Мексикадан ээсине кайтарылган "Кызыл Жылдыз"

"Эй досум, карасаң, сонун жылдыз бар. Сатып ал, өкүнбөйсүң",- деп бир киши соодагер Эдуардо Крузга кайрылган. Окуя АКШнын чек арасына жакын шаарчада болгон эле. Ошондо Круз согуштагы эрдиги үчүн орус жоокерине ыйгарылган "Кызыл Жылдыз" орденин биринчи жолу көргөн.

Зергер буюмдар менен соода кылган Круз базарларды көп кыдырат. Ал негизинен байыркы зергер буюмдарды издейт.

Күн 40 градус ысык болгонуна карабастан, Круз жолугушууга костюм-шым кийип келди. Чөнтөгүнө ак колкап салып, дипломат менен жолукту.

"Жүрөгүм ооруду, катуу кайгырдым"

"Биринчи медалымды 16 жыл мурун сатып алгам. Америкалык шерифке берилген төш белгилердин арасында кызыл жылдыз турган. Мен дароо жоокерге берилген медаль болсо керек деп ойлодум. Анткени, баалуу темирден жасалганы көрүнүп турду",- деди Круз.

"Кызыл Жылдыз" орденин жүз долларга сатып алып, үйүнө жөнөгөн. Сураштырып көрүп, орденди беш эсе кымбат сатса болоорун билген. Орден Экинчи дүйнөлүк согуштагы эрдиги үчүн жоокерге ыйгарылган.

Круз жана анын жакындарынын Орусия, СССР же Экинчи дүйнөлүк согуш менен эч байланышы жок эле. Ошондой болсо да ал орденди сатпай коюуну туура көргөн.

"Жоокер эрдиги үчүн алган орден экенин түшүнгөндө жүрөгүм ооруду, катуу кайгырдым. Мен аны ээсине жеткирип берүүнү чечтим",- дейт Круз.

"Кызыл Жылдыздын" ээсин табуу оңойго турган жок. Орус тилин билбеген, Мексикада жашаган Круз жардам бере алчу кишилерди көпкө издеди.

Анын каттарына ондогон киши жооп бериптир. Учурда "Кызыл Жылдыз" ордендерин өз каражатына сатып алып, жоокердин туугандарын таап, аны жеткирип берген топтор пайда болду.

Алар орденди сатып алуу үчүн жүздөгөн долларды коротушат. Андан кийин айлап, айрым учурда жылдап ордендин ээсин издешет.

Жан багуунун айласы

Экинчи дүйнөлүк согушта күжүрмөн эрдик үчүн тапшырылган медаль, орден же сыйлыктардын канчасы сатылып кеткени белгисиз.

Советтер доорунда 12,5 млн. сыйлык берилген.

"Сыйлыктардын көбү 1990-жылдары сатылып кетти. Согушка катышкан ардагерлер жан багуу үчүн аргасыз ушуга барды. Өтө кейиштүү. Алар согушта аман калды, бирок андан кийин ачкадан өлбөш үчүн сыйлыктарын сатууга мажбур болушту",- дейт Игорь Находкин.

Ал экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин көмүлгөн жайын издеген топтун башчысы. Находкин узак убакыт бою Крузга жардам берип келатат.

"Мындай ордендерди уурдагандар дагы арбын. Алдамчылар ардагерлерге өкмөт кызматкери болуп келишет. Алардын бири ардагер менен сүйлөшүп жатканда, экинчиси медалдарды уурдайт",-дейт Находкин.

Орусияда документи бар "Кызыл Жылдыз" ордени үч жарым миң рублга же 53 долларга сатылат. Ал эми "Даңк" ордени 4,000-4,500 рублга же 69 долларга бааланат. Алтын жана платинадан жасалган "Ленин" ордени 75,000-80,000 рубль же 1,223 доллар турат.

Мындай ордендерге АКШ, Кытай жана Европадагы коллекционерлер кызыгат. Совет доорунда тапшырылган медаль, ордендерди байкатпай чыгарып кетүү жолдору дагы так айтылат. Орусиянын чек ара кызматы жылына төрт жүздөй сыйлыкты мыйзамсыз чыгарып жаткан жеринен кармайт.

Ага карабастан, көмүскө базарда мындай сыйлыктын соодасы солгундай элек.

Снайпердин огунан аман калган жоокер

Image caption Александр Cмирновдун сүрөтү

"Биз орденди Калифорниядагы аукциондон таптык. Документте фашисттик снайпердин огунан аман калган жоокерге бул сыйлык ыйгарылды деп жазылып турат",- деди Круз. Ал орденди этияттык менен кутучадан алып чыкты.

Круз Орусиядагы тааныштарынын жардамы менен Коргоо министрлигинин архив документтерин иликтеп, ордендин ээсин аныктаган. Көрсө анын колундагы "Кызыл Жылдыз" ордени Александр Смирновдуку экен.

"1942-жылы 23-августта жарадар болгон. Ок ээгин жырып кеткен, тиши күбүлүп түшүп, тилин дагы тиктик",- деп жазылат архивде.

Image caption Смирновдун согушка чейинки сүрөтү

Смирнов бир жылдай ооруканада жаткан. Дарыгерлер жаагын кайрадан курап чыгышкан.

Ал 1943-жылы Москвадан беш жүз чакырым аралыктагы өзү туулган кыштагы Углевого (Кострома аймагы) кайтып барган экен. Смирнов тынч турмушта мал менен алектенип жашоосун уланткан.

Согушка чейин Смирнов эки уулдуу болгон эле, согуштан кийин төрт кызы төрөлгөн.

1950-жылы "Ата мекендик согуш" орденин алыптыр.

"Атам орденине өзгөчө мамиле жасачу. Бизге согуш жөнүндө көп айтчу эмес. Медаль, ордендерин майрам күндөрү гана тагынчу. Майрам бүткөндө сыйлыктарын кайра жыйнап койчу, бирок бул орденди төшүнөн түшүрбөй тагынган. Ордени менен сүрөткө тарткыла деп дагы суранган",- деп эскерди жоокердин кызы Галина Ротанова.

Орден 1980-жылдары жоголгон. Смирновдун кызы орденди конокко келген алыскы тууганы уурдап кетти деп ойлоп жүрөт. Бирок чынында эмне болгонун эч ким билбейт.

"Алыскы тууганымды күнөөлүү деп ойлойбуз. Атам сыйлыктарын тартмайга катып коёр эле, аны улам текшерип турчу. Ошол тууганыбыз кеткенден кийин орден жоголуптур деп кайгырганы эсимде. Аны сооротууга аракеттендик. Атам дагы орденди байкем уурдап кетти деп көп айтчу",- деди Галина.

Image caption Александр Смирновдун кызы Галина Ротанова

Смирновдун үй-бүлөсү орденди издегенге деле аракет кылган эмес.

"Биз полицияга дагы кайрылган жокпуз. Анан да алыскы айылда ким орденди таап бермек эле"- деди көзү жашка толгон Галина.

Александр Смирнов 1988-жылы көз жумду. Ал орденин ошол бойдон көрбөй кетти. Бирок өлөр алдында ошол орденди тагынып түшкөн сүрөтүн мүрзөгө илгиле деп суранган.

Отуз жылдан кийин алыскы Гвадалахарада зергер буюмдар менен соода кылган Эдуардо Круз бул орденди сатып алып, аны ээсине кайтарып берүүгө аракет көрүп баштаган.

Круз Смирнов жана анын жакындарын үч ай бою издеди. Алар табылса дагы медалды жеткирип берүү оңой болгон жок.

Бир нече ай бою Галина Ротанова нотариуска барып, жоокердин кызы экенин тастыктаган документ ала албай жүрдү. Алыскы айылда түшүм чогултуу учурунда убакыт деле жок болот эмеспи. Андан тышкары Галинанын күйөөсү дагы каза болуп, анын өзүнүн түйшүгү түмөн болуп жаткан эле.

Ээси табылбаган медаль, ордендерди Круз музейге дагы өткөрүп келген. 2018-жылы декабрь айында Орусиянын аскер күчтөрү музейине беш медал тапшырды. Александр Смирновдун орденин дагы музейге тапшырып салышы ыктымал болчу.

Бирок төрт айдан кийин Галина туугандары жана журналисттердин жардамы менен документтерди чогултуп берди.

"Мүрзөгө тоңуп калбай бара аласыңарбы?"

Александр Смирновдун кыздары Галина менен Зоя өздөрүнүн тек жайын тастыктаган документ менен бирге атасынын орденин сактап, муундан муунга өткөрөбүз деп документке кол коюп, Крузга жөнөтүшкөн.

"Мага ошол документ абдан маанилүү. Мен орусиялыктарга ишенем, алар сөздөрүнө бекем турат деп ойлойм. Бирөөнү сындагандай укугубуз жок. Баары кудайдын колунда эмеспи",-дейт Круз.

Ал Смирновдун сүрөтүн карап, "бул киши күлүп жаткандай... орденим кайтып келет деп ишенген окшойт" деди.

Круз орденди этияттык менен кутучага салып, Гвадалахарадагы орус консулуна карматты. Аны Орусиянын элчилиги ээсине жеткирип бермей болду.

Image caption Александр Смирнов жашаган кыштак

"Орусияда кыш суук деп угам. Смирновдун мүрзөсүнө баратып тоңуп калбайсыңарбы?", - деп Круз күтүүсүз суроо жолдоду. Ал өмүрүндө кар көрбөптүр.

"Александрдын кызы мүрзөгө барып, ага орденди көрсөтөт деп үмүттөнөм", -деп кошумчалады ал.

Круз документтерге кол коюп, кутучаны орус дипломатына өткөрүп берди. Жылмайып, зергер буюмдарды саткан дүкөнүнө шашты.

"Атамдын жылдызы"

Айылдагы клубду тазалап, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен журналисттер орденди күтүп жатышты.

Аба ырайы абдан суук болчу.

Image caption Пронино айылында жайгашкан маданият клубу

Кыркка чукул адам чогулуптур. Аларды кыйнап алып келгендей сезилди, үйгө кеткиси келип жатканы көрүнүп турду.

Бирок кутучадан жоокердин орденин алып чыгышканда, маанай дароо башкача боло түштү.

Галина Ротанованын колу титиреп, орденди араң алды. Көзүнөн жаш акты, жанында турган сиңдисин кучактады. Алар орденди көкүрөгүнө бекем кучактап турушту. Залда жымжырттык... эч ким сүйлөгөн жок, бирок баары түшүндү.

Image caption Александр Смирновдун кыздары Галина менен Зоя

"Мексикалык жигитке ыраазылык билдирем. Дүйнөдө андай күйүмдүү кишилер бар экенине алкыш!",- деди Зоя Александровна. Ал токтоно албай ыйлап жатты.

Смирновдун кыздары көп кармалган жок, орденди колуна алгандан кийин жыйырма мүнөттүн ичинде жолго чыгышты. Алар атасынын күмбөзүнө шашты.

"Ата, алтыным, ордениңди алып келдик! Ал жоголгондо кайгырдың эле... ыйманың саламатта болсун".

Галина менен Зоя кайрадан ыйлап, бири-бирин кучактап, көпкө чейин атасынын сүрөтүн тиктеп турушту.

Смирновдун кыздары атасынын мүрзөсүндө сүрөткө түшүп, биз аны Мексикада калган Крузга жибердик. Ал жылмайган сүрөтүн артка жөнөттү.

"Кубанычымды койнума ката албай турам! Күч-кубат алдым. Биз дагы беш медалды тапканбыз. Аны дагы жакындарына кайтарып беребиз",- деди Круз.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар