Англиядагы чыныгы "такты оюндары"

1135-жылдын декабрында Англия дагы бир жолу королсуз калды. Тактынын орду бош. Вильгель Баскынчынын төртүнчү уулу Генрих I ичер суусу түгөнүп баратты. Королдун өзөгүн өрттөгөн өкүнүчү - тактысын ээлеп кала турган мураскери жок эле.

Гаргулья в Оксфорде Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Тактыга келе турган киши калбай калды деп айтсак туура болбос. Ооба, мураскерди алып келүү жолу бар эле, бирок кемчиликтери, бүдөмүк жагдайлары болгон үчүн тактынын орду бош туруп калды. Королдун артындагы жалгыз туягы Матильда ысымдуу кыз эле. Андан сырткары Стефан Блуасский деген жээни болгон. Болсо мына ушул экөөнүн бирин жарыяламак. Эки талапкердин тең ылайык келбей жатканы - бирөөсү жээни, бирөөсү кыз бала.

Королдун жалгыз уулу болсо Ла-Маншта сууга чөгүп кеткен. Никесиз туулган балдары тактыга олтура алышпайт. Акыр соңунда король тактыны кызына калтыргандан башка чарасын таба албады.

Ханбийке Матильда же дагы бир ысымы Мод таажы кийип, тактыга отура алган жок. Королева боло албай калганы менен 20 жылга созулган жарандык согушту баштап кетти. Соңунда өлкө тарыхында эң узак жашаган англиялык королдук династиянын - плантагенеттердин бийликке келишине жол ачып берди. Алар 331 жыл тактыны ээлеп турду.

Матильданын балалыгы тууралуу маалыматтар аз. Анын сабаттуу болгону, окуганды жана жазганды билгени жалпыга маалым. Анын Франциянын королуна, Кентерберидеги архиепископго даректелген каттары биздин күнгө чейин жеткен.

Жети жашында расмий түрдө Ыйык Рим империясынын императору Генрих V башын байлашат. Матильда 14 же 15 жашында турмушка чыккан. 10 жылдан кийин жапжаш курагында жесир калат. Экөөнүн ортосунда бала болгон эмес.

Англия ханбийкеси Матильда менен император Генрих V никелешүү учуру. Алар балалуу болушкан эмес, бирок бактылуу нике болгон деп айтылат Сүрөттүн автордук укугу Wikimedia Commons
Image caption Англия ханбийкеси Матильда менен император Генрих V никелешүү учуру. Алар балалуу болушкан эмес, бирок бактылуу нике болгон деп айтылат

Матильданын агасы чөгүп каза тапкандан беш жылдан кийин Генрих V дүйнө салды. Ушундан кийин Матильданын атасы Генрих I кызын Англияга келүүсүн талап кылат.

1126-жылы Виндзор ак сарайында Генрих I чиркөөнүн маанилүү кишилерин, мамлекеттин белдүү ишмерлерин топтоп, болочок королевага ант берүүгө мажбурлайт. Алар болсо моюн толгобой эле макул болушкан.

Бирок Матильда тактыга олтуруш үчүн турмушка чыгып, бала төрөшү керек эле. Муну менен артыкчылыкка ээ болуп, тактыны мураскерин тарбияламак.

Аргасыз нике

Годфрид Анжуйский Сүрөттүн автордук укугу Wikimedia Commons
Image caption Анжулук Годфрид. Аны көптөр өтө келишимдүү эле дешет. Кулк-мүнөзү болсо Матильдага туура келген эмес

Матильда атасынын үйүнө кайтканда оңбогондой байлык менен келген. Ошентип жаш жесирди тез арада турмушка узатуу маселеси турду.

Ага күйөөнү Франциянын графтыгынан табышты. Ал граф Фульктун уулу Жоффруа анжулук Годфрид эле. Аны көптөр өтө келишимдүү эле дешет. Матильдадан он бир жашка кичүү болгон. Эми мындай жаш айырма орто кылымдагы Европа үчүн өөн деле көрүнчү эмес.

Ошондуктан 25 жаштагы Матильда менен 14 жаштагы Жоффруанын никеси башка бардык талаптарга төп келген. Бирок Матильда мурда император жубайы болгон эле, Графтын уулу болсо токтоло элек өспүрүм болчу. Ошондуктан бул нике бактылуу болгон жок. Бир курдай Матильда атасынын үйүнө качып келип, кайра жеткирип беришкен.

Ошентип экөө үч уулду болушту: Генрих, Жоффруа жана Уильям. Матильда тактыга отурууга укук берген шарттардын баарын аткарды. Бирок кырдаал анын пайдасына чечилген жок. Төрөттөн кийин абалын жакшыртып алуу үчүн Францияда кармалып калган учурунда атасы көз жумду. Стефан дароо эле тактыны басып алган.

