Кызамык коркунучу: Нью-Йорк округу өзгөчө кырдаал жарыялады

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кошмо штаттарында философиялык жана диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартышууда
Эмдөөдөн өтпөгөндөр арасында кызамык тез жайылып жаткандыктан, Нью-Йорк округу өзгөчө кырдаал жарыялады.
Нью-Йорк шаарынын түндүгүндө жайгашкан Рокленд округу эмдөөдөн өтпөгөндөргө отуз күн бою коомдук жайларга чыгууга тыюу салды. Бул жакта 153 адам кызамык илдетине чалдыккан.
Жергиликтүү бийликтин талабын аткарбагандарга 500 доллар айып пул жана алты айга чейин эркинен ажыратуу чаралары каралган.
"Коомдук саламаттык кризисине кабылдык. Коңгуроо кагуу убактысы келди. Балдарыбыз жана коомчулук коркунучка кептелгенде жөн отура албайбыз",-деди Рокленд округунун башчысы Эд Дэй.
Учурда Америка, Европа жана Жер Ортолук деңиз аймактарында кызамык тез жайылып жатат. АКШнын Вашингтон, Калифорния, Техас жана Иллинойс штаттарында дагы кызамыкка чалдыккандардын саны кескин өстү.
Кошмо штаттарында философиялык жана диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тартышууда. Ошондой эле көптөр вакцина айланасындагы мифтерге ишенет.
Кыргызстандын дарыгерлер дагы өлкөдө эмдөөдөн өтпөгөндөр арасында кызамык тез жайылып жатканын эскертүүдө. Республикалык жугуштуу оорулар боюнча оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, кызамыкты бир гана эмдөө аркылуу алдын алса болот.
"Былтыр январда 25 бейтап кызамыкка чалдыгып, Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында жаткан болсо, быйыл бир ай ичинде 225 адам жатты. Азыркы тапта кызамыкка чалдыккан 53 адам биздин ооруканада жатат. Алардын бешөө чоң киши, бир жашка чыга элек 26 ымыркай бар, калгандары бир жаштан өйдө балдар. Негизинен бул балдардын көбү эмделбей калган",-деди Гүлжигит Алиев.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмдөөдөн баш тарткандардын саны жогорулап, кызамык сыяктуу илдеттер тез жайылууда
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, кызамык жылына 111 миң кишинин өмүрүн алат. Уюмдун эсебинде, эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйгөндөн улам, кызамыкка чалдыккандар саны 30 пайызга жогорулаган.
"Эмдөөдөн өтпөй калган өлкөлөрдө кызамык абдан тез жайылууда",-деп белгилейт аталган уюм.
Кыргызстанда болсо кызамыкка каршы 1 жаштан 6 жашка чейинкилер бекер эмделет. Быйыл балдарды мектепке кабыл алууда алардын эмдөөдөн өткөнү же өтпөгөнү тыкыр көзөмөлдөнө турган болду. Республикалык эмдөө борборунун маалыматы боюнча, учурда өлкөдө кызамыкка каршы вакцина жетиштүү.
Ага карабастан Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө көптөр вакцинанын сапаты жана диний көз караштардан улам эмдөөдөн баш тарткан учурлары бар. Өткөн жылы Кыргызстанда жайылган кызамыктын генотиби текшерилип, ал Орусияда кеңири тараган В6 үлгүсүндөгү кызамык экени аныкталган эле. Илдет өлкөгө Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттары менен кошо келип, жайылган деген дагы божомолдор айтылган.
Вакцина тууралуу жети миф
Окумуштуулар эмдөөнүн пайдасы менен артыкчылыктары тууралуу көптөгөн далилдерди сунуштаганына карабастан, вакцинадан баш тарткандардын саны көбөйдү. Алар негизинен төмөнкү мифтерге ишенет.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмдөө аутизмге алып барат деген пикир миф экенин окумуштуулар бир нече жолу далилдешкен
1. "Эмдөө аутизмге алып барат"
Батыш өлкөлөрүндө кызамыкка каршы вакцинадан баш тарткандардын саны жыйырма жыл мурун көбөйө баштаган.
