Күнүгө канча суу ичиш керек?

Көбүрөөк суу ичкиле деген кеңешти такай угабыз. Бирок мунун илимий негизи болду бекен?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

XIX кылымдын башында өлүм алдында жаткандарга көп суу беришкен. Гидропатиянын (суу менен дарылоо) атасы атыккан Винценц Присниц өлүм алдында каны катып жаткандарга чаңкоосун кандыруу үчүн суу беришкенин жазат. Бирок дени сак кишилер ал учурда сууну аз эле (0,28 л) суу ичишкен дейт ал.

Азыр эми абал такыр башка. Эсептөөлөр боюнча Улуу Британияда чоң кишилер өткөн жылга салыштырганда бул жылы сууну көп ичишти. Ал эми АКШда бөтөлкөдөгү сууну көп сатышкан. Ошол эле учурда газдалган сууга болгон талап кескин төмөндөдү.

Күнүгө белгилүү өлчөмдө суу ичкиле, мыкты ден соолуктун сырдуу эшиги ошол деп ынандырган пикирлер үстөмдүк кылат. Энергия берет, жүзүң жылмакай тартып, ашыкча салмактан кутуласың, рак болуудан сактанасың деп ишендиришет.

Лондондо такай метрону колдонгондорго ар дайым жаныңарга бир бөтөлкө суу ала жүргүлө деп кеңеш беришет. Окуучуларды сабакка суу ала келгиле дешсе, офистеги жыйындарда ортодо сөзсүз суу турганын көрөсүң.

Көптөр күн сайын кеминде сегиз стакан (ар бири 240 мл ) суу ичүү керек деп эсептейт. Мындай болгондо башка суусундуктарды эсепке албасак, эки литрден ашуун суу ичкен болобуз.

Бирок мындай "эреже" бир дагы өлкөдө илимий негиз менен далилдеген эмес. Ошол эле британиялык, европалык окумуштуулардын "мынча өлчөмдө суу ичишибиз керек" деген расмий сунуштамасы жок.

Сууну көп ичкиле деген каяктан чыкты?

Кыязы ондогон жылдар мурун түзүлгөн эки башка көрсөтмөнү туура эмес талдагандан улам болсо керек.

1945-жылы Американын Улуттук илимий изилдөө кеңешинин тамак аш жана азык-түлүк комиссиясы чоң кишилерге сунуш берет: тамактын калориясына карап суу ичкиле. Ошондо аялдарга 200 калорий жана эки литр суу, эркектерге 2500 калорий эки жарым литр суу сунушталган.

Кеп бул жерде бир эле суу жөнүндө эмес. Суусундуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде 98 пайыз суудан турган мөмө-жемиш, жашылчалар дагы саналганын белгилеп кетели.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көптөр күн сайын кеминде сегиз стакан (ар бири 240 мл ) суу ичүү керек деп эсептейт

Көптөр шилтеме берип жүргөн сунуштарда суунун өзү жөнүндө эле айтылган эмес

Мындан сырткары диетологдор Маргарет Макуильямс жана Фредерик Стэрдин 1974-жылы жарык көргөн "Чың ден-соолук үчүн азык" деген китепте сунуш айтылат. Орточо алганда чоң кишилер күнүгө алтыдан сегиз стаканга чейин суу ичүүсү керек дейт авторлор. Бирок мунун ичине мөмө-жемиштер, газдалган суусундуктар дагы кирерин белгилеп кетишкен. Ал тургай сыраны дагы кошуп коюшкан.

Албетте, суу өтө маанилүү. Адамдын организминин үчтөн экиси суудан турат эмеспи. Организм керектеген суунун саны жана андагы туздун составы өзгөрсө, тамак сиңирүү, кан пайда болуу жана башкалар процесстер бузулат. Суусуз организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда жылуулук алмашуу, дененин туруктуу температурасын сактоо мүмкүн эмес. Адам суусуз бир нече күн эле жашай алат.

Биз тердеп, заара ушатканда, ошондой эле дем алганда нымдуулукту жоготуп турабыз. Организмди керектүү өлчөмдөгү суу менен камсыздап туруу - туура тапшырма. Кургап калуудан качуу дагы абдан туура.

Каны катуу, кургап калуунун белгилери биз организмдеги нымдуулуктун 1-2 пайызын жоготкондо пайда болот. Биз ошону кайра ордуна келтиргенче абалбыз начарлай берет. Өлүмгө жеткирген сейрек учурлар дагы бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кеп бул жерде бир эле суу жөнүндө эмес. Суусундуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде 98 пайыз суудан турган мөмө-жемиш, жашылчалар дагы саналган

Сегиз стакан суу ичүү керек деген көп жылдардан бери айтылган кеңештер бизге катуу сиңди. Оо кокуй кургап калабыз, суу ичүү керек деп эсептеп калдык.

Бирок көпчүлүк эксперттер организм талап кылгандан аз суу ичүү керек дешет.

"Гидратациянын үстүнөн көзөмөл - эволюциянын жүрүшүндө адамдын организми өнүктүргөн татаал механизмдердин бири. Керектүү гидратациянын деңгээлин кармап туруу үчүн биз көп сандагы амалдуу ыкмаларга ээбиз",-дейт Массачусетс штатынын Тафтс университетинин окумуштуусу Ирвин Розенберг.

"Эгерде денеңизди уга билсеңиз, өзү эле суу ичүү керек деген белги берет",-дейт спорт дарыгери Кортни Киппс.

Сууда ашыкча калорий жок. Ошондуктан эң пайдалуу вариант - суу. Бирок башка суусундуктар деле гидратацияга жардам берет.

Ден-соолук үчүн

Организм талап кылгандан дагы көп суу ичсең кандайдыр бир артыкчылыгы болот дегенге жетиштүү далилдер жок.

Айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй сууну көп ичүү ашыкча салмак менен күрөшкөнгө жардам берет.

Профессор Бренд Дейви бул боюнча бир нече изилдөөлөрдү жүргүздү. Алардын биринде окумуштуу изилдөөнүн катышуучуларын эки топко бөлөт. Эки топ тең үч ай сергек диетага олтурат. Бирок бир топко тамактанар алдында 500 мл суу ичип турууну өтүнүшөт. Жыйынтыгында суу ичкен топ көп салмак жоготту.

Ошондой эле изилдөө учурунда эки топту тең күнүгө 10 000 кадам басууга көндүрүшөт. Бул жерде дагы суу ичип турган топ жогорудагы тапшырманы кыйынчылыксыз аткарды.

Дейвинин болжолунда денедеги суунун азайышы биздин маанайга жана организмдеги энергияга таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок териге таасири тууралуу илимий тыянактар жокко эсе.

Эегерде күнүгө сегиз стакандан суу ичүүнү адатка айланткандар болсо, муну менен алар зыян деле тартышпайт. Бирок организм өзү талап кылбаса деле суу иче берүү, бизди коркунчтуу абалга жеткириши мүмкүн экенин эстен чыгарбоо зарыл. Ашыкча көп суу ичүү кандагы натрийдин концентрациясынын төмөндөшүнүн себеби болуп калышы ыктымал. Бул өз кезегинде мээ менен өпкөнүн шишигине алып келет, анткени организм натрийдин деңгээлин калыбына келтирүү үчүн аракет көрүп баштайт.

Биздин арабызда көптөрүбүз кургап баштаганыбызды көп учурда билбей калабыз.

Соңку он жыл ичинде Кортни Киппс кеминде 15 спортчунун ашыкча гидратациядан өлгөнүнө өзү күбө болгон. Бул спорттук мелдеш убагында болгон экен.

Ал мындай учурлар айрым бир деңгээлде биздин өзүбүздүн организмге, анын өзүн өзү регуляция кылганга жөндөмдүү экенине өзүбүздүн ишенбегенибиздин натыйжасы деп санайт.

"Мээрман айымдар менен дарыгерлер көптөн бери суу көрбөй, организми кургап бараткан орулууларды тааный алышат. Бирок бул спортчу-марафончулар менен болуп жаткан көрүнүшкө окшобойт",-дейт ал.

Жоанна Пакенем 2018-жылы аптапта Лондон марафонунда чуркады. Бирок ал маарага жеткенге чейинки көп аралыкты кантип басып өткөнүн билбейт. Абдан көп суу ичкендиктен анда перегидратация, гипонатриемия болуп кетти. Ошол эле күнү аны ооруканага жаткырышты.

"Менин жанымдагылар кургап калды деп ойлошуп, чоң стаканга суу беришти. Ошондо ээсимден таныпмын. Тик учак менен ооруканага алып келишкен. Ооруканага жекшембиде кечинде келип түшсөм, шейшембиге чейин өзүмө келбептирмин",-дейт ал.

Биз бул тууралуу өтө аз ойлойбуз. Чынында ашыкча суу деле организм үчүн кооптуу

Пакенем бул жылы кайрадан марафондо чуркоого камынып турат.

"Көрсө кандагы натрийдин концентрациясын көтөрүү үчүн бир нече таблетка электролит ичип койсом эле болмок экен. Көп жолу марафонго катышып жүрсөм дагы ошону билбептирмин. Ушул жөнөкөй нерсе дагы өлүмгө жеткириши мүмкүн экенин башкалар билишин каалайм",-деди жөө күлүк.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ошондо канча суу ичүү керек?

Британдык улуттук саламаттыкты сактоо системасы күнүгө алтыдан сегиз стаканга чейин суусундук ичүүгө кеңеш берет. Анын ичинде майлуулугу төмөнүрөөк сүт, шекери жок суусундуктар, чай жана кофе дагы бар.

Мындан сырткары биздин организмдеги чаңкоо механизми 60 жаштан кийин сезимталдыгын жогото баштайт. Ошондуктан адистер улгайган кезде суусундукка маани берип, кургап калуудан сактануу керек дешет.

Көпчүлүк адистер сууну ичүү нормасы - жашаган чөйрөдөн, физикалык активдүүлүктөн, жаш курагынан, салмактан жана жыныстык өзгөчөлүктөн көз каранды дейт.

Керек учурда биздин денебиз өзү эле чаңкоо белгисин берет. Биз ачка болгондо же чарчаганда берилген белгиси сыяктуу эле. (AbA)

Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуздар.