Советтик аскерлер чыгарылган 30 жылдан кийинки Ооганстан

Соңку 40 жылдын ичинде каардуу согуш - оогандардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Карапайым оогандар ок атылбай, балдарынын өмүрү үчүн коркпой, бейпил жашоону кыялданышат.

Ооганстандан советтик аскерлерди чыгарып кетүү өнөктүгү 1988-жылдын 15-майында башталып, 1989-жылдын 15-февралында бүткөн. Сүрөттүн автордук укугу DOUGLAS E. CURRAN/AFP/Getty Images
Image caption Ооганстандан советтик аскерлерди чыгарып кетүү өнөктүгү 1988-жылдын 15-майында башталып, 1989-жылдын 15-февралында бүткөн

Жанкечти чабуулу, жүрөктүн үшүн алган ок атышуулар, наркотрафик, талкаланган инфраструктуранын алдында өткөн өмүр кандай болот?

Би-Би-Си Ооганстан атуулдарына кайрылып, мурдагы СССРдин аскердик операциясы маалындагы жана азыркы АКШ менен НАТОнун аскерлери жайгашкан абалдагы жашоо-турмушу тууралуу сурады.

"Орусияга азыр сактык менен карашат"

Хабибула, мурдагы мектеп мугалими:

Советтик аскерлер Ооганстанга кирип келген жылы 20 жашта элем. Алардын келиши биздин өлкөнүн тарыхындагы кандайдыр бир коркунучтун башталышы сыяктуу санаа тартканым эсимде. Чынында эле ошондой болду. Азырга чейин уланып келе жаткан согуштун башталышы болуп калбадыбы. Өлкөгө советтик аскерлер кирген маалда бул жерде жаңы имараттар курула баштады. Мына, экинчи жана үчүнү кичи райондор. Ооган армиясын жакшы куралдандырып жана машыктырышты. Советтик аскерлерге оогандар дагы жакшы мамиле кылышкан. Ооганстандан советтик аскерлер чыгарылып кеткенден кийин, ушуну менен согуш бүттү деп ойлодук. Элдин баары эми тынч жашоо болот деп үмүттөнүп жаткан. Тилекке каршы, тескерисинен аласалып кетти. Можахеддер Кабулга бастырып кирип, жаңы согуштун оту тутанды. Алар талап-тоноп, кишилерди атып салганга чейин барышты. Менин көз алдымда көчөдө кишилерди атып салышкан. Бул үрөй учурган көрүнүш эле. Ооган эли азаптуу, катаал жылдарды жашады. "Талибан" бийликти басып алгандан кийин, кыздардын окуу жайлары жабылып, кишилердин укуктары чектелди. Жумушсуздук жана жакырчылык өкүм сүрдү. Азыр жашоо мурдагыдан жакшы. Жумушсуздук дале чоң көйгөй. Курсагы тойбой жүргөн кишилер көп. Бирок талиптер жана можахеддер бийлик жүргүзгөн учурга караганда, азыркы жашообуз алда канча жакшы.

Ооганстандан советтик аскерлерди чыгару учуру, 1989-жылдын 15-февралы Сүрөттүн автордук укугу VITALY ARMAND/AFP/Getty Image
Image caption Ооганстандан советтик аскерлерди чыгару учуру, 1989-жылдын 15-февралы

Киийн Ооганстанга НАТО башында турган аскер күчтөрү келгенде [Эл аралык коалиция (ISAF) 2001-жылы киргизилген], эл согуш эми биротоло токтойт деп үмүттөнгөн. Америкалыктардын келиши менен жашоо жакшырды. Анан америкалыктар аскер күчтөрүн чыгара баштаганда, кайра жашоо-турмушта оорчулук сезиле баштады. Жумушсуздук кеңири кулач жайып, жашоо деңгээл дагы төмөндөп кетти. Бирок баары бир талиптердин учурунан жакшы.

Кабулдун көрүнүшү такыр өзгөргөн эле. Жаңы имараттар, фабрика, заводдор курулуп, кишилер жумушка бара баштады. Тынчтык болсо, жумуш дагы болот. Тынчтык болбосо, кайдагы жумуш. Чынын айтканда, америкалыктардын чыгып кетишине эл кабатыр болуп турат. Дагы согуш башталабы деген кыжалатчылык бар.

