Жыйнактуу жашоо: Үйдөгү тазалык бизди бактылуу кылабы?

Үйдү жыйнактуу жана таза кармоо өтө маанилүү экенин жарнамалагандар көбөйдү.

буюмдарга толгон бөлмө Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Айрымдарыбыз үчүн эски буюмдарды ыргытып жиберүү оңой эмес. Бирок «Үйдү ирээтке келтирсеңиз - жашооңузду өзгөрөт" деген чакырыктар кулактын кужурун алат. Мындай кишини азгырган убадалардын автору жапондук Мари Кондо.

Анын китебин дүйнө жүзү боюнча 11 миллион киши сатып алган. Миллиондогон кишилер анын Netflix аркылуу чыгып жаткан программасын көрүп жатат. Анын үйдү таза, тыкан кармоого чакырган «КонМари» деп аталган ыкмасында үйдү эле эмес, мээни дагы тазалап, тартипке салуу керектиги айтылат. Башында үйдү жыйнап, анан буюмдарды ирээттеп, эски, колдонулбаган буюмдардан арылуу керек деп кеңеш берет. Андан кийин өзүңүзгө кубаныч алып келе турган гана буюмдарыңызды алып калып, жашай бериңиз.

Бирок мындай мамиле менен баалаганда, үйүңүздө такыр эле буюм калбай калышы мүмкүн эмеспи. Кондонун максаты ачык эле - жашооңузда артыкбаш буюм-тайымдар болбош керек.

ирээтсиз үй Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эми мындай ыкманы жайылтып жаткандардан Мари Кондо жалгыз эмес. Маселен, Британияда Софи Хинчлифф бар. Аны Хинч айым деп таанышат. Ал дагы «Инстаграм» баракчасы аркылуу "Таза, жыйнактуу үй - бактылуу жашоонун себеби" дегенди түшүндүрүп келүүдө.

Калифорнияда дагы ушул боюнча китеп жазып, жеке компаниясын негиздеген Бет Пенн ысымдуу дагы бирөө бар. Албетте, мындай кеңеш берген толтура китептер жана көптөгөн компаниялар бар. Болгону интернет аркылуу издеп көрсөңүз.

Бирок көпчүлүгүбүз үчүн "тоодой үйүлгөн эски-уску буюмдар" эч кандай көйгөй деле болбошу мүмкүн. Ооба, ыңгайсыздык жаратышы турган кеп. Анткен менен ушундан улам жашообуз начарлап кетпейт эмеспи.

Мари Кондонун ыкмасы миллиондогон кишилердин көңүлүн бурду Сүрөттүн автордук укугу Joanne Rathe/The Boston Globe via Getty Images
Image caption Мари Кондонун ыкмасы миллиондогон кишилердин көңүлүн бурду

Тескерисинче, көпчүлүгүбүз эски буюмдарды аздектеп, жакшы көрөбүз. Ошол буюмдар көзгө жылуу көрүнүп, балким өзүбүзгө корстон болуп, жашоого канааттанган сезимди тартуулайт.

«Эски буюмдар айрымдарга өзүн ыңгайлуу жана коопсуз сездирген булак катары кызмат кылат",-дейт клиникалык психология боюнча адис Жеймс Грегори.

Изилдөөчүлөр эски буюмдарды жыйнагандар андан арыла турган болсо, бул жашоо сапатына катуу таасирин тийгизе турганын дагы белгилешкен. Йель университетинин окумуштуулары өткөргөн изилдөөдө, катышуучулардын мээсин сканерлеп көрүшүп, мындай кишилер "ашыкча буюмдарын" ыргытчу болсо, мээнин ооруга реакция кылган бөлүгү активдешерин көрүшкөн.

Ошол эле маалда жашообуздагы кайсыл бир окуяларды эске салып турган, бизге баалуу болгон эски буюмдарды жок кылууну айрымдарыбыз оңой эле кабыл алышыбыз мүмкүн.

Анын сентименталдуу баалуулугу ушунда, эски буюмду таштандыга ыргытып жиберүү менен сиз эскерүүлөрүңүздү кошо ыргыткандай болосуз деп белгилейт Грегори Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Анын сентименталдуу баалуулугу ушунда, эски буюмду таштандыга ыргытып жиберүү менен сиз эскерүүлөрүңүздү кошо ыргыткандай болосуз деп белгилейт Грегори

Айталы, мектептеги баскетбол командасында ойногон футболканы ыргытып жиберүү сизге оор. Анткени кеп бул жерде футболкада эмес да. Сиз аны кийбей калганыңыз качан. Болгону мындай буюмду көргөндө сизде жагымдуу эскерүүлөр жаралат.

Анын сентименталдуу баалуулугу ушунда, эски буюмду таштандыга ыргытып жиберүү менен сиз эскерүүлөрүңүздү кошо ыргыткандай болосуз деп белгилейт Грегори.

Эски буюмдарды жыйноо биздин жашообузду жакшырта алабы? Же канчалык ашыкча буюмдар аз болсо, ошончолук жакшыбы?

Принстон университетинин психологдору Стефани Макмейнс жана Сабин Кастнер үйдө буюм-тайымдардын чачкындыгы, тартипсиздик - кишинин кайсыл бир маселени чечүү үчүн ой токтотуп, чечим кабыл алуу жөндөмүн төмөндөтөт деп эсептейт.

чачылган китептер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Үйүлгөн көп буюмдардан улам бөлмө тар көрүнүп, бизде тынчсыздануу сезимдери жаралып, стресске оңой алдырабыз. Калифорния университетинин (Лос-Анджелес) психологдору өткөргөн изилдөөлөрдүн биринде чачылган, ирээтсиз үйдө жашаган аялдардын «стресс гормону» - кортизолдун деңгээли жогору экени белгилүү болгон. Чачкын бөлмөдө уктоо дагы кыйын. Башаламандык өкүм сүрүп турган ашканада дагы тамак ичүү терс таасирин берет.

Жалпысынан алганда, изилдөөлөр Кондонун ыкмасында жан бар экенин бышыктайт. Үйдү ирээтке келтирүү жеке турмушубузга ыраазы болуп, активдүү жашоого түртөт.

"Жок эле дегенде ирээттүү үйдө сиз издеген буюмуңузду оңой табасыз, таппай кыжырыңыз кайнап олтурбайсыз",-дейт Киль университетинин (Германия) психологу Крис Стифф.

Испаниянын Наварр университети өткөргөн эксперименттердин биринде, катышуучулар берилген тапшырманы аткарууда чачылган, ирээтсиз бөлмөдө көп каталарды кетиришкен.

Альберт Эйнштейндин жумушчу үстөлүндө ар дайым башаламандык өкүм сүрүп турган Сүрөттүн автордук укугу University of New Hampshire/Gado/Getty Images
Image caption Альберт Эйнштейндин жумушчу үстөлүндө ар дайым башаламандык өкүм сүрүп турган

Невролог Софи Скоттун пикиринде, үйдү тартипке келтиргенден кийин кишиде өзүнө канааттануу сезими пайда болот. Ал сезим организмдеги нейромедиатор дофаминди иштеп чыгуусун күчөтөт

Азыр үйдөгү артыкбаш буюмдардан арылгандан кийин, анын ордуна жаңы модалуу аксессуарларды сатып алышат. Бул дагы кишиге дем берет дейт Скотт.

Көптөгөн белгилүү дин ишмерлери дагы артыкбаш дүйнөдөн баш тартып, жупуну жашоого умутулушкан.

Көптөргө ар кандай эски буюмдарды жыйнаган жагат. Винтаж стили боюнча эксперт жана блогер Кейт Бивис минималдык батирлер көңүлсүз жана тузу кем оокат сыяктуу деп эсепетейт. Анын үйү эски буюмдарга толгон.

Миннесота университети өткөргөн изилдөөлөрдүн биринде, үйдөгү башаламандык бизди көбүрөөк креативдүү кылары белгилүү болгон. Ирээттүүлүк чектелүү жыйынтыктарды жана күнүмдүк ойлорду чакырат.

Кезинде атактуу окумуштуу Альберт Эйнштейн: "Эгерде үстөлдүн үстүндөгү башаламандык мээдеги башаламандыкты туюндурган болсо, анда бош турган үстөл эмнени билдирет?",-деп айткан экен. (AbA)

Макала айрым кыскартуулар менен берилди. Түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуздар.