"Талиптердин огунан мени керебет сактап калды"

Мындан бир жыл мурун талиптер Кабулдагы чет элдиктер үчүн популярдуу болгон мейманканага (Intercontinental) кол салып, кыркка чукул кишини атып кетишкен. Грек учкучу Василис Василеу кандуу булоондон кантип аман калганын эскерет.

Мындан бир жыл мурун талиптер Кабулдагы чет элдиктер үчүн популярдуу болгон мейманканага (Intercontinental) кол салып, кыркка чукул кишини атып кетишкен Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мындан бир жыл мурун талиптер Кабулдагы чет элдиктер үчүн популярдуу болгон мейманканага (Intercontinental) кол салып, кыркка чукул кишини атып кетишкен

***

Жакын таанышым Михаель Пуликакос экөөбүз мейманкананын ресторанына кечки саат алтыда эле кирип тамактаналы дедик. Үч-төрт ай мурун бул жерге конуп кеткен элем. Андан мурда дагы бир нече ирет болгомун. Бирок биринчи жолу кечки тамакка эрте келдим. Адатта кечки саат 8:30дарга барып тамактанчубуз.

Ошентип биз кечки тамакты жеп, болжолу кечки саат 7:30да коштошуп тарап кеттик. Мейманкананын бешинчи кабатындагы (акыркы кабат) 522-бөлмөгө жайгашкан элем.

Кечки саат 8:47 чамасында Афина менен телефондон сүйлөшүп жаткамын. Бир учурда эле катуу жарылууну уктум. Балконго чуркап чыксам, жерде канжалап бир киши жатыптыр. Андан кийин жардыруулар мейманканын далисинен дагы, сырттан да угулуп жатты.

Ушул маалда менин ресторанда болбой калганым оңдой берди болуптур. "Макул, Василис! Эми тирүү калышың үчүн бирдеме кылышың керек" деп өзүмдү чыйралттым.

Балкондун эшигин ачык таштап, сырткы эшикти бекиттим. Сүлгүнү жана кийимдеримди жаныма алып, төртүнчү кабатка түшүп кете аламбы деп турдум.

Учкуч болгондуктан, чукул кырдаал учурунда өзүңдү кандай алып жүрүүгө жылдап машыктырат. Мен жөн жай учурда ресторанга же театрга барсам дагы эшикке жакын жерге олтурам. Муну албетте, атайын кылбайм, көндүм болуп калган. Бир саамга кандай айла тыбышты ойлоп туруп калдым. Мейманканага канча киши кол салганын, алар кайсыл кабатта экенин билбейм. Бешинчи кабаттан секирип кете албайсың. Ошондуктан номерде калып эле, аман калуунун жолун караштыруу керек.

Василис Василеу
Image caption Василис Василеу Kam Air аба каттамында иштеген

Менде калтыроо же коркуу сезимдери болгон жок. Бөлмөдө эки керебет бар эле. Анын биринин матрасын оодарып туруп, алдына кирип жашындым. Жарыкты өчүрүп салдым.

Бир топ убакыт өттү. Ал учурда кол салгандар мейманкана ресторанындагы, биринчи жана экинчи кабаттагы коноктордун баарын атып салышканын билген эмесмин.

Алардын үндөрү улам жакындап, төртүнчүдөн бешинчи кабатка келе жатышты. Мейманкананын чатыры тараптан тик учактын доошун жана куралдын атылганы, чуркаган кишилердин кажы-кужусу угулуп турду. Согушкерлер эл аралык күчтөр менен атышып жатканы белгилүү эле.

Кол салгандар менин бөлмөмө коңшулаш 521ге кирип барышты. Алар кийин ошол жерди түнү бою штаб-квартира катары пайдаланышкан.

Мен жаткан бөлмөнүн эшигине ок аткан учурда, тыз дедирген бир ой келди, таап алышат го дедим. Алар эшиктин кулпусун аткылап ачып киришти. Бирөөсү эшиги ачык турганын байкаса керек, дароо эле балконго чыгып кетти.