Ант? Кандай ант?

Миниатюра XII века: Генрих I и Стефан Блуасский. Сүрөттүн автордук укугу Wikimedia Commons
Image caption Генрих I жана Стефан Блуасский. Сүрөттүн авторлору Стефан тактыны Генрихтен мыйзамдуу жол менен өткөрүп алгандай кылып тартышкан. Чынында Генрих таажыны кызына мурастаган

Атасынын көзү тирүүсүндө Матильдага ант берген ошол эле графтар, барондор дароо Стефанга ооп кетип, жеңил дем алып олтуруп калышты.

Биринчиден, Стефан кантсе дагы эркек эмеспи. Экинчиден, англиялык мыйзамдар аялдын тактыны мурастап калуу укугун чектеген эмес. Бирок түздөн-түз ал тууралуу айтылган дагы эмес экен. Үчүнчүдөн, таасирдүү кишилердин көбү Матильданын күйөөсүнүн чет жерлик болгонун жактырган эмес.

Эң негизгиси Стефан озунуп кетти. Король каза тапкандан кийин эле Винчестерге жете келип, бир тууган агасы епископ Генрих ага таажы кийгизди.

Матильда мындай өкүмзордук менен келише алган жок. Жаңы эле төрөгөнүнө карабай жол жүрүп, Англияга келип, мураска калган тактыны кайтарууну талап кылды. Аны аталаш бир тууганы, королдун никесиз төрөлгөн уулу Роберт Глостерский коштоп келген. (Башында королдун никесиз көп сандагы балдарынын көбү Стефанды колдоп, кийин Матильда тарапка өтүшкөн).

Стефанга тажы кийгизген Винчестердеги собор. Вильгель Баскынчыга чейин Винчестер Англиянын борбору болуп турган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Стефанга тажы кийгизген Винчестердеги собор. Вильгель Баскынчыга чейин Винчестер Англиянын борбору болуп турган

Түндүк тараптан сүйүктүү абасы, Шотландиянын королу Дэвид I көмөк көрсөтүү убадасын берген. Өлкөдө жарандык согуштун оту тутанды. Кийин англис тарых булактарында бул окуялар "анархия" деп аталып калган.

Стефанга тажы кийгизген Винчестердеги собор. Вильгель Баскынчыга чейин Винчестер Англиянын борбору болуп турган. Ошол эле учурда Лондондо дагы таажы кийгенге болот деп эсептелген. XIV кылымга чейин Винчестер Англиядагы экинчи ири шаар эсептелген.

Ак сөөктөр кимди колдойт?

Арундел ак сарайы Сүрөттүн автордук укугу Wikimedia commons
Image caption Арундел ак сарайы

Ошентип Стефан таажы кийгенден тарта Англияда эки бийлик бутагы пайда болду. Матильда маркум королдун жалгыз туягы эле. Стефан болсо таажыны башына кийип алып, бийликте турган. Бирок барондор кимди колдойт деген суроо ачык турган. Барондор үчүн маанилүүсү - өлкөдөгү стабилдүүлүк, анан мыйзамга анча-мынча көз жумду мамиле жасап, кол алдындагы мүлкү, аймагына эч ким тийишпесе эле болгону. Стефан мына ушул талаптарга жооп берген.

Анын булактай сызылган тарапташтары кыска убакыттын ичинде күрүлдөгөн дарыяга айланды. Бирок Англия үчүн каргаша мында болду, королдун кызын дагы колдогондор бар эле. Өлкөдө падышанын канына ишенген, ал аял болсо дагы каны таза деген түшүнүктөгү кишилер жетиштүү болчу.

1139-жылы Матильда Англияга келип, Арундел ак сарайына түштү. Стефан армияны чогултуп, Кентти көздөй жөнөдү. Бирок ал атаандашына кол көтөрүүгө дааган эмес.

Таажы үчүн күрөш

Стефан Арунделдеги ак сарайдан чыгып кетүүгө Матильдага мүмкүнчүлүк берген. Стратегиялык көз караштан алганда бул чоң ката болгон Сүрөттүн автордук укугу Wikimedia Commons
Image caption Стефан Арунделдеги ак сарайдан чыгып кетүүгө Матильдага мүмкүнчүлүк берген. Стратегиялык көз караштан алганда бул чоң ката болгон

Жыйырма жылга созулган "анархия" учурунда толук масштабдуу согуш эмес, майда-барат кагылышуулар көп болду. Ак сарайлар бир колдон экинчисине өтүп турган. Талап- тоноо күч алган. Тарыхчылар бул жылдарды чоң каргаша катары сүрөттөшөт. Бири-бирин орду түбү менен жок кылууга эки тараптын күчү жеткен эмес.

Ордуңду бил, аял!

Линкольндагы салгылаш, ортодо король Стефан Сүрөттүн автордук укугу British Library
Image caption Линкольндагы салгылаш, ортодо король Стефан

1141-жылы февралда Матильдага оңдой берди болуп, Линкольндагы салгылашта Стефандын колун талкалап, туткунга түшүргөн.

Ал тургай Стефанга таажы кийгизген бир тууганы Винчестер епископу Генрих Блуасскийди дагы өзү тарапка тартып алган. Бул үчүн Матильда аны башкы кеңешчи гана кылмак.

Мына эми тактыга жеттим дегенде ооматы тескери аласалып кетсе боло.

Лондондуктар аны акча талап кылды, привилегияларынан ажыратты деп нааразы болуп, тактыга олтургузуу салтанаты өтө турган күнү козголоң чыгарат.

Матильда кайра тактыга кайтып келем деген үмүт менен жандын айласын ойлоп качып чыгат. Бирок ошону менен тактыга кош айтты.

Генрих Блуасский дагы саясий багытын өзгөртүп, кайра өзүнүн бир тууганын колдоп кетти.

Кармаштардын биринде анын таламын талашкан Роберт туткунга түшүп калат. Аны бошотуп алуу үчүн Стефанга алмашууга аргасыз болгон.

Орто кылымдагы блокбастер

Матильданын курчоодо калган Оксфорддогу ак сарайдан качканы. XIX кылымдагы иллюстрация Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Матильданын курчоодо калган Оксфорддогу ак сарайдан качканы. XIX кылымдагы иллюстрация

1142-жылы сентябрда Стефандын аскерлери Оксфорд ак сарайына жашырынган Матильданы курчоого алат. Үч ай ак сарайды камалап турушкан.

Кыштын ызгаар суук түндөрүнүн биринде Матильда өзүнүн ишенимдүү үч гана рыцарынын коштоосунда Оксфорд ак сарайынын капталындагы эшик аркылуу чыгып кетет.

Алар көзгө урунуп калбаш үчүн ак түстө кийинип алышкан. Курчоодон кантип чыкканы белгисиз. Бизге белгилүү болгону алар аман-эсен суурулуп чыгат. Экөөнүн аягы жок кармаштарынан эл дагы тажап, кимдин тактыда отурганы букаралар үчүн мааниге ээ болбой калган.

Өлкө артка кетип, мыйзам иштебей, талап-тоноо күчөгөн эле Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Өлкө артка кетип, мыйзам иштебей, талап-тоноо күчөгөн эле

Бара-бара аял кишини жеңе албайт деп Стефанга болгон ишеним кете баштады. Өлкө артка кетип, мыйзам иштебей, талап-тоноо күчөгөн эле.

Барондор, баш көтөргөн белдүү кишилер абалды түшүнүп, бул жол менен өлкө сазга батарын аңдай башташты.

Матильда тактыга ээ болушуна көзү жетпей, уулдарын сүрөй баштаган. Бул учурда тун уулу Генрих эр жетип, белгилүү баатыр атыгып калган.

Бирок анын деле Стефандын ташын талкан кылганга кудурети жетпеди.

Стефан менен Генрих Темзанын эки тарабында туруп алып сүйлөшүү жүргүзүүдө Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Стефан менен Генрих Темзанын эки тарабында туруп алып сүйлөшүү жүргүзүүдө

Стефан менен Генрих Уолингфорд үчүн салгылаштан кийин келишимге келет. Бирок келишим чынын айтканда кызыктай эле.

Ошол учурдагы кол жазмаларда "король өлгөнгө чейин бийликте калат. Ал өлгөндөн кийин Генрих король болот. Экөө ата-бала болушат", деп жазылган.

Генрих II таажы кийген учур. Матильда болбогондо уулуна такты буйрубай калмак Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Генрих II таажы кийген учур. Матильда болбогондо уулуна такты буйрубай калмак

Айрымдар бул келишимге кол койгону менен Стефан түпкүлүгүндө Генрихтин көзүн тазаламак деп айтышат.

Бирок бир жылдан кийин Стефан өзү каза тапты. Ошентип тактыга Генрих II келди.

Матильда өзү Англиянын королевасы боло албаганы менен өлкө тарыхында чоң бурулуш жасап кетти.

Анын өжөрлүгү, көктүгү болбогондо плантагенеттердин эч кимиси таажы кие алмак эмес. Матильда 1167-жылы 11-сентябрда каза тапкан.

Оксфордский замок Сүрөттүн автордук укугу Wikimedia Commons
Image caption Оксфорд ак сарайында азырга чейин Матильданын руху жашайт деген уламыш бар

Оксфорд ак сарайында азырга чейин Матильданын руху жашайт деген уламыш бар. Кышкы аязда Стефандан качып чыккандагы ак кийими менен ары-бери басып жүргөн арбагы тууралуу айткандар көп. (AbA)

*

Тектеш темалар