"Мен күнөлүү эмесмин": Соттун айласын кетирген эгиздер

Эгиздерге байланыштуу татаал соттук иштер тууралуу айтып беребиз.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бельгиянын Левен шаарында "денеге залал келтирүү" жана "кол көтөрүү" беренеси менен айыпталган эгиздерди сот актоого аргасыз болду.

Жыйырма сегиз жаштагы бири-биринен айрып тааныгыс эгиздер Ибрагим жана Мурат А. 2015-жылы көчөдөгү мушташ үчүн айыпталган. Алардын бири көчөдө велосипед тээп бара жатып, жыгылып кетет. Өтүп бараткандардын бири күлүп жибергенде, ызааланып, ага кол көтөргөн. Эгиздердин бири болсо аны арачалап жатат. Окуянын баары видео байкоого түшүп калган.

Бирок соттук териштирүү учурунда кимиси кол көтөрүп, кимиси арачалаганын далилдөөгө мүмкүн болбоду. Жабырлануучу дагы кимиси сабаганын көрсөтүп бере албай койгон. Жыйынтыгында сот далилдер жетишсиздигинен улам эгиздерге айып таккан жок.

"Мушташтан кийин Ибрагим менен Мурат суракка чакырылган. Бирок экөөсү тең мен ажыраткамын деп туруп алышкан",- деп кабарлайт De Standaard.

Басылманын маалыматына караганда, эгиздердин бири 2011-жылы "тоноо" беренеси менен соттолуп, шарттуу кесилген экен.

Чаташкан ДНК издери

Беш жыл мурун Франциянын соту дагы ушундай татаал ишке туш болду.

Кеп бул жерде бир нече аялды зордуктаган кылмышкер жөнүндө болуп жатат. Марселде алты аял бир эле кылмышкер тарабынан зордукталган.

Кылмышкер калтырган биологиялык издерди иликтей келгенде, дароо эки кишиге шек түштү. Алар Йоан менен Элвин Гомис эле. Бири-биринен айрып алгыс эгиздер. Экөө тең айыптарын четке кагышкан. ДНК-экспертиза дагы жардам бере алган жок. Жабырлануучулар кол салган кишини тааный албай турушту.

Эгиздер бирге жашап, кийимдери дагы ортодо, ал тургай "Фейсбук" баракчасы дагы бир экен. Сот иши башталганда полиция бул иштин арты кандай болот деп чочулаган.

Эгиздерди бири-биринен ажыратуунун ыкмасы

Айрып тааныгыс эгиздерде деле бири-биринен айрымаланган өзгөчөлүктөр болорун генетиктер жакшы билет. Алардын манерасы, сырткы келбети жана ДНКсында аз болсо дагы өзгөчөлүк болбой койбойт.

Сүрөттүн автордук укугу Posed by models, Thinkstock
Image caption Сүрөттө модел-эгиздер (алардын кылмышка эч кандай тиешеси жок)

Марселде сот уланып жаткан учурда Германиядагы Eurofins лабораториясы ДНК айырмачылыктарын аныктоо боюнча жаңы ыкманы сунуштаган.

"Адамдын геному үч миллиард "тамгадан" турат ,-деп түшүндүрдү Би-Би-Сиге долбоордун жетекчиси, генетик Георг Градль. - Эмбрион өсүп жаткан убакта жана өмүр бою ДНКнын ар бир бөлүгү көп эселеп, миллиарддап көбөйөт. Бул процесстин бузулган учурлары - майда мутациялар да болот".

ДНКдан стандарттуу анализ чыгарууда адамдын геномунун кичинекей гана участкалары изилденет. Бул адам үчүн жетиштүү. Бирок эгиздер үчүн бул жетиштүү эмес.

Ошентип эгиздердин ДНКсынан ондогон айырмачылыктар табылган. Муну аныктоо үчүн бир айдай убакыт сарпталган.

Градлдын командасы болсо АКШ баштаган бир нече өлкөлөрдөн кайрылууларды алды.

"Көрсө, зордуктоо боюнча кылмыштарда эгиздер шектелген учурлар биз күткөндөн дагы көп болуп чыкты,-дейт Градль. - Мындай кылмыштарда полицияда далил катары сперма болот. Бул учурда биз ким күнөлүү экенин так көрсөтүп бере алабыз".

Кылмыш иштеринде же жарандык соттук териштирүүлөрдө эгиздер жооп берип калган учурлар дүйнөдө ондоп саналат. Кээде аларды татуировкасынан же башка бир белгилеринен улам таанып, жоопко тартышат.

Эгиздер катышкан чуулгандуу кылмыштар

  • 1999, АКШ, Мичигандагы студент кыздын зордукталышы

Рэпид-Фоллс шаарчасында студент кыздын эсин оодара чаап, зордуктап кетишкен. Беш жыл өткөндөн кийин гана полиция шектүүнүн ДНКсын табат. Бирок шектүүнүн эгиз түгөйү бар экен.

Сурак учурунда Жером жана Тайлер Купер экөөсү тең коюлган айыптарды четке кагып туруп алышты.

"Биз аларды бир бөлмөгө жайгаштырып, бирөөсү оозунан жаңылса илинчек табалы дегенбиз. Кайдан, ойду-тоону сүйлөп олтуруп алышты",-дейт полициянын офицери Жеффри Хертел.

Үч жолу айып тагылып, акыркы жолу сот бул ишке 2018-жылы кайра кайрылды. Толук ДНК экспертизасы кымбат болгон үчүн кылмыш иши ачылбаган бойдон турат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Берлиндеги зер буюмдарды саткан КаDeWe (Kaufhaus des Westens) дүкөнү
  • 2009, Германия. Зергер буюмдарды саткан дүкөндөн уурдалган 6 млн евро

25-январдын таң алдында бет кап кийген үч адам Берлиндеги зер буюмдарды саткан КаDeWe (Kaufhaus des Westens) дүкөнүн карактап кетишкен. Уурдалган буюмдардын баасы жалпы 6 млн еврого бааланган. Кылмыш болгон жерден кол кап табылган. Бармак издери аркылуу полиция шектүүнү тапты. Бирок ал эгиздин түйгөйү эле. Полиция экөөнү тең - Хассан менен Аббасты камакка алды.

Бирок эксперттер кимисинин кылмышка катыштыгы болгонун аныктай албай коюшкан. Демек, аларга айып тага алышкан эмес.

Ал эми марселдик кылмышкерди кантип аныкташты?

Сүрөттүн автордук укугу ANNE-CHRISTINE POUJOULAT/Gettey Images
Image caption Элвин болсо Йоан кылмышын мойнуна алганга чейин абакта 10 ай жатып чыкты

ДНКны толук экспертизадан өткөрүү француз сотуна керек болбой калды. Анткени эгиздердин бири - Йоан Гомис кылмышын мойнуна алган. Бирок дароо эле эмес. Зордуктоого кабылган аялдардын бири кол салган адам бир аз такалып сүйлөгөнүн айткан. Ушундан кийин эле Йоан мындан ары актануунун кажети болбой калганын түшүндү. Үч зордуктоо жана үч зордуктоо аракети болгонун мойнуна алды.

Элвин болсо Йоан кылмышын мойнуна алганга чейин абакта 10 ай жатып чыкты. (AbA)

Тектеш темалар