Тапанчадан ок атылды. Көз ирмемден кийин өлөм дегем. Бүтүндөй өмүрүм, жакын кишилерим, балдарым бир заматта көзүмдөн чууруп өттү.

Бирок алар кийинки бөлмөлөргө өтүп кетишти. Мен жайгашкан бөлмөнүн дал тушунда стюард менен учкуч жайгашкан эле. Алардын кыйкырыгын, анан кантип атып салышканын угуп жаттым.

Василис Василеу Кабул аэропортунда
Image caption Василис Василеу Кабул аэропортунда

Менимче алар бардык бөлмөлөрдү ачып кирип, тинтип чыгышты окшойт. Анткени ар бир бөлмөгө киргенде эшиктин кулпусун бузуу үчүн ок чыгарып жатышты. Кишилердин кыйкырыгын улай ок атылат. Кыйкырык жутулуп, тынчып калып, согушкерлердин арсалаңдап күлгөндөрү угулуп турду. Кимди табышса, баарын атып салышты.

Түнкү саат үчтөр чамасында алар бешинчи кабатта от жагышты. Түтүндүн ачуу жыты келди. Анан 20-25 мүнөттөй тыптынч болуп калды. Ок атышуулар токтоду. Мен жашынган жеримден акырын чыктым. Тапанчадан ок атылганда, жанымдагы керебетти атышкан экен. Аны чачып, матрасын алып ыргытышыптыр. Кудай сактап, менин керебетиме тийишкен эмес.

Бир күндө эки жолу ажалдын оозунан аман калдым.

Түтүн бөлмөгө кире баштады. Мен акырын балконго чыгып, сол жагымда катуу өрт тутанып жатканын көрдүм. Үйдүн чатырынан жерге түшкөн кабелдерди көрүп, көтөрө алабы деп чамалап тартып жатканда, ок атылды. Бирөөсү далымдан 20 см гана жерге барып тийиптир. Кийин билсем, окту эл аралык күчтөрдүн көзгө атары аткан экен. Алар коңшулаш имараттан байкап калып, мени согушкерлердин бири деп ойлошкон.

Мейманкананын окко көзөлгөн дубалдары
Image caption Мейманкананын окко көзөлгөн дубалдары

Кайра бөлмөгө кайтып кирдим дагы, бутумдун учу менен басып ваннага өттүм. Ал жерден кичинекей кайчыны алып, жашынып жаткан керебеттин алдындагы пластикти тешип, ичине кирип кеттим. Мен бата турган жай бар экен. Өзүм менен бирге эки бөтөлкө суу жана бир бөтөлкө сүттү алып алдым. Футболкамды чечип, оозума байлап, түтүндү филтирлей тургандай кылдым. Мурда өрт учурундагы коопсуздукту бизге далай ирет үйрөтүшкөн.

Футболканы суу жана сүткө малып туруп, оозума байлап алдым.

Кобураган үндөр жакындап, кайра мен жаткан бөлмөгө бир топ киши кирип келди. Бирөөсү так мен жашынган керебетке отурду. Мага буттары көрүнүп турду, улам түкүрүп жатты. Ал башкаларга буйрук берип турду, анын үнү кулагымда калыптыр.

Согушкерлер эшиктин кулпусун ок атып эле бузуп киришкен
Image caption Согушкерлер эшиктин кулпусун ок атып эле бузуп киришкен

Эки жолу ажалдан аман калдым, эми да кутулуп кетем деген ишенич болду. Элден эрте барып тамак ичип аман калдым. Андан кийинки атылган ок менин жанымдагы керебетке жолдонду, көзгө атардын огу тийбей калды. Бул жолу дагы аман калам...

Таң эрте эл аралык күчтөр мейманкананы танк менен аткылай баштады. Өзгөчө коңшулаш 521-бөлмөгө ок атылып жатты. Согушкерлер дагы ок чыгарып, ары-бери чуркап өтүп жатышты.

Танктан ок атылганда, имарат солкулдап, быркыраган сыныктар угулду. Кийин танктын огу тийген бөлмөлөр талкаланып калганын көрдүм. Бул жолу дагы аман калдым.

