27 жыл комада: Уулуна өмүрүн арнаган эне

Бириккен Араб Эмираттарынын жараны Мунира Абдула 27 жылга созулган комадан кийин өзүнө келген. 1991-жылы Мунира унаа кырысыгына кабылып, төрт жаштагы уулу Омарды денеси менен калкалап калган экен.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library
Image caption Адатта комага түшүп калуу мээдеги травмадан болот

Омар апасына байланышкан азаптуу тагдыр тууралуу журналисттерге айтып берди.

Унаа кырсыгы болгон учурда Мунира 32 жашта эле. Унааны кайнагасы башкарып бара жатып, автобус менен кагылышкан.

Мунира арткы орундукта уулу Омар менен бирге олтурган. Кырсык учурунда ал денеси менен уулун калкалап калууга үлгүргөн. Бул тууралуу Омар жергиликтүү The National басылмасына болгон маегинде айтып берет.

"Апам өзүнө келет"

"Эч качан үмүтүмдү үзбөдүм. Акыры бир күнү апам өзүнө келет деген сезим менен жашадым",-дейт Омар. - Мен бул окуяны айтууну чечкеним, кимдир бирөө ушундай кайгылуу окуяга кабылса, эч качан үмүтүнөн ажырабасын. Ошону жеткирейин дегем. Мындай абалга түшүп калгандарды катардан чийип салганга шашпагыла".

"Апам мени менен унаанын арткы орундугунда олтурган экен. Кырсык болгондо катуу соккудан мени коргоп калыш үчүн бекем кучактап алат. Кийин баш сөөгүнөн катуу жаракат алганы белгилүү болду. 27 жыл комадан жатып, өткөн жылы Германиядагы ооруканада өзүнө келди".

Кырсыктан кийин Мунира ооруканада көпкө жатып, кийин Лондонго алып келишкен. Кайра БАЭге алып келип, ал-Айн шаарындагы ооруканада бир нече жыл дарылашты.

Мунираны атайын түтүк менен тамактандырышып, булчуңдары иштебей калбашы үчүн физиотерапия кылышкан. 2017-жылы мураскер ханзаданын үй-бүлөсүнүн жардамы менен Германияга алып келишет.

Бир жылдан кийин Омар дарыгерлер менен кызуулана сүйлөшүп, уруша кеткен учурунда апасы кыймылдап, уулуна үн чыгарууга аракет кылат. Баары селейип калышкан.

"Ушундан үч күндөн кийин апам менин ысымымда айтты. Биринчи сөзү менин ысымым болду. Мен бул күндү көп жылдар күтүп келген элем",-деп айтып берди Омар.

Мунира акырындап өзүнө келип жатат. Абу-Дабиге кайтып келишип, дарылоосун улантууда.

Сейрек учур

Көп жылдардан кийин комадан өзүнө келген учур өтө сейрек. Кийин калыбына келүүгө дагы көп убакыт сарпталат. Британиянын саламаттыкты сактоо кызматы ырасатагандай, комадан чыккандан кийин, жабыркаган мээден улам майып болуп калышат.

Комадан кайра чыккандардын эң белгилүү учуру америкалык Терри Уоллис менен байланыштуу. Ал 19 жашында унаа кырсыгынан кабылып, 19 жылдан киийн өзүнө келген. Мээнин тканы регенерация болгон деп айтышкан кийин дарыгерлер.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Формула-1" легендасы Михаэль Шумахер бир нече ай эс-учун билбей жаткан

"Формула-1" легендасы Михаэль Шумахер бир нече ай эс-учун билбей жаткан. 2016-жылдын сентябрында анын адвокаты Феликс Дамм спортчу дале өз алдынча баса албай, бирөөнүн жардамысыз тура албай жатканын билдирген эле. (AbA)

Тектеш темалар