Эвересттеги онунчу өлүм: эң бийик чокуну багынтам деп ажал тапкандар

Бул сезондо Непалдын бийлиги дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырууну каалагандар үчүн рекорддук сандагы лицензияларды сатты. Ошону менен өмүргө чоң тобокелчилик жараткан бийиктикте кезек күтүүлөр орун алууда.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/ Project Possible
Image caption Жаз айында эле Гималай тоолорунда 20 альпинист каза тапты

Бийикке чыгууга жана төмөн көздөй түшүү үчүн кезек күтүп отуруп, 10 киши каза тапты. Алардын төртөө индиялыктар, экөө Ирландиядан, Непалдын өзүнөн жана Австрия менен АКШдан.

Ишембиде кырк төрт жаштагы британдык альпинист Эверестти багындырып, жерге түшүп келе жатып мүрт кетти.

Бул сезондо Гималай тоолорунда 20 киши каза тапты. Бул өткөн жылга салыштырганда бир топ көп.

Эверестти (Жомолунгма) багындыруу үчүн ар бир альпинист 11 миң АКШ доллар төлөйт. Жаз айларына Непалдын өкмөтү 381 лицензия саткан. Өткөн жылдагы рекорд (807 лицензия) 2019-жылы жаңыртылат деп күтүлүүдө. Бирок бул жылы аба-ырайы катаал болуп жатат. Катуу шамал согуп, тоскоолдук жаратууда.

Эверестке чыгуу үчүн узун кезекте тургандардын сүрөтү коомдук сайттарга өтө тездик менен тарады. Шерптердин айтымында, мындай көрүнүштү жыл сайын эле көрүүгө болот. (Чет элдиктерди тоо чокусуна чейин коштоп жүргөн жергиликтүү непалдык альпинисттерди шерптер дешет).

"Твиттер" менен "Фейсбуктагы" "Эверест бүгүн" деген аккаунт "өлүм аймагы" аталган аскадагы кырдаалды күн сайын көрсөтүп турат.

Ишембиде 44 жаштагы британдык Робин Хейнс Фишер тоонун чокусуна чейин жетип, бирок артка 150 метр түшкөндөн кийин өзүн жоготуп, мүрт кетти. Бул тууралуу Everrest Parivar Expedition компаниясы кабарлады. Чокуга чыгып бараткан жолдо аны коштогон шерп өзүн жаман сезип, төмөнкү лагерге эвакуацияланган экен.

Мындан бир күн алдын - жума күнү түндүк тарабынан төмөн түшкөн жолдо, жети миң метр бийиктикте ирландиялык альпинист Кевин Хайнс каза тапкан. Майдын соңку апталарында жети киши өмүрү менен кош айтышты.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library
Image caption Эверест чокусу деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте

Жолдун эң соңку бөлүгүн басуу үчүн альпинисттер катуу шамалда жайырма мүнөттөн жарым саатка чейин кезекке туруп калууда.

Эверестке чыгуунун жазгы сезону мартта башталып, майдын этегинде жыйынтыкталат. Бул мезгилде аба-ырайы жылуу болуп, туман аз түшүп, жаан-чачын дагы сейрек болот.

Бирок бул жолу аба-ырайы адаттагыдай эле катаал болуп туруп алды. Ошондуктан жолго мурда эсептелген убакыттан көп сааттар кетип, асканын айрым катаал өтмөктөрүндө узун кезектер пайда болду.

Эверест - кандуу тоо эмес

Альпинизмдин жаңы тарыхында Жомолунгмада каза тапкандар саны 280 киши. Булардын дээрлик жарымы кар көчкү алдында калгандар. Ар бир бешинчи альпинист аскадан кулап каза болгон. Өлүмдүн 16 пайызы бийик тоо шартында пайда болгон оорудан улам. Эверестти багындырууга умтулгандардын 1-2 пайызынын аракети трагедия менен аяктайт.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library
Image caption Жомолунгма дүйнөдөгү эң бийик тоо болгону менен аны багындыруу үчүн каза тапкандар көрсөткүчү бийик эмес

Курмандыктардын көбү Гималайдын дагы бир бийик жери Аннапурна I чокусуна таандык. Аны багындырам деген ар бир үчүнчү киши өмүрү менен кош айтышат.

"Өлүм тоосу" деп Кытай менен Пакистандын чегиндеги К2 чокусун дагы айтышат. Чогори деген ат менен белгилүү болгон бул чоку дүйнөдө экинчи орунда турат. Эвересттен 239 метр гана төмөн.

Дүйнөдөгү эң бийик чокулардын үчүнчүсү Ялунг-Канг дагы көп кишинин өмүрүн алды. Статистика боюнча 2010-жылдан тарта чокуну багындарам деген ар бир төртүнчү аракет өлүм менен бүткөн. (AbA)

Тектеш темалар