"Апа, менин сүрөтүмдү соцтармакка жарыялабачы!"

Сиз кандай мамиледе болгон күндө дагы, ата-энеңиз деле сиз сыяктуу коомдук сайттарды өздөштүрүп алды. Эми андан ажырагысы келбейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Шарентинг" - жаңы термин, коомдук сайттарга балдарынын сүрөттөрүн көп чыгаруу

Албетте, бул жаман эмес, алар менен баарлашууга дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анан калса алардын кантип селфи кылып, эмодзилерди кантип колдонуп жатканын байкап туруу кызыктуу эмеспи.

Бирок сиздин сүрөтүңүздү уруксаты жок эле жүктөп салган болсочу? Кантип аларды өчүрүп салганга көндүрө аласыз.

"Шерентинг" - жаңы термин, балдарынын сүрөттөрүн көп чыгарган ата-энелерге мүнөздүү. Өткөн аптада бул тренд америкалык актриса Гвинет Пэлтроу кызы менен түшкөн селфи сүрөтүн жарыялагандан кийин кайрадан активдүү талкуулана баштады.

Сүрөт 150 миң "жактыруу" белгисин жыйнады. Бирок актрисанын кызы Эппл Мартинди бул кубандырган жок.

Ал өзүнүн "Инстаграмдагы" жабык баракчасы аркылуу: "Апа, биз муну талкуулабадык беле. Сиз менин уруксатымсыз чыгара албайсыз",-деп жазды.

Пэлтроу болсо кызына: "Бул жерде сенин жүзүң көрүнбөй эле турбайбы",-деп жооп берген.

Көпчүлүк күйөрмандары эне катары кызынын сүрөтүн чыгарууга толук укуктуу деп, актрисанын таламын талашты. Бирок балдардын жеке жашоосу, укугу кайда калат дегендер да болду.

"Шерентинг" эмне үчүн көптөрдү кабатыр кылат?

Кырдаалдын кызык жагдайы, коомдук сайттардын талабы боюнча 13 жашка чыкканга чейин жеке аккаунт ачканга уруксат жок. Бул балдар жеке барагын ачканга чейин эмне болгону тууралуу эч нерсе билбейт дегендик. Качан гана коомдук сайтка катталып киргенде, ата-энелери жарыялаган сүрөттөрүн көрөт.

19 жаштагы испандык программист Конрад Итурбе ата-энеси сүрөттөрүн коомдук сайттарга чыгарып жүргөнүн 14 жашында гана билген. "Төбөмө бирөө чапкандай эле болдум",-дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу Konrad Iturbe
Image caption Конрад: "Азыр интернеттен сүрөттөрдү өчүрүп салууга мүмкүн эмес"

"Сүрөттөрүмдү коомдук сайттарга чыгарганды жактырбайм. Ал тургай "Инстаграм" баракчамда дагы сүрөтүм жок. Апамдын аккаунтунан сүрөттөрүмдү көргөндө, өчүрүп салуусун өтүндүм". Мен уруксат берген эмесмин го",-деп айтып берди Конрад Би-Би-Си менен маегинде.

Конрад муну жеке жашоосуна кийгилишүү катары көргөн экен. Өзгөчө ымыркай кезиндеги сүрөттөрүн чыгарганы жаккан эмес. Апасынын "Инстаграмдагы" баракчасы баарына ачык эле.

"Шерентинг" элдин баарын эле тынчсыздандырбайт. Лондондо жашаган 23 жаштагы Шарлотта Кристи мындайды өөн көрбөйт.

Апасы сүрөттөрүн "Фейсбукка" чыгара баштаганда 13 жашта экен.

"Сүрөттөрдү жарыялоо менимче, өөн деле көрүнүш эмес. Апам менден сөзсүз уруксат сурашы керек деп деле ойлобойм. Ал менин апам да",-деди Шарлотта.

"Шерентинг" эмнеси менен кооптуу?

Сүрөттүн автордук укугу Charlotte Christy
Image caption Шарлотта апасы уруксаты жок сүрөттөрүн чыгарганына көнүп калган

Гонконгдук 29 жаштагы Сара [ысымы өзгөртүлдү] медицина кызматкери. Жеке жашоосуна кийгилишүү аны көп кабатыр кылат.

