Дүйнөнү өзгөрткөн эки дөңгөлөктүү шайтан араба

1865-жылы күздүн окшош күндөрүнүн биринде Коннектикут штатындагы Ансония шаарындагы анчалык чоң эмес сыраканада эки киши муздак суусундуктан шимирип, чыңалган нервин басып олтурду. Бир саат мурун эле катуу корккондон алардын жүрөгү жарылып кете жаздаса боло.

Пьер Лалман Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Пьер Лалман велосипедди 1866-жылы АКШда патенттеген

Ат арабада жайбаракат шаарды көздөй баратышкан. Бир маалда эле артынан катуу үн чыкты. Кудай өзү сактасын, түз эле аларды көздөй адам баштуу, буту чимирилген эле шайтандын өзү качырып келе жатпайбы!

Алар аттын тизгинин кагып, алдыга жөнөп калышты. Шайтан жол жээгиндеги суу толгон арыкка урунуп барып эле, жатып калды.

Эми ошол шайтан өзүн француз Пьер Лалманмын деп тааныштыргандан кийин, жүрөгү оозуна кептелген экөөнүн абалын элестете бериңиз.

Жаш инженер-механик АКШга бир нече ай мурун эле коноктоп келген. Өзү менен чогуу ойлоп тапкан табылгасын - эки дөңгөлөктүү, бут аркылуу педалды айлантып кыймылга келген конструкциясын ала келиптир. Муну өзү "велосипед" деп атачу.

Көп өтпөй Лалман бул ойлоп тапкан ачылышына патент алды. Ал учурдагы велосипеддин тормозу жок эле. Ошон үчүн катуу ылдамдык менен зуулдап келип, эки кишинин үрөйүн учуруп жатпайбы.

"Велосипед-жөргөмүштөрдүн" жарышы, Лондон 1860-жылдар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Велосипед-жөргөмүштөрдүн" жарышы, Лондон 1860-жылдар

Эби-сыны жок бул үлгүнү кийин "велосипед-жөргөмүштөр" - дөңгөлөгүнүн бири чоң болгон велосипед алмаштырды.

Алдыңкы дөңгөлөгүнүн өтө чоң болгону ылдамдык үчүн эле. Ошондуктан көбүнчө муну жаштар айдап калды. Бир жарым метрлик дөңгөлөктүн үстүндө баратканды элестет! Жүрөктүү, курч жаштар гана батынып минбесе, башкалардын олтурушу кыйын эле.

Бирок велосипеддин кийинки өнүгүүсү - "коопсуз" чыгарылгандары көп кишилерди өзүнө тартты. Ал азыркы велосипед сыяктуу эле көрүнүштө эле.

Ылдамдыкты чоң дөңгөлөк эмес, чынжыр аркылуу педалды айлантып кошо турган болуп өзгөрдү. Кыз-келиндер көйнөк менен деле олтуруп тепкенге ыңгайлуу болчу.

1893-жылы Анжелина Аллен Ньюаркта шым кийип велосипед минип, элди аралаганы бир топко чейин уу-дуу кеп болгон.

Велосипед аялдар үчүн өзүнчө бир эмансипациялык курал болуп калды. Аны миниш үчүн катаал чектөөлөрдү аттап кетсе болот эле. Маселен, ыңгайлуу кийинүү.

Анжелина Аллен, бельгиялык скульптор жана фотограф Эме Дюпон тарткан сүрөт Сүрөттүн автордук укугу David S. Shields, Broadway Photographs Collection
Image caption Анжелина Аллен, бельгиялык скульптор жана фотограф Эме Дюпон тарткан сүрөт

Андан сырткары аялдар велосипед менен баратканда өздөрүн кимдир бирөөнүн көзөмөлү жок, эркин сезишкен. Консерваторлордун чөйрөсүн бул жагдай катуу тынчсыздандырды.

"Велосипед мастурбация, ал тургай сойкулукка алып келбейби" деген чочулоо болгон. Бирок кийин мындай кооптонуу бат эле күлкү, шакабага айланып кетти.

Тарыхчы Маргарет Гуроффдун пикиринде, Анжелина Аллендин аракети эмес, анын кийген кийими катуу кеп болгон. Ал эми анын жалгыз өзү велосипед менен жол басып келгенине эч ким көңүл бурган эмес. Ушундан эле ошол учурдагы аялдарга болгон мамилени билсек болот.

