Миллиардердин бир күнү

Jack Dorsey, Twitter CEO and cofounder Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Твиттердин" башчысы Жек Дорси өткөн жылы айлык катары 1.40 доллар эле алган

Таңкы саат беште туруп муздак сууга түшүүгө эркиңиз жетсе, турмуштун оош-кыйышына майышпай, максатыңа карай умтулууга дагы эрк табылса керек.

"Твиттердин" негиздөөчүсү Жек Дорсинин жашоодогу карманган принциптеринин бири дал ушундай. Анын бир күндүк тартибине айрымдар "спарталык" жашоо деген мүнөздөмө берсе, башкалары өтө эле татаал, психологиялык оору катары кабылдашууда.

Дорси сергек жашоо боюнча маек куруп, күнүнө бир эле жолу тамактанарын, дем алыш күндөрү орозо кармап, оозуна наар албай турганын жана ишке сегиз чакырым жөө басып келерин айтып берди.

42 жаштагы миллиардердин акчага болгон философиясы дагы өзгөчөлөнүп турат. Ал өткөн жылы айлык катары 1, 40 доллар эле алган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Forbes журналы Жек Дорсинин байлыгын 5 миллиард доллар деп баалаган

Бирок абройлуу Forbes журналы Жек Дорсинин байлыгын 5 миллиард доллар деп баалаган. "Твиттер" жана чөнтөк телефонго каражат жүктөгөн Square компаниясында үлүшү бар.

"Твиттер" 2018-жылдын акыркы кварталында 909 миллион доллар киреше тапкан. Коомдук тармакты ай сайын 300 миллион адам колдонот.

Жек Дорсиден тышкары "Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг менен "Гуглдун" башчысы Ларри Пейж да өткөн жылы айлык катары бир доллар алышкан. Бул кадамы аркылуу технология жаатындагы компания башчылары долбоорунун туруктуулугуна ишенип турганын көрсөткүсү келет.

Дүйнөдөгү эң бай адам Жефф Безостун жылдык айлыгы 81,840 долларды түзөт. Бул АКШдагы орточо айлык катары саналат жана ал 1998-жылдан бери айлыгын көтөрбөй келет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жек Дорси "Твиттерде" 2.3 пайыз үлүшү бар

Айлык миллиардерлердин негизги кирешеси эмес. Дорсинин "Твиттерде" 2,3 пайыз үлүшү бар. Ошондой эле Дорси Square компаниясындагы үлүшүн сатып 80 миллион доллар тапкан.

Жек Дорсинин бир күнү

Дүйнөгө белгилүү компаниялардын башчыларындай эле Дорсинин бир күндүк тартиби дагы өзгөчөлөнүп турат. Ал физикалык жана мээнин даярдыгына басым жасайт.

Дорси таңкы саат беште туруп, үч мүнөт муздак сууга түшөт да, 15 мүнөткө 104 градус ысык температурадагы саунага кирет. Бул ыкманы үч жолу кайталайт.

Андан кийин Дорси мырза бир саат медитация кылат. "Твиттердин" башчысы жыйырма жылдан бери медитацияга көңүл буруп келгенин жана медитациянын мээге болгон таасири тууралуу көп айтып келген.

Тамактанууга келгенде, Дорси күнүнө бир эле жолу наар алат. Саат 18:30да ал салат, протеин, жемиш жана шоколад жейт.

Дорси мырза үчүн туура тамактануу жигердүү иш алып баруунун негизги булагы.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар