23 миллион чамалуу кыз: окумуштуулар тандалма аборттор санын эсептеди

Болочоктогу ымыракайынын жынысын билип алып, боюнан алдыруудан 23 миллион чамалуу кыз бала жарык дүйнөгө келбей калган. Масштабдуу изилдөөнүн жыйынтыгы америкалык Улуттук илимдер академиясынын журналына жарыяланган.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Салыштыруу үчүн алсак, 23 млн киши - Испания калкынын жарымы, бүтүндөй Австралиянын калкына тете. Бельгия же Куба калкынан эки эсе жана Дания менен Финляндия калкынан төрт эсе көп. Мындай масштабдуу иликтөөнүн тыянактары ушул аптада америкалык Илимдер академиясынын журналына жарыяланды.

Окумуштуулар дүйнө жүзүндө акыркы он жылдыктагы төрөт боюнча маалыматтарды анализдешкен. Айрым өлкөлөрдө жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жынысы боюнча кескин айырмачылыктарды таап чыгышкан.

Соңку учурда эркек балдар көп төрөлүп, кыздардын саны кескин азайган мисалдар бар.

Мындай тенденция он бир өлкөдө өзгөчө сезилерлик. Анын ичинде мурдакы үч советтик өлкөдө: Грузия, Армения жана Азербайжан.

Бирок бул сандардын олчойгон бөлүгү дүйнөнүн калкы эң жыш жайгашкан өлкөлөрү - Индия менен Кытайга таандык.

Орточо эсептегенде жаңы төрөлгөн 100 кызга болжолу 105 эркек бала туура келет. Бул сандар жыл сайын өзгөрүп турат. Бирок ошондой болсо дагы кайсыл өлкө экенине карабай, эркек балдардын төрөлүүсү жогору.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock

Эненин жатынында жатканда эле жынысын аныктоого жардам берген технология мындан 40 жыл мурун табылган. Бул өз учурунда жынысына карап бойдон алдыруу практикасын жайылтты. Көп учурда болочок ата-энелер өздөрүнүн каалосуна карап чечим кабыл алууда. Ошол эле маалда көп элдердин салтында эркек балага артыкчылык берген түшүнүктөр кала берүүдө.

Ушул себептен улам айрым өлкөлөрдүн мыйзамдарында ымыркай төрөлө электе жынысын ачык айтууга тыюу салынган. Өзгөчө абортко кылганга ылайыктуу мезгилдерде айтпоо жагы каралган.

Америкалык жана сингапурдук окумуштуулар эки жүздөй мамлекеттеги төрөлүү боюнча 1970-2017-жылдар аралыгындагы статистиканы изилдеп чыгып, жаңы төрөлгөндөрдүн жынысындагы айырмачылыктар кескин жана пропорциясыз өзгөрүп турган. Маселен, Кытайда 2005-жылы жаңы төрөлгөн 100 кызга 118 бала туура келген. Мындай абал Азербайжанда, Албания, Армения, Вьетнам, Грузия, Тайван, Тунис, Черногория жана Түштүк Кореяда байкалган.

Тандалма жол менен бойдон алдыруу боюнча Индия биринчи орунда турат.

Эркек балдардын төрөлүүсү 1975-жылдан тарта көйбөгөн. Ошондон бери статистика сакталып келүүдө.

Мындай абал 1980-жылдардын башында Кытай, Корея, Тайван, Тунис жана Черногорияда башталган. Азыркы учурда Кытайдан башкасы нормалдуу көрсөткүчкө түштү. Кытайда мурункудай эле 100 кызга 114 эркек бала туура келет.

Мурдакы советтик өлкөлөр Грузия, Армения жана Азербайжанда жынысына карап бойдон алдыруу СССР ыдыраган жылдары башталды. 1991-1992-жылдары төрөлүү көрсөткүчү кескин төмөндөгөн.

Грузияда салыштырмалуу абал нугуна түштү. Бирок Армения менен Азербайжанда жынысына карап бойдон алдыруу мурункудай эле кеңири жайылган. 2017-жылы жаңы төрөлгөн 100 кыз балага орточо алганда 112-113 эркек бала туура келет. (AbA)