"21 жашка чыкканымда апам "Фейсбук" баркачасына мени кошо белгилеп сүрөттөрүмдү жарыялады. Ымыркай кезимден баштап, бой жеткен куракка чейинки сүрөттөр эле. Анын баракчасы баарына ачык болчу. Ошондуктан бул мага өтө кооптуу сезилди. Наристе кезимдеги сүрөттөр баарына ачык болушун каалаган жокмун. Анткени "Гугл" аркылуу кишинин ысымын аныктап алса болорун билдим. Канчалык сүрөттөр көп болсо, өздүк маалыматтарды жыйнаган компанияларга ошончолук көп материал болот",-дейт Сара.

Эстониядагы Тарту университетинде маасалык коммуникация боюнча адис, профессор Андра Сиибак "Шерентинг" боюнча дагы изилдөө жүргүзгөн.

Изилдөө учурунда 9 жаштан 13 жашка чейинки балдар ата-энелери чыгарган жакшы сүрөттөрдү жактырышкан. Бирок маселе ошол "жакшы сүрөт" дегенге ата-энелер менен балдардын ача пикири.

"Балдар өздөрүнүн анчейин жактырбаган сүрөттөрүн көпчүлүк көрүшүн каалабайт. Маселен, чачтары үксөйүп турса же кийген кийими жакпаган болсо. Ата-энелер болсо мындан чоң деле маселе көрбөйт. Деген менен өзүн таанып келе жаткан бала үчүн бул олуттуу таасирин тийгизип, интернетте кодулоого дагы кабылышы мүмкүн",-деп болжойт профессор.

"Шерентингдин" дагы бир кооптуу жагы - "цифралык уурулук". Бейтаныш кишилер сүрөттү көчүрүп алып, көп учурда кылмыштуу максаты үчүн колдонуп коюшу мүмкүн.

Ата-энелер буга олуттуу мамиле кылышы керекпи?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Профессор Сиибак белгилегендей, көпчүлүк ата-энелер балдары үчүн жоопкерчилик алып, жарыялаган сүрөттөр баласына зыянын тийгизбейт деп ойлойт. Ошол эле учурда баласынын интернет колдонушуна катуу чектөөлөрдү киргизип, зыяндуу сайттардан коргойт. Бирок ушундай эрежени өздөрү колдонобу?

Конрад менен Саранын айтымында, алардын кабатырлануусуна ата-энелер башында жөн эле кол шилтеп салган. Интернеттеги сүрөт башкаларга жайылып кетпей тургандай кылып койсо болорун түшүнгүлөрү келген эмес.

"Башында апам жөн эле күлүп койду. Эч ким көрбөйт, достор үчүн эле деп. Профили болсо баарына ачык эле",-дейт Конрад.

Апасына баарын жакшылап түшүндүргөндөн кийин кепке келип, азыр болсо Конард менен макулдашып турат.

Сарынын тажрыйбасы башкача. Акыр соңу Сара апасына интернеттеги купуялуулук тууралуу тушүндүрө алды. Маселен, анын "Фейсбуктагы" катталган досторунун саны миңден ашуун. Көптөрүн такыр тааныбайт. Ошондуктан сүрөттү бөлүшкөндө достору көрө тургандай гана кылып, баптап салса болорун эми түшүндү.

Интернетти купуялуулукту сактагандай кылып баптап алууга кантип көндүрүү керек?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бул жөнөкөй эмес. Өзгөчө эч кандай юридикалык негиздемеси жок экенин эсепке алганда, оңой болбойт. Ошон үчүн жөн эле аларды ынандыруудан башка жол жок.

Ооба, кайсыл бир учурда ата-энелер баласына болгон сүйүүсүн көрсөтүү үчүн сүрөттөрүн дагы жарыяласа керек. Эгерде узак жерде болсо, ата-энеси жалгыз турса сагынычын билдиргиси келер. Ошондуктан толук тыюу салабаса дагы, ата-энесине балдары купуялуулукту сактап, анан жүктөөгө ынандыруусу гана керек. (AbA)