Уран чырынан чыңалган кырдаал

Жогорку Кеңеш премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отчетун укту. Ɵкмөттүн жылдык отчету өлкөдө уран чыры курчуган учурга туш келди. Ысык-Көл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө мурда болуп көрбөгөндөй жарандык кыймылдын каршылыгы күчөдү . Активисттер коомдук сайттар аркылуу петицияга кол топтоп жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Уран кенин иштетүүгө жарандык нааразылык күчөдү. Боом капчыгайындагы митинг

Орусия менен Кыргызстан биргелешип түзгөн компания кенди чалгындоо үчүн 2010-жылы лицензия алганы белгилүү болду. Биргелешкен компаниянын 40 пайыз акциясы гана Кыргызстанга таандык деп айтылууда. Эл арасындагы каршылыктар күчөгөндөн кийин өкмөт атайын комиссия түзүп, экологиялык экспертиза бүтмөйүнчө кенди чалгындоону убактылуу токтотту. Чалгындоо убактылуу токтогону менен коомдо нааразылык токтогон жок.

Парламентке бүгүн жылдык отчетун берип жатып, өкмөт башчы уран көйгөйүн айтпай кое албады:

"Кыргыз өкмөтү уран кенин иштетүү үчүн Орусиянын өкмөтүнөн 30 млн доллар алган деген туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бул андай эмес. Алгач тарыхы тууралуу бир аз маалымат бере кетсем. "ЮрАзия" ишканасы Кыргызстанда 2004-жылы каттоодон өткөн. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө уруксат алган экен. Ошол эле келишим 2011-жылы чалгындоого деп узартылган. Ошол кезде жаратылыш ресурстары боюнча Кайрат Жумалиев министр болуп турган. 2011-жылы Кызы-Омпол берилип, экинчи жолу министр Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык макулдашуу боюнча Чоноев кол койгон. 2014-жылдан 2015-жылга чейин келишимди Зилалиев узарткан. Анда лицензия уранга деп берилип, 2016-жылы дагы узартылган".

КСДПнын чакырыктары

Уран чатагы боюнча азыркы өкмөт жооптон кутулуп кетчүдөй. Анткени премьердин сөзүнөн кийин нааразылыктын багыты мурдакы өкмөттүн дарегине бурулду.

Ал аңгыч саясий күчтөр жабыла уран темасына жармашканы байкалат. Анын ичинде айрыкча Атамбаевдин социал-демократтарынын уран кенин иштетүүгө жол бербөөнү талап кылган билдирүүлөрү саясий талкууну ого бетер кызытып жиберди.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев

"2013-жылы Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы "Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтун алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө" резолюция кабыл алган. 2017-жылы биздин партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзүнүн БУУнун Башкы ассамблеясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө бул маселени кайрадан көтөргөн жана уран иштетүүдөгү коркунучтар туурасында билдирген",-деп жазылат аталган партиянын билдирүүсүндө.

"Саясий чайкоочулук"

КСДПнын мындай билдирүүсүнө социалдык медиада сын айткандар көбөйдү. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмил Каптагаев Facebook баракчасына Атамбаев жана анын партиясынын билдирүүлөрүн эки жүздүүлүктүн үлгүсү деп атады. Ошондой эле уран долбоору Сапар Исаковдун өкмөтү жасаган иш экенин жазды.

Ушундай эле пикирди Би-Би-Си менен болгон маегинде Президентке караштуу башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев билдирди.

"Уран чырын баштаган Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков болуп жатат. Анан бир жыл өткөндөн кийин беткабын алып ыргытып, биз уранга каршыбыз, митингге келгиле дегендин өзү уят. Мунун саясий чайкоочулук деп эсептейм. Бул маселе боюнча бийликке катуу сынды, саясий талапты башка партиялар койсо, мейли демекмин. Бирок КСДПнын элди митингге чакырып, уранга каршыбыз деп жатканы саясий шермендечилик".

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK\OMURBEK ABDRAHMAN
Image caption Уран иштетүүгө артыкчылыктуу участок катары Таш-Булак кени саналат

КСДП өз кезегинде бул сындарга моюн бербей, убагында Атамбаев уранды кайра иштетүү сунуштарынын баарын четке какканын айтууда.

"Биз учурда болгон документтерди көтөрүп карап жатабыз. Кыргызстандагы бардык иш-аракеттерге Атамбаев күнөөлүү деп оодарып сала берген туура эмес. Бийлик өзү кылчу ишти кылып, кыл жип менен бууп коюп экс-президентке түртө салып жатканы болбойт. Мейли алар суудан кургак чыгып жатышат. Анда эмнеге өткөндө Путин келгенде Орусия тарап менен келишимге кол коюлду. Ал жактын бизнес өкүлдөрү кыргыз бийлиги маселени толук колдоого алынганын айтып жатышат",- КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева

Сөз болуп жаткан меморандумга Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген учурда кол коюлган. Анын шарттары боюнча "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" Орусиянын "Экономи Полимерс" ишканасы 30 млн доллар жардам бермек.

Сүткө оозу күйгөн...

Союз убагында иштетилген Майлы-Суу, Миң-Куш уран кендеринин оор кесепетин Кыргызстан азыркы күнгө чейин тартып келе жатат. Ошон үчүн уранды иштетүүнүн кесепетинен коомчулук чочулап, катуу каршылык көрсөтүүдө.

Экинчиден, Ысык-Көл биосфералык зона болуп саналат. Мыйзам боюнча биосфералык зонада зыяндуу өндүрүшкө тыюу салынышы керек дешет. Ошондой эле зыяндуу өндүрүш көл зонасынын туристтик беделине чоң сокку урат деген дагы жүйөлөр айтылууда.

Кызыл-Омполдогу уран кенине чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "ЮрАзия" ишканасы Тоң районунун ири жана негизги салык төлөөчүлөрдүн бири болуп саналат.

Image caption Майлуу-Суудагы мурдагы уран заводунун калдыктары

Уран иштетүүгө артыкчылыктуу участок катары Таш-Булак кени саналат, анда геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Таш-Булактагы уран кени учурда сырьенун жоктугунан токтоп турган "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ишканасына сырье жөнөтүү үчүн негизги жергиликтүү булак болуп саналат. Уран кенинде 250дөй жумуш ордун, ал эми "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ишканасында 450 жумуш ордун түзүү пландалууда.

Соңку нааразылыктан улам инвестор кендеги чалгындоо иштерин убактылуу токтотконун жарыя кылды.

Тема боюнча башка макалалар