Афганистан

Мындан чыгуунун мыкты жолу - тараптар ок атууну токтотуп, андан кийин шайлоо өтүшү керек. Анан элдин колундагы куралдарды алып салса. Азыр Ооганстанда үй сайын тапанча же "Калашников" бар. Албетте, куралды мыйзамсыз сатышат. Курал базарын эч ким көзөмөлдөбөйт. Негизинен мурдакы можахеддер курал менен соода кылышат. Кишилер куралды өзүн коргоо үчүн сатып алышат. Кылмыштуулуктун деңгээли өтө жогору. Оогандардын көбү Орусияга ишенбей, сактык менен карайт. Анткени Орусия Ооганстандын ички ишине кийгилишип баштайт деп ойлошот.

"Советтик армия өзүнүн артынан талкаланган тагдырларды жана жанчылган жандүйнөнү калтырып кетти"

Таджвар Какар Сүрөттүн автордук укугу kelseys.net
Image caption Таджвар Какар, 1980-жылдардын башталышында жана азыркы учурда

Таджвар Какар, укук коргоочу:

СССР Ооганстанга бастырып киргенде, мектепте мугалим болуп иштейт элем. Советтик аскерлер кире электен мурун эле бийликке жергиликтүү коммунисттер келишкен. Мени дагы коммунисттик партиянын катарына өтүүгө мажбурлашкан. Бирок андан баш тартып туруп алдым. 1980-жылы мени можахеддерге көмөк көрсөткөн деген жалаа менен камакка алышты. Абакта мени токко тарттырып, бутума союл менен чаап кыйнашкан. Мени менен бир камерада олтургандардын көбү каза табышты. Бул ырайымсыздыкты эч качан унутпайм.

1979-жылы декабрда советтик армия ошол кездеги Ооганстандын премьер-министр Аминдин ак сарайына чабуул жасап, атайын операция өткөргөн. Анын жүрүшүндө Хафизулла Амин өлтүрүлөт. Бул сүрөт 2001-жылы тартылган: Ак сарайдын көрүнүшү Сүрөттүн автордук укугу ALEXANDER NEMENOV/AFP/Getty Images
Image caption 1979-жылы декабрда советтик армия ошол кездеги Ооганстандын премьер-министр Аминдин ак сарайына чабуул жасап, атайын операция өткөргөн. Анын жүрүшүндө Хафизулла Амин өлтүрүлөт. Бул сүрөт 2001-жылы тартылган: Ак сарайдын көрүнүшү

Абактан бир жылдан кийин бошоп чыктым. Абакта жаткан учурда менде оккупацияга каршы күрөшүү керек деген ой бышты. Өкмөттүк күчтөр жана советтик армиянын артынан эмне калды? Көп миналарды, талкаланган тагдырларды жана жанчылган жандүйнөнү, Кабулдун сыртындагы кыйраган айыл-кыштактарды калтырды. Көп кишилер жабыр тартты, өзгөчө аялдар. 1984-жылы жолдошум жана жети балам менен Ооганстандан Пакистанга качып өтүүгө аргасыз болдук. Кичүү уулумдун төрөлгөнүнө болгону сегиз күн болгон эле.

Советтик аскерлер чыгып кеткенине абдан кубандым. Үйгө эртерээк кайтып келүүнү кааладым. Бирок можахеддер өтө эле өзүмчүлдүгүн көрсөтүп баштады. Дал ушул можахеддердин учурунда ооган аялдарга баарынан оор болду.

Советтик аскер кызматкери ооган балдар менен Сүрөттүн автордук укугу Patrick ROBERT/Sygma via Getty Images
Image caption Советтик аскер кызматкери ооган балдар менен

Ооганстанга 2000-жылы кайтып келдим. Көп өтпөй биздин жергебизге америкалык аскер күчтөрү жайгашты. "Талибандын" жогорку даражалуу лидерлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, мен мектеп ачуу зарыл экенин түшүндүрө алдым. Кийин ошол мектепте иштеп жүрдүм. Америкалыктар ал мектепти адашып бомбалап салышкан. Ошол учурга чейин иштедим.

Согуш - бул азап-тозок. Америкалыктардын талиптер, жергиликтүү бийлик менен ар дайым диолог түзүп жатканы абдан маанилүү деп эсептейм. Советтик оккупация учурундагыдай эмес, азыр бизде көз карандысыз ММКлар, сөз эркиндиги бар. Бул тынч жана бейпил жашоого болгон маанилүү кадам. Биз кудайга ишенебиз, биз биримдикте болуп, өкмөт болсо өзүнүн катасын, башаламандыкты жоюшу керек. Азыркы бийлик өлкөнү көзөмөлүнө алат деп ишенем. Ооган эли келечеги тууралуу өзү ойлонуп, өзү чечим кабыл алууга милдеттүү.

"Коштошуп жатканда советтик жоокерге гүл бергемин"

Мохаммед Тахир Яргал, полиция офицери:

Биздин өлкөгө советтик аскерлер кирип келген күн так эсимде. Албетте, үрөйүм учкан. Биорок алар чыгып кетип бараткан учурда, артка кылчайып, СССР эмнени калтырып кетти деп ойлоносуң. Ооганстандын күжүрмөн, кесипкөй армиясы пайда болду. Бизде курал-жарак менен камсыздоонун абалы өзгөргөн. Айталы, "Калашниковдон" тартып "Скаддарга" (советтик баллистикалык ракета Р-17) чейин беришкен. Биздин аскерлер акыры курал, ок-дарыларга жетишти го деп түшүнгөнбүз. Машыккан, өлкөнү коргоого жарамдуу, кубаты жагынан чөлкөмдөгү үчүнчү армия болгон эле. Советтик аскерлер өлкөдөн чыгып баратканда көчөлөрдө демонстрациялар болду. Ооба, мага советтердин бастырып киргени жаккан эмес. Бирок алардын Ооганстан үчүн үлгүрүп жасаган иштерин баалап, ал тургай коштошуп жатканда бир советтик жоокерге гүл да бердим.

Мекенине жөнөп жаткан советтик жоокерлер сүрөткө түшүп жатат. Кабул, 1988-жылдын 16-майы Сүрөттүн автордук укугу BERTRAND DE SAISSET/AFP/Getty Images
Image caption Мекенине жөнөп жаткан советтик жоокерлер сүрөткө түшүп жатат. Кабул, 1988-жылдын 16-майы

СССР Ооганстанга оңбогондой каражат дагы короткон. Азыркы биздин инфраструктуранын көбү ошолордон калды. Имараттар, дамбалар жана башка курулуштар. АКШ менен салыштырсак, анын Гильменд провинциясында бир гана айыл чарба долбоору иштейт. Бирок мунун баары жөнөкөй жана бир жактуу эмес. СССР аскерин киргизгенден киийн чоң маселе жаралды. Алар эч кандай шарт койбой жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй эле чыгып кетти. Ооган бийлиги буга даяр эмес эле. Жыйынтыгында, оппозиция бат эле күчтөнүп алды да, советтик бийликти жактаган өкмөттү сүрүп салды. Советтер өздөрүнөн кийин инфраструктураны калтырып кетти. Бирок жергиликтүүлөрдөн өзүнүн ордун алмаштыра турган күчтү калтырбаптыр. Америкалыктар мына ушундан качууга аракет кылууда. Алар аскер күчтөрүн өздөрүнүн шарттарын коюп туруп, анан чыгарып кетүүдө.

НАТО болсо, оогандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, качан гана стабилдүүлүк жана тынчтык орногондо гана биротоло чыгып кетүүгө аракеттенүүдө. Мындай стратегия тынчтык орнойт деген үмүттү жаратты.

"Кудай өмүрдү бирөөнү өлтүрүү үчүн бербегенин акыры кишилер түшүнөөр"

Вали Олах Бадлун Ооганстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат кылып жүргөн учуру (1980-жылар) жана азыр
Image caption Вали Олах Бадлун Ооганстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат кылып жүргөн учуру (1980-жылар) жана азыр

Вали Олах Бадлун, мурдагы аскер кызматкери:

Аскер күчтөрүн киргизүү совет бийлигинин биринчи чоң катасы, чыгарып кетүү экинчи чоң катасы деген пикирдемин. Мунун арты ооган эли үчүн чоң трагедияга айланды. Бул чечим америкалыктардын Ооганстанга киришине мүмкүндүк берип, шарт жаратты. Иш жүзүндө Советтер Союзу сөзүнө турган жок. Алар ооган жетекчилерине жардам убада кылышкан. Бирок алар качып кетишти. Ошол кезде ооган армиясы чабуулду майтарууга жарамдуу болчу. Совет бийлиги болсо такыр көмөк көрсөтпөй таштап салган. Согуш азырга чейин уланууда. Кишилер мерт болуп, өлкө урап жатат. Советтер тогуз жыл туруштук берди. Америкалыктар НАТОнун жардамы менен 18 жыл. Эми алар дагы качып кетүүгө ниеттенип турушат. Советтик аскерлер чыгып кеткенден кийинки башаламандыктар кайрадан кайталанабы тынчсыздануу бар.

Карапайым кишилер советтик аскерлер маданияты жана салт-санаасы боюнча бизге жакын эле деп сөз кылышат. Аларды агрессор атаганы менен бири-бирибизди түшүнөт элек.

Советтик жоокерлер Кабулдун көчөсүндө күзөттө, 1989-жыл Сүрөттүн автордук укугу Robert Nickelsberg/Liaison
Image caption Советтик жоокерлер Кабулдун көчөсүндө күзөттө, 1989-жыл

Бир жолу Советтер Союзунда согушта бир бутунан ажыраган майор менен жолугуп калдым.

-Менин Ооганстанга кайра баруу кыялым бар,-деп жатпайбы.

-Эмнеге, экинчи бутуң тоскоол кылып жатабы?,-деп тамашаладым.

-Сен мени түшүнбөй калдың. Мен Ооганстанга автомат, танка менен эмес, турист катары баргым келет. Тынч жашап жаткан Ооганстанда болгум келет. Анткени эли аябай меймандос эмеспи,-деп жылмайды.

Америкалыктар ачылып сүйлөшө бербейт. Алар абдан кооптонушат. Кантсе да согуш деген согуш да. 40 жылдык согуш өлкөбүздү дээрлик кыйратты. Оңдоп, түздөп алууга дагы мүмкүндүк бербейт. Анткени кишилер кээси коргонууга, кээси согушууга аргасыз. Ошону менен эле алар өз өлкөсүн талкалоого дагы кол кабыш кылышууда. Мыйзам аткарылбайт, баарында курал бар. Наркобизнес гүлдөп жатат. Мунун баары согуштун кесепети.

Кабулдун көчөсү, 2019-жылдын февралы
Image caption Кабулдун көчөсү, 2019-жылдын февралы

Америкалыктардан деле акчалай жардам келип жатат. Бир жагынан мектеп, оорукана курулуп жатса, экични жагынан талкаланууда.

"Советтик жоокерлер бизге момпосуй таратчу"

Date created: 01 February, 1989 Afghan Army Post on Road to Kandahar Сүрөттүн автордук укугу Shepard Sherbell/Corbis via Getty Images

Валиджон, муниципалдык кызматкер:

Ооганстанга советтик аскерлер кирген учурда кичинекей бала элек. Алар бизге момпосуйларды таратканы эсимде калыптыр. Албетте, ошол кезде алардын баскынчыбы же ким экенин биз кайдан аңдамак элек. Бирок алар бүтүндөй кичи райондорду куруп, борбордук жылытуу, канализация, техникаларды беришкен. 90-жылдары миграцияга чыгып кетип, 2007-жылы Кабулга кайтып келдим. Башка эле планетага түшүп калгандай сезим болду. Биз бала кезде Кабулда кишилердин көбү абдан сабаттуу эле. Мектепте кыздар менен бир партада олтуруп окуганбыз. Буга эч кимге тоскоол болгон эмес. Кайтып келгенимде шаарда жолдор бузулуп, инфраструктура кыйрап, жылуулук, электр жарыгы жок жерлерди көрдүм. Кишилер дагы такыр башкача болуп калыптыр. Ооба, алардын акчасы көбөйүптүр. Бирок тартип, маданият жоголуптур. Бири-бирине ишеним кетип, баары акчага байланып калыптыр.

Ооган элине мүнөздүү бир сапат бар - максимализм. Эгерде гуммандуу болгусу келсе, өтө эле чегине ашып гумандуу. Эгерде капиталист болсо, акыркы чегине чейин. Америкалыктар дагы көп иш жасады. Советтик аскерлер өлкөгө кирген маалда сөз эркиндиги болгон эмес. Көп нерсени ачык айтууга тыюу салышкан. Изоляцияда жашап калышкан, азык-түлүк келбей калган. Азыр сөз эркиндиги бар, бирок башында айтып өткөндөй, ал дагы чегине чейин жеткен. (AbA)

*

Тектеш темалар