Буга британиялык дарыгер Эндрю Уэйкфилддин (Andrew Wakefield) ката тыянаганы себеп болду. 1997-жылы дарыгер The Lancet журналына макаласын жарыялап, анда кызамыкка каршы эмдөөнү аутизм менен байланыштырган эле. Бул илимий макаладан кийин бир нече изилдөөлөр жүргүзүлүп, Уэйкфилддин тыянактарын четке кагышкан. The Lancet журналы болсо окурмандарынан кечирим сураган. Британиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги изилдөөдөгү бурмаланган маалыматтары үчүн Уэйкфилддин лицензиясын жокко чыгарган.
Таанымал окумуштуулар жана белгилүү уюмдар Эндрю Уэйкфилддин теориясын жокко чыгарганы менен, азыр деле ага ишенгендер көп. Мисалы, Британияда 1996-жылы калктын 92 пайызы кызамыкка каршы вакцинадан өтсө, 2002-жылы бул көрсөткүч 84 пайызга төмөндөгөн.
Былтыр бул сан 91 пайызга жеткени менен, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ар бир өлкөдө калктын 95 пайызы кызамыкка каршы эмдөөдөн өтүшү керек деген чегине жетпей калды.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эндрю Уэйкфилд медицианлык лицензиясын да жоготкон
2. "Ымыркайдын организми вакцинаны көтөрө албайт"
Эки жашка чыкканга чейин бала 11 вакцина алышы керек. Ата-энелер эмдөө баланын иммундук системасын кыйнайт деп айтып калышат. Себеби эмдөө учурунда кандайдыр бир илдеттин вирусу же бактериясынын бир бөлүгү организмге кирет.
Бирок окумуштуулар вакцинадагы аз өлчөмдөгү вирус илдетти козгобойт деп айтышууда. Тескерисинче, вакцина организмге вирус менен күрөшүүгө көмөктөшөт. Дене вируска туруштук берип калат.
"Ымыркай төрөлө электе эле анын иммундук системасы вирустар менен күрөшүүгө даяр болот. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын организми вакцинадагы вирустарга туруштук бере алат",-деди педиатр Пол Оффит.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жашоо шарт оңолуп, гигиенага көңүл бурулгандан кийин илдеттердин жайылышына бөгөт коюлган
3. "Вакцина жок кезде деле кызамык сыяктуу илдеттер коркунуч жаратпай калган"
Социалдык-экономикалык абал оңолгондон кийин туура тамактануу, гигиена сыяктуу көйгөйлөр чечилип, вакцинанын кереги деле жок болуп калды дегендер көп.
Албетте, вакциналар чыкканга чейин тазалык, гигиенага көңүл бурулгандыктан, кызамык сыяктуу илдеттен көз жумгандардын саны кыскарган. Оорулуулардын санынын төмөндөшүнө гигиена эле себеп болгон жок, көптөр эмдөөдөн өтө баштады.
Мисалы, АКШда 1960-жылдары 5300 киши кызамыктан көз жумса, 2012-жылы 450 киши каза тапкан. 1963-жылдан тарта америкалыктар эмдөөдөн өтө баштаган.
Вакцинадан баш тарткан мамлекеттерде кызамык кеңири тараган учурлар да болгон. Мисалы, 1970-жылдары Жапония менен Швецияда эмдөө токтотулуп, кызамык сыяктуу илдеттер көбөйгөн.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Витамин вакцинаны алмаштыра албайт
4. "Эмдөөдөн өткөндөр деле ооруйт"
Вакцинага каршы болгондор дал ушул аргументти колдонушат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да вакцина илдеттен 100 пайыз коргобойт деп айтып келет. Эмдөөдөн өткөн жаш балдардын 85-95 пайызы кызамык сыяктуу илдеттерге чалдыкпайт.
Ар бир адамдын организми вакцинага ар кандай реакция жасайт. Демек, айрымдар эмдөөдөн өтсө да, кызамыкка чалдыгышы ыктымал.
