Адам мээсинин гендерин маймылга салса эмне болот?

Макаки

Окумуштуулар адамдын мээсинин гендерин маймылга салып, изилдөө жүргүзүп, адамдын интеллекти кандай өнүккөнүн түшүнүүгө аракет кылып жатышат.

Сөз маймылдар планетасы жөнүндө эмес, азырынча... Биринчиден, окумуштуулар адамдын мээсинин гендерин маймылга салып көрүштү. Кытай окумуштуулар бул үчүн MCPH1 генин тандап алышты.

Сүрөттүн автордук укугу BBC Sport

Бул гендин адамдын мээсинин өнүгүшүндө өзүнүн ролу бар деп жатышат. Бул генди алган маймылдар жапайы маймылдарга караганда эс тутуму жакшырып, ыкчам реакция жасашкан....Алардын мээси адам мээси сыяктуу эле өнүгүүнү көрсөткөн. Бирок мээнин көлөмү өскөн эмес.

Эксперименттен он бир маймылдын бешөө гана тирүү калды. Изилдөөчүлөр өз кезегинде бул жерде этикалык маселе болбоого тийиш дешет. Анткени макакилер генетикасы боюнча адамдан аябай эле айырмаланат...

Буга макул эместер да бар. Ж «Маймылдар - кайгырганды билет, алар адам сыяктуу эле сезимтал келет",- деп билдирди жныбарларды коргоо боюнча британдык RSPCA уюму. - «Бул жүрөк ооруткан көйгөй. Маймылдар адамдын кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалынып жатат».

Image caption Жаныбарларды коргоочулар маймылдар кайгырганды билет, алар адам сыяктуу эле сезимтал келет деп жатышат.

Изилдөөнүн максаты адамдын мээсинин көлөмү жана кубаты канчалык өсөрүн түшүнүү болчу. Биздин гендин 98% алып жүргөн маймылдар менен салыштырып көрүү болгон.

Ошондуктан окумуштуулар бизди кайсы гендер акылдуу кылып жатканын табуу керек дешет.

Изилдөөнү Куньмин зоология институтунун менен Кытайдын илимдер академиясынын окумуштуулары АКШнын Түндүк Каролина университетинин окумуштуулары менен биргеликте жүргүздү. (КС)

Тектеш темалар