Ош: Ветеринардык кызматтын талабы, касапчылардын иш таштоосу

Ош шаарында эки күндөн бери эт саткан дүкөндөр, күркөлөр жабылып, шаардагы касапчылык кылган ишкерлер иш таштап жатат.

Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын Ош шаардык башкармалыгы талапка жооп бербеген мал союлуучу жайларды жабууга буйрук берип, Оштон тышкары райондордо союлган этти алып кирүүгө тыюу салган. Буга ишкерлер нааразылык билдирип жатат.

Биз Мамлекеттик ветеринардык инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Абдуллаевге кайрылып, соңку кырдаал тууралуу сурадык.

С. Абдуллаев: Буга чейин биз Ош шаарында талапка жооп бербеген жети мал союлуучу жайдын ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон элек. Учурда ЕАЭБдин талаптарына жооп берген мал союлуучу жай иштеп жатат. Анын тейлөөсү абдан жакшы. 13-майдан бери талапка жооп бербеген эт жана эт азыктарын Ош шаарынын аймагында сатууга тыюу салганбыз. Ошон үчүн эт саткан соодагерлер менен ишкерлер нааразылык билдирип жатышат.

Би-Би-Си: Алар кандай талаптарды коюп жатат?

С. Абдуллаев: Ош шаарына жакын жердеги Араван районунан сойдуруп келип саталы деген талабын айтышты. Бирок азырынча бул райондо талапка жооп берген андай жай жок. Биз аларга мурда эле айтканбыз, талапка жооп бергендей ишмердүүлүк кылгыла деп. Бүгүн шаардын бийлиги менен чогуу аларга жолуктук. Кырдаалды жайгаруу үчүн ветеринардык кызматка мэрия тарабынан тапшырма берилди, Араван районунда көзөмөлдү күчөтүп, азырынча ушул жерде союлган мал-жандыктарга уруксат берели деп. Бул аймакта бүт талапка жооп берген мал союлуучу жай курулуп жатат. Август айына барып ишке кирип калат деп күтүп жатабыз.

Image caption Ош облусундагы райондордо бир дагы талапка жооп берген мал союлуучу жайлар жок

Би-Би-Си: Төрт түлүк малды көбүнчө Оштун тоолуу райондору Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжада багышат эмеспи. Алар кандай кылышат?

С. Абдуллаев: Тоолуу райондордо малдын саны көп. Алар өстүрөт, анан Оштун чет жакасындагы аймактарга алып келип сатышат. Алар болсо бордоп семиртип, анан союп Ош шаарына алып келет. Райондордо талапка жооп бере турган мал союлуучу жайлар жок болуп жатат.

Би-Би-Си: Ишкерлер сиздердин койгон талаптарды өтө эле оор деп айтып жатышат. Буга чейин ушундай эскертүүлөр болуп келгенби? Эмне үчүн азыр эле чыга калды?

С. Абдуллаев: Бүгүнкү күндө биздин маалыматыбыз боюнча райондордо бир дагы талапка жооп берген мал союлуучу жайлар жок. Бир жагынан биз ылаңдаган мал-жандыктын эти сатылып кетишинин алдын алып, эпизоотикалык абалды тескөөгө алабыз. Экинчиси, бул бүгүнкү күндүн талабы. Анан ЕАЭБдин техникалык регламенти дагы бар. Өзүбүздүн дагы мыйзам, токтомдордун талабы. Өзүбүз эле асмандан алып, чыга калып жаткан жокпуз. Этти өндүрүү боюнча мыйзам, эреже, талаптарды аткарууга өтүшүбүз керек да акыры. Элдин саламаттыгына да түз тиешеси бар маселе. Кээ бир мал союлуучу жайлар бар жөнөкөй ылаңдуу органдар пайда болот да. Ошолорду залалсыздандырганга шарты жок. Жаңы мал союлуучу жайда бүт шарттары бар.

Би-Би-Си: Мурда деле ушундай талаптар коюлуп келгенби?

С. Абдуллаев: Бул кызматка өткөн жылдын ноябрь айында келдим. Ошондон бери эле талаптарды коюп жатабыз.

Би-Би-Си: Демек, этти өндүрүүдө эл аралык талапка жооп берген шарттар болуш керек деп жаткан экенсиздер. Ушундай жол менен этти сырткы өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлчүдөйбү?

С. Абдуллаев: Кечээ жакында эле Ош шаарында бардык талапка жооп берген мал союлуучу жай курулду. Дароо эле Ирандан ишкерлер келип, келишим түзгөнү жатышат. 50 тоннага чейин эт алып кетебиз дешти. Андан сырткары араб өлкөлөрүнөн да келип, мал союлуучу жайды көрүп кетишти. Эми алар өлкөсүнө барганда, "Кыргызстандын Ош шаарында ушундай жогорку талаптагы мал союлуучу жайы бар экен. Кооптонбой эт алса болот экен" деп айтышат. Биздин экспорттук потенциалыбыз жогорулайт. Буга чейин ушундай жайлардын жоктугунан эч ким келген эмес.

Тектеш темалар