Ак илбирсти коргогон алтайлык аңчылар

"Мурда аңчылык кылчубуз [ак илбирске]. Биздин Жаз-Төрдө жумуш жок. Үйлөнүп-жайлангандан кийин муктаждык көбөйөт. Анан аңчылыкка чыгат элек",-деп кеп салат алтайлык Мерген.

Ак илбирске байкоо салуунун эң натыйжалуу жолу - видео жана сүрөт капкандар Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП "Сайлюгемский"
Image caption Ак илбирске байкоо салуунун эң натыйжалуу жолу - видео жана сүрөт капкандар

Мерген Марков мурда ак илбирске аңчылыкка чыккандардын бири. Азыр эми анын коргоочусуна айланды. Ал Би-Би-Синин журналисттерин тоодогу жалгыз аяк жол менен баштап баратты. Монголия, Кытай жана Казакстан менен чек арадагы ак илбирстер байырлаган аймакты көрсөтмөк.

Мурдакы бир нече браконьер азыр Орусия WWF долбооруна мүчө болушкан. Көзгө көп уруна бербеген жырткыч жаныбарга байкоо салууга көмөк көрсөтүшөт.

Мергендин ата-бабалары кылымдар бою Алтай тоолорундагы Аргут өрөөнүндө аңчылык менен жан багып келиптир. Бул аймак Орусиядагы ак илбирстердин мекени саналат.

Ак илбирс тукум курут болуп бараткан жаныбарлардын бири. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча аны атууга тыюу салынган. Окумуштуулардын эсебинде жапайы жаратылышта төрт миңдей ак илбирс калган. Болжолу анын сексендейи Орусия аймагында.

Мерген Марков Тоолуу Алтайдагы биринчи ак илбирстин коргоочусу
Image caption Мерген Марков Тоолуу Алтайдагы биринчи ак илбирстин коргоочусу

Мергендин атасы көбүнчө карышкырга аң уулачу экен. Совет мезгилинде колхоздор үч карышкырдын терисине бир торпок берген. Советтер союзу урагандан кийин карышкыр териси бааланбай калды. Анын ордуна көмүскө базарларда ак илбирстин терисине талап күчөгөн.

Ак илбирс Борбор Азиянын, Тыва, Алтай, Бурятиянын жана Красноярск аймагынын түштүк тарабын мекендейт. Өткөн кылымдын 80-жылдарында Орусия аймагында ак илбирстер саны кескин кыскарган. Буга мыйзамсыз аңчылык себеп болду.

"Анын терисин негизинен Кытайга жөнөтүшкөн. Бул жерде болсо колунда бар кишилер сатып алып, үйүнүн дубалына же жерге төшөп коюшчу",- дейт "Сайлуукем" улуттук паркынын илимий кызматкери Алексей Кужлеков.

Ак илбирстин органдары чыгыш медицинасында колдонулат. Бирок браконьерлер аны баалуу териси үчүн эле атышкан.

2000-жылдардан тарта экологдор кооптуу коңгуроо кага баштады. 2010-жылы Кош-Агач районунда өзгөчө коргоого алынган улуттук парк түзүштү. Ушундан кийин мыйзамсыз аңчылык кылгандардын тизгини тартыла түштү.

Бирок бул паркка жакын Аргут жана Жаз-Төр айылдарынын тургундары аңчылыкты уланта беришкен. Жумуш жок болгондуктан, бул аргасыз чара эле. Ушундан кийин экологдор башкача мамиле керек экенин түшүндү.

Браконьерлер ак илбирсти баалуу териси үчүн эле атышкан Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский», Игорь Иваницкий
Image caption Браконьерлер ак илбирсти баалуу териси үчүн эле атышкан

2012-жылы Мергенди сүрөт капкандар менен иштөө үчүн жумушка алышкан. Ал биринчи барганда эле ак илбирсти сүрөткө тартып келген.

"Алар ак илбирстин кайсыл жерде жүргөнүн, баскан жолдорун, бүт баарын билишчү,-деп эскерет Алексей Кужлеков. - Ошондуктан алар үчүн фото капкандар менен иштөө жеңил эле болду. Анан калса түрткү болсун деп, сыйлык дагы убадаланган".

Крюк менен Витанын трагедиясы

2012-жылы Крюк ысымдуу ак илбирс экологдор тарабынан биринчилерден болуп сүрөт капканга түшкөн. Ушул эле жылы Крюк Вита ысымдуу ак илбирске кошулган.

Крюк (солдо) оң капталындагы таргыл-ала тактарына байланыштуу ушундай ысым алган экен. Ургаачы ак илбирс Вита (оңдо). Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский»
Image caption Крюк (солдо) оң капталындагы таргыл-ала тактарына байланыштуу ушундай ысым алган экен. Ургаачы ак илбирс Вита (оңдо)

Мерген 2013-жылы декабрда Витанын ойноп жүргөн эки мыймыйын сүрөт капканга тартып алган.

Мерген 2013-жылы декабрда Витанын ойноп жүргөн эки мыймыйын сүрөт капканга тартып алган Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский»
Image caption Мерген 2013-жылы декабрда Витанын ойноп жүргөн эки мыймыйын сүрөт капканга тартып алган

Кийин Вита менен Крюктун мыймыйы ушул эле аймакта браконьерлер койгон тузакка илинип калып өлгөн.

"Алар экөө болчу. Камеранын алдында ойноп жатышты. Жерде жатканын Аргут деп, үстүндөгүсүн Батыр деп атаган элем. Ушундан кийин алардын дайыны билинбей калды",-деп эскерет Мерген.

Кийин Алексей Кужлеков жергиликтүүлөрдөн сураштырып жүрүп, Вита балдары менен браконьерлер койгон капканга түшүп, өлгөнүн билген. Окуя сүрөт тартылган жерден алыс эмес аралыкта болуптур.

Крюк ошондон бери Мергендин камерасына тынымсыз тартылып калат.

Ак илбирске аңчылык кылгандар коргоочуга айланганда

Ак илбирстерди сүрөт капканга түшүрүү үчүн Мергенди жумушка алышканы өз натыйжасын берген. 2015-жылы Орусия WWF жана анын өнөктөштөрү бир нече аңчыны бул жумушка тартты.

Сүрөт капкан бир күн ичинде аюуну үч мамалагы менен тартып алыптыр Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский»
Image caption Сүрөт капкан бир күн ичинде аюуну үч мамалагы менен тартып алыптыр

Алар ак илбирсти коргошот, ошол эле учурда сүрөт, видеого тартып алган үчүн акчалай сыйлык алышат. Азыр бул долбоордо мурда ак илбирске аңчылык кылып жүргөн алты киши бар. Эгерде булардын мыйзамсыз аңчылык кылганы билинип калса, чоң айып пулга жыгылып, долбоордон четтетилет.

Кышында тоолордогу абанын температурасы - 50 градуска чейин түшөт. Фото капкандарды текшерип, жаңыларын коюш үчүн күз жана кыш айларында көп убактылары тоодо өтөт.

Мерген Түндүк Чүй тоо кыркаларындагы аскалуу чокуларга бат эле чыгып кетти. Ал журналисттерди бир жарым сааттай күтүп олтурду. Бул жерге бир ай мурун сүрөт капкан коюлган экен. Ошону текшерип көрмөкпүз. Сүрөт капкан бир күн ичинде аюуну үч мамалагы менен тартып алыптыр.

Сүрөт аңчылык ийгиликтүү болду. Мергендин камерасына Юнур ысымдуу ак илбирс түшүп калыптыр. Изилдөөчүлөр бул ак илбирстин артынан 2016-жылдан бери байкоо салып жатышкан экен.

Мергендин камерасына Юнур ысымдуу ак илбирс түшүп калыптыр Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский»
Image caption Мергендин камерасына Юнур ысымдуу ак илбирс түшүп калыптыр

Өлүм тузагы

Көп учурда ак илбирстер башка жаныбарлар үчүн коюлган капкан, тузактарга түшүп калышат. Браконьерлер мындай капкандарды бадалдуу жерлерге коюшат.

Бир эле браконьер жылына 500дөй тузак, капкандарды коюп кетет. Мерген аларды көргөн жерден жок кылат. Бирок ал мунун негизи жумушу эмес.

Экологдор таап алган тузак, капкандар Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский»
Image caption Экологдор таап алган тузак, капкандар

"Эгерде мага мындай жумуш табылбаганда, кетет элем. Түндүк тарапка жумуш издеп кетмекмин да. Менин агам, эжем, баары кетишкен. Ата-энемди караган эч ким жок. Ошондуктан мен алар менен биргемин",-дейт Мерген.

Мерген жана башка аңчылар ак илбирстин өтө баалуу сүрөттөрүн тартышты. Мына ушуга негиздеп экологдор ак илбирстер тууралуу маалыматтык ситеманы түзүшкөн.

Капкан жашырылган жерде жүргөн ак илбирстер Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский»
Image caption Капкан жашырылган жерде жүргөн ак илбирстер

Ак илбирс өтө жашырынып жүргөндүктөн, изилдөөчүлөрдүн көбү аны жапайы жаратылышта жанынан көргөн эмес. Жогорудагы долбоордун негизги максаты - Алтай тоолорундагы ак илбирстерге болгон жергиликтүү элдин мамилесин өзгөртүү.

Мерген ак илбирстерди дүйнөдөгү эң көркөмдүү жаныбар деп эсептейт.

Ак илбирстер сүрөт капкандарга кызыгып көрүшкөндүктөн көп учурда ушундай мыкты "селфи" тартылып калат Сүрөттүн автордук укугу ФГБУ НП «Сайлюгемский»
Image caption Ак илбирстер сүрөт капкандарга кызыгып көрүшкөндүктөн көп учурда ушундай мыкты "селфи" тартылып калат

Жаныбарларды коргоо боюнча алгылыктуу аракеттерден улам Алтай тоолорунда ак илбирстин тукуму көбөйгөнү байкалган.

"Эгерде долбоор иштебеген болсо, анда ак илбирстер тукум курут болмок",-дейт Мерген. (AbA)

*