Мейманкананын бешинчи кабаты кол салуудан кийин
Image caption Мейманкананын бешинчи кабаты кол салуудан кийин

Эрте мененки саат алтылар чамасында согушкерлер менин бөлмөмдө туруп алып, ок чыгара баштады. Анан бөлмөгө өрт коюшту. Өздөрүнүн штаб-квартирасы кылып алган 521-бөлмөгө да өрт коюшту. Өрт тутанып кетсе, 15-20 мүнөттүн ичинде күйүп кетмекмин. Бирок сыртта турган эл аралык коопсуздук күчтөрү суу аткыч менен өрттү өчүрүп үлгүргөн.

Грек учкучу жаткан бөлмөгө коңшулаш 520
Image caption Грек учкучу жаткан бөлмөгө коңшулаш 520

Болжолу саат тогуз жарымдарда лифт тараптан атышуулардын үнү угулду. Коопсуздук күчтөрү кирип келишти деп болжодум. Бирөө мага коңшулаш 521-бөлмөдөн "Калашников" автоматы менен жооп кайтарды. Коопсуздук күчтөрүнүн 521-бөлмөгө ыргыткан гранаталары кээде мен жаткан бөлмөнүн босогосуна түшүп жарылат. Ошол кезде гранатанын чачырандысы тешип кеткен чемоданды сактап койдум. Бул менин сувенирим болуп калган.

Саат 11ден өтүп, 521-бөлмөдө бир эле согушкер калганы билинип калды. Ал адегенде автоматтан атып жаткан. Кийин тапанча менен ок чыгара баштады. Анан огу түгөнгөндө, өрт койгонго аракет кылып, бирок үлгүрбөй калган.

Талиптер мейманкананы өрттөп салууга аракет кылышкан
Image caption Талиптер мейманкананы өрттөп салууга аракет кылышкан
521-бөлмөнүн балкону
Image caption 521-бөлмөнүн балкону

Мен жаткан бөлмөгө жакын жерден кишилердин басып келе жаткан үндөрү угулду. Бирөө "полиция, полиция" деп кыйкырды. Бирок акценти ооганча болгондуктан, кооптонуп сыртка чыкпай турдум. Андан соң англисче бирөө так сүйлөгөндө гана коопсуздук күчтөрү экенин билдим.

Кыймылсыз жата берип, буту колум эпке келбей, тура албай койдум. Кийин эптеп чыгып келе жатсам, автомат кезеп, атайын бөлүктүн кызматкерлери жерге жаткырышты.

"Мен Kam Air капитанымын, атпагыла!"

Менин кебетем келишип, ким экеним таанылбай калыптыр.

Василис Василеу
Image caption Грек учкучу Василис Василеу жанын сактаган керебеттин жанында

Кантип тирүү калганымды билгенде, алар өтө таң калды. Канча саат жаттың дешти. Керебетти аңтарып карап, ишенип-ишенбей, бирөөсү сүрөткө түшүп алалы деп жатпайбы.

Ошентип мени акыркылардан болуп мейманканадан алып чыгышты. Куткарылган кишилердин баарын британдык аскер базасына алып келишти. Михаель менен ушул жерден көрүштүк. Көзгө жаш алып кучакташып, тирүү калганыбызга ишенбей турдук. Оор жоготууга учураптырбыз, бирге иштеген досторубуз, кесиптештерден айрылган экенбиз.

Василеос
Image caption Кол салуудан кийин

Кээде деңиз жээгинде отуруп, досторум каржы каатчылыгы тууралуу айтып, наалып калышат.

"Уккулачы, силер тирүүсүңөр, ден соолугуңар жайында. Деңиздин жээгинде отурабыз, эркинбиз, жакшы досторубуз бар. Кишиге мындан артык эмне керек?!",-деп айтам.

Жумушту эле ойлобогула, стресске алып келген түйшүктөргө малына бербегиле. Турмуштун жакшы жактарын баалап жашагыла. Кабулдагы окуядан кийин гана тирүү басып жүрүш эмне экенин түшүндүм. Ишенгиле, азыр мен өмүрдүн ар бир ирмеминен ырахат алам. (AbA)

*

Тектеш темалар