиликтүү карьера куруу үчүн жогорку билим сөзсүз керек деген да миф бар.

Айрым кишилер кызыккан билимди университеттерден ала албайт. Мисалы, өнөрпоз болуу же гигена тармагындагы адис. Албетте, аларга да сапаттуу тренинг керек, бирок бул билимди университет бере албайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мектептерде кандай сабактар өткөнү туура?

Мектептер кандай сабактарды өтүшү керек?

Мектептеги билим берүү системасы эскиргени көптөн бери эле айтылып келет. Талдоочулар мындай ыкма заманга жооп берген адистерди даярдабайт деген пикирде.

Мисалы, теннис оюнун үйрөтөм десеңиз - биринчи теорияны окутуп туруп, андан кийин экзамен албайсыз. Теннисти үйрөнүү үчүн аны ойноп, өзүңдөн да мыкты атаандаштар менен күч сынашып, тажрыйба топтоп, ийгиликке жетесиз.

Азыр мектептер билимди экзаменге байлап койду. Мындан улам жаш балдардын билим алууга мотивациясы жок жана экзамен учурунда стресске кабылышат.

Бул система жаштардын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат дейт Кэти айым. Мугалимдер да зарыл материалдарын окута албай калат. Себеби алар балдарды экзаменге даярдашы керек.

Кэти Дэвидсондун айтымында, экзамендер интеллектуалдык горизонтторду ачуунун ордуна бир өңчөй ойлонууга түртүп жатат.

Ал эми мектепти бүтүп жаткандагы экзамендерде окуучулар бир суроодо үч же төрт жооптун бирин тандап, жогорку упай топтоого умтулат. Башкача айтканда, кайра эле 19-кылымдагы автоматташтырылган жабдыкты иштетүүгө даярдалат. Ага караганда көп тараптуу билим алуу татаал көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзөт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мектепти бүтүп жаткандагы экзамен маанилүүбү?

Кэти айым студенттерге колун көтөрбөй эле суроо берүүгө укук берген. Бул аркылуу ортодогу расмий байланыш жок кылынып, ар бир окуучу өз пикирин билдире алат.

Андан тышкары сабак учурундагы тапшырмалардын бири - барактагы түшүнбөгөн сөз же терминдерди аныктоо. Окуучулар экиге бөлүнүп, бейтааныш сөздөрдү интернетте издеп, анын маанисин такташат. Бул тапшырма жаштарды текстти туура түшүнүүгө, терең анализ кылууга түртөт.

Ошондой эле окуучулар командада иштегенди же коммуникация сапаттарын өнүктүрө алышат. Бул сапаттар дүйнөдөгү алдыңкы компаниялар үчүн абдан маанилүү. (AT)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар