Кытай императорунун 121 аялы жана математика

Убакыт өлчөмүнөн тартып, деңиз навигациясына чейин математика байыркы цивилизациянын өзөгү болгон.

Батыш цивилизациясында математиканын тарыхы Байыркы Мысыр, Месопотамия жана Байыркы Грециядан башталат. Бирок бул цивилизациялар кыйрагандан кийин математиканын өнүгүшү Батышта бир нече кылымга токтоп калды.

Запретный город в Пекине Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бул доорлордо математика Чыгыш өлкөлөрүндө бийиктиктерге жетти.

Байыркы Кытайда математика Улуу Кытай дубалынын долборлоо жана тургузуунун негизги ачкычы болгон. Сепилдин узундугу дээрлик 9000 чакырымга созулуп, империяны душмандардан коргоо үчүн тургузулган.

Император сарайы сандар жана эсептер менен тескелчү.

Математика жана пландоо

Императордун пландары жана чечимдери календарга карап, планеталардын кыймылына сереп салуу менен ишке ашырылган.

Байыркы Кытайда императорлордун гареми болгон. Бул аксарайдын түшүнүгүндө башкаруучунун көп сандагы урпактарын калтыруу, негизгиси татыктуу мураскер төрөлсүн деген мүдөө эле. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Байыркы Кытайда императорлордун гареми болгон. Бул аксарайдын түшүнүгүндө башкаруучунун көп сандагы урпактарын калтыруу, негизгиси татыктуу мураскер төрөлсүн деген мүдөө эле

Математикалык моделдер жана идеялар кээ бир учурда императордун күндүзгү жана түнкү убактыларын пландоого дагы таасирин тийгизген экен.

Маселен, императордун кеңешчилери гаремдеги аялдарды көңүл сыртында калтырбаш үчүн кайсыл бир убакыт аралагында баарынын "көңүлүн алууга" башкаруучу кантип жетишерин эсептешкен.

Императордун түнкү убактысы формулаларга негизделген. Уламыштарга караганда, 15 түндүн ичинде император гареминдеги 121 аялы, биринчи кезекте канайым, андан кийинки үч улуу жубайы, дагы башка тогуз аялы, 27 ойнош аялы жана 81 күң аялдар менен болушу керек эле.

Императордун аялдары менен өткөргөн түнкү убактысы мындайча бөлүнгөн: алды менен улуу аялдарына белгилүү бир убактысын арнаса, барган сайын ошол эле убактысына аялдар саны үч эсе көбөйүп кете берген.

Биринчи түнү канайым менен өткөн. Кийинки түнүн үч улуу аялы менен өткөрүшү керек. Андан кийин үч түнүн башка тогуз аялына арнаган.

Кийинки үч түн 27 ойношуна арналып, ар бир түнү тогуздан аялды императорго киргизип турушкан. Ошентип улана берген, ар бир түн тогуздан күң аял менен өтүп турган.

Мындай "график" императордун жогорку даражалуу аялдары менен ай толгон маалда бирге болушуна кепилдик берген. Бул маалда аялдардын күчү - "инь" гүлдөп турат дагы эркектин кубаты - "янга" жуурулушат деп эсептешкен.

Мындай графикти түзгөн кеңешчилер биринчи кезекте императордун артындагы татыктуу, мыкты мураскердин жаралышына камылга көрүшкөн.

памятник желтому императору Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Уламыштарга караганда, б.з.ч. 2800-жылы Кытайды легендарлуу Хуан-ди башкарып турган доордо математика кудай тарабынан берилген

Бирок математикалар идеялар жана формулалар бир эле аксарайдын жашоосун тескеген десек туура болбой калат. Математика - мамлекеттик иштерди жүргүзгөн негизги кыймылдаткыч болгон.

Математика менен алектенүү

Кытайлар үчүн сандардын мааниси чоң

Байыркы Кытай - өнүккөн империя, чоң аянтты ээлеген, өзүнүн бекем эрежелерине таянган, салык системасы өнүккөн, акча бирдигинин системасы жолго коюлган мамлекет эле.

Кытайда колдонулган ондук сан системасы Батышка миң жылдан кийин жеткен.

китай чоту Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Уламыштарга караганда, б.з.ч. 2800-жылы Кытайды легендарлуу Хуан-ди башкарып турган доордо математика кудай тарабынан берилген. Кытайлар ошол доордо сандардын кандайдыр бир космикалык касиети бар деп ишенишкен. Сандардын магиялык касиетине кытайлар азыр деле ишенишет.

Так сандар эркектердики, жуп сандар аялдардыкы деп эсептелет. Кытайда "төрт" санынан мүмкүн болушунча качышат, ошол эле учурда "сегиз" санын бактылуу деп эсептешет. (AbA)

Макаланын автору Маркус Дю Сотой, Оксфорд университетинин математика боюнча профессору. Би-Би-Си "Математиканын тарыхы" программасынын алып баруучусу. Макала ушул программанын "Чыгыштын гени" түрмөгүнүн негизинде жазылды.

Тектеш темалар