Велосипед спортунун ышкыбоздору, ХХ кылымдын башы Сүрөттүн автордук укугу Hulton Archive
Image caption Велосипед спортунун ышкыбоздору, ХХ кылымдын башы

Ушундан үч жыл өткөндөн кийин аялдар укугу боюнча күрөшкөн америкалык активистка Сюзан Энтони кыз-келиндердин азаттыгы үчүн велосипеддин орду чоң болгонун көрсөткөн.

Азыркы күнгө чейин велосипед аялдарга эргүү берип келүүдө. 2006-жылы Индиянын Бихар штатынын бийлиги мектептен алыс жашаган өспүрүм кыздар үчүн велосипед алууга чоң субсидия берди.

Бул демилге бат эле үзүрүн берди. Кыздар мектепти таштап кетпей, сабакка келе баштаган.

Бихар провинциясындагы өспүрүм кыздар велосипед менен мектепке келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бихар провинциясындагы өспүрүм кыздар велосипед менен мектепке келүүгө мүмкүнчүлүк алышкан

Ал тургай АКШда дагы велосипед горизонтту кеңейтүүнүн жолу катары каралат. Маселен, баскетбол жылдызы Леброн Жеймс өзү туулуп өскөн Акрон шаарында мектебин ачып, ар бир окуучуга велосипед берет.

Анын айтымында, достору менен велосипед тепкен учурунда канат өсүп кеткендей ырахаттанышчу. "Биз өзүбүздү ааламдын ээси болгондой сезээр элек",-деген ал.

Леброн Джеймс Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Леброн Жеймс велосипед эркиндик берет деп ишенет

Аттан арзан

Велосипед чынында колу жука бүлөлөрдүн оокаты болгон. Ойлоп табылган күндөн тарта эле жылкыдан арзан болду. Ошол эле маалда кыймыл учурунда ат мингендей эле ылдамдыкты берет эмеспи.

Велосипеддин ойлоп табылганы - өндүрүштүк ыңкылапка эле түрткү болбой, социалдык ыңкылапты дагы ойготту. Кийин унаа өндүрүшүндө велосипеддин компоненттери колдонулганын жакшы билебиз.

Ноттингемдеги унаа чыгарган ишкана, ХХ кылымдын башы Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ноттингемдеги унаа чыгарган ишкана, ХХ кылымдын башы

Биринчи велосипед 1885-жылы Англиянын Ковентри шаарындагы Rover заводунда жасалган.

Азыр Rover унаа индустриясындагы белдүү компания. Велосипед жапон өндүрүшүн модернизациялоого дагы түрткү берди. Жапонияга батыштан велосипед жеткирүүнүн биринчи кадамы 1890-жылдары башталган. Андан кийин велосипед оңдоочу устаканалар ачылды.

Андан кийин дөңгөлөгүн чыгара башташты. Ошентип он жылдан кийин көп тетиктерин жапондор өздөрү чыгарып олтуруп, жеке велосипеддин иштеп чыгышты.

Жарым кылым мурун эле велосипед менен унаа чыгаруу көлөмү бирдей эле болчу - жылына 20 млн. Азыр эми унаа чыгаруунүн көлөмү үч эсе, велосипед чыгаруу алты эсе өстү. Жылына 120 млн.

Экинчи дүйнөлүк согуштун башында Жапония жылына бир миллион велосипед чыгарган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Экинчи дүйнөлүк согуштун башында Жапония жылына бир миллион велосипед чыгарган

Өзүн өзү башкарган унаалардын доорунун босогосунда турсак дагы, велосипед кайра эле бизге жол көрсөтүп турат. Азыр чоң шаарларда смартфондун бир эле баскычы менен ижарага велосипед алууга мүмкүн.

велосипеды Ofo в Лондоне Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бирок көчөдөгү күйүүчү май жыттанган булганыч абадан улам көптөр велосипедден баш тартууда. Келечегинде экологиялык таза, электр кубаты менен жүргөн унаалар жолдорду ээлесе, велосипеддин дөңгөлөгү дале мурункудай чимириле бермекчи. (AbA)

*

Тектеш темалар