Бирок статистика көрсөткөндөй, эмдөөдөн өтпөгөн адам андан да көп ооруну жуктуруп алат.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вакциналар фармацевтикалык индустриянын кирешесинин аз бөлүгүн түзөт
5. "Фармацевтикалык компаниялар өз кызыкчылыгы үчүн эмдөөдөн өтүүнү таңуулайт"
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2013-жылы дүйнөлүк вакцина соодасы 24 миллиард долларды түзгөнүн билдирди. Бул фармацевтикалык индустриянын үч гана пайызын түзөт.
Соңку жылдары вакцина соодасы өстү. Өзгөчө Кытай сыяктуу тез өнүгүп келе жаткан мамлекеттер ден-соолук тармагына көңүл бура баштаганда, вакцинага талап күчөдү. Ошондой эле учурда вакцина тармагындагы изилдөөлөр көбөйдү. Аларды Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс сыяктуу ишкерлер каржылап жатат.
Эмдөөдөн өткөн адам өзү каражат үнөмдөп жатканын да эске алыш керек. Илдетке чалдыккан адам ден-соолугу үчүн абдан көп акча коротот.
2016-жылы Жон Хопкинс университети жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө вакцинага бир доллар коротулса, ошол мамлекеттердин саламаттыкты сактоо тармагы 16 доллар үнөмдөгөн болот.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Вакциналарда уулуу заттар бар деген миф
6. "Вакциналарда кооптуу, уулуу заттар бар "
Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер вакциналарда формальдегид, сымап же алюминий сыяктуу уулуу заттар бар деген жүйөөнү карманышат. Бул заттарды көп ичип алса чынында организм ууланат.
0.5 мл вакцинада 25 микрограмм сымап бар. АКШнын азык-түлүк жана баңгизат мекемеси балыкта 85 грамм сымап болуусун коопсуз деп сыпаттайт.
Демек, эмдөөдөн өткөндөр эч кандай уулуу заттарды ичип алган жери жок.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айрым өлкөлөрдө дарыгерлер вакцина тууралуу сөз кылганы үчүн коркунучка кабылат
7. "Вакцина - Батыш өлкөлөрүнүн чагымчыл аракети"
Айрымдар вакцинаны өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди басынтуу үчүн Батыш өлкөлөрү колдонуп жатат деп айтышат. Мисалы, Нигерияда полиомиелитке каршы вакцина кыздарды тукумсуздукка алып барат жана ВИЧ илдетин жайылтат деп ишенишет. Дал ушул себептен эмдөөдөн өткөрүү үчүн келген дарыгерлер сабалып, ар түрдүү коркутуу, кемсинтүүгө кабылышат.
Ооганстан менен Пакистанда дагы ушундай миф кеңири тараган. Бул өлкөдө полиомиелит эпидемия деңгээлинде.
Мындай мифтерге АКШнын чалгын агенттигинин аракеттери да жем таштады. 2011-жылы март айында Американын Борбордук чалгындоо кызматы (CIA) гепатитке каршы вакцина деп жалган өнөктүк өткөрүп, "Ал-Каиданын" лидери Усама Бин Ладендин ДНКсын аныктоого аракеттенишкен.
Чалгын агенттигинин жалган өнөктүгү билинип калып, жалпы эмдөөгө каршылык күчөгөн.
Ата-энелерге кеңеш
Республикалык эмдөө борбору кызамыктын алдын алуу боюнча төмөндөгүдөй кеңештери менен бөлүштү:
- Кызамык аба аркылуу жугат, андыктан оорулуулар менен жакын алакага барбоо;
- Дене табы ашыкча көтөрүлсө (39-40°C) бейтапканага барбай, үйгө дарыгер чакыруу;
- Дене табы ысыганда баланы же чоң кишини ороп-чулгабай салкын кармоо керек;
- Баланын ичи өтүп, кусуп жана денелерине бүртүкчөлөр чыга баштаса ал -кызамыктын белгиси;
- Кызамык сасык тумоо катары башталат, андыктан гриппке чалдыккандар 21 күн дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек;
- Оорунун алдын алуу жана айыктыруу үчүн А витаминин берүү;
- Дарыгер жазган антибиотиктерди гана алуу;
- Оорулуу киши бар үй-бүлө мүчөлөрүн тезинен эмдетүү зарыл.