Порнография технологияны алдыга сүрөгөн негизги күч

Triple X sign Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Соңку статистикага ылайык, интернетте жети адамдын бири порнография сайттарын көрөт. Эң белгилүү порно сайты - Pornhub - дүйнөдөгү окурмандар эң көп кирген баракчалар бонча 28-орунда турат.

Буга эмне себеп болду? Көрсө, секс технологиянын тез өнүгүшүнө чоң салым кошуп келген дешет.

Жаңы технологияны иштеп чыгуу абдан кымбат жана көп учурда ишенимсиз. Аны башында чакан базарда текшерип, кардарлардын жардамы менен технологияны оңдоп, өнүктүрүп алуу керек.

Андан соң, технологияны кеңири рынокко сунуштаса болот.

Кызыгы, айрым талдоочулар порнография интернет жана башка технологиялар үчүн ошол ролду аткарганын айтышат. Буга ишенсе болобу?

Тарыхта дайыма секстин өзгөчө орду болуп келген. 11 миң жыл мурун үңкүрлөрдө жыныстык катнашты көрсөткөн сүрөттөр бар. Мындай байыркы сүрөттөрдү Индиядан тарта Перуга чейин тапса болот. Секс сүрөттөрү таштарга чегилип, кийин идиштерге тартылган, китептерге да басылган.

Сүрөттүн автордук укугу other
Image caption Камаcутра сүйүү жана секс темасын чагылдырган атактуу китептердин бири

XIX кылымда фотосүрөт пайда болду. Париждин студиялары жаңы технологияны өнүктүрүү үчүн эротикалык сүрөттөрдү тартып, көптөгөн кардар тапкан.

Порнография грек тилинен алынган, ал "жазуу" жана "сойку" дегенди туюндурат. Фотосүрөттөрдөн кийин бул сөздүн мааниси "тез жылган сүрөттөрдө" колдонула баштады.

Порнография көркөм тасманы өнүктүрүүгө өз убагында чоң таасир бере албады. Себеби, көркөм тасма тартуу абдан кымбат, акчаны кайтаруу оңой эмес.

Анын үстүнө, көптөр порнографиялык сүрөттөрдү өз үйүндө жабышып караган менен кинотеатрга барып көрүүдөн тартынышат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Пип шоу" буткаларында кыска порнография тасмалары көрсөтүлгөн

Бул маселени чечүү үчүн 1960-жылдары "Пип шоу" буткалары ачылды - анда улам тыйын салып, кыска порнография тасмаларын көрүшкөн. Бир бутка аптанын ичинде миңдеген доллар топтоп койчу. 1960-жылдары ал чоң акча эле.

Андан кийин порнография жаңы кассеталардын пайда болушуна турткү болду. Башында тасма түшүрүлгөн кассеталарды эч ким алган эмес. Себеби, ал абдан кымбат болчу. Бирок порнографияны өз үйүндө отуруп көрүүнү каалагандар акчасын аяган эмес.

1970-жылдары порнография тасмалары эң көп сатылган эле. Ошентип отуруп, кассеталар кеңири тарады. Аларга көркөм кинолор дагы түшүрүлө баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Линда Ловлейс биринчилерден болуп порно тасмасына тартылган. Кийин актриса порнографияга каршы активисттердин бирине айланган

Интернет дагы ушундай жол менен өнүккөн. Мурда интернетке телефон аркылуу байланышчубуз. Интернет өтө жай иштеп, баракчаны ачуу бир нече мүнөттү талап кылган.

Ага карабастан, 1990-жылдары жүргүзүлгөн изилдөө окурмандар бөлүшкөн алты сүрөттүн бешөө порнография экенин аныктаган.

Порнография ошол жай иштеген интернетти тездетүүгө түрткү болгон себептердин бири экени айтылууда. Бул талап инновацияга жол ачты. Интернетте порнография видеосун сунуштагандар технологияны алдыга жылдырышты. Алар сүрөттөрдөн видеого жылып, видеону тез ойнотуу жолдорун табышты. Бул бизнес моделди кийин кадимки эле компаниялар колдонду.

Учурда интернет тез иштеп, порнография журналдарын банкрот кылууда. Pornhub сыяктуу баракчалар жарнама аркылуу тыйын топтоп, порнографияны бекер көрсөтөт. Бул тасмалар мыйзамсыз экени талашсыз, бирок аны токтотуу абдан оор.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Келечекте секс роботтор өнүгөбү?

Ошондуктан бизнес боюнча адистер ашыкча каражат болсо порнографияга байланышы бар технологияларга инвестиция салгыла деген кеңеш беришет.

Тарыхта Париждеги фото студиялар, тасма көрсөткөн кассеталар же интернетти тездеткен модемдер порнографияны көргөн кардарлардан баштап кеңири колдонууга өткөн. Pornhub сыяктуу сайттар келечекте эмнеге керектөө болорун аныктап бериши ыктымал.

Айрым талдоочулар кезек секс-роботторго келди деген пикирде. Демек, секс технологиянын өнүгүүсүнө түрткү болуп жатат деген ойдо чындык бар. (AT)

"Жаңы доордун экономикасын түзгөн 50 нерсе" программасы Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматында обого чыккан. Программа боюнча кеңири маалыматты бул шилтеме аркылуу тапсаңыз болот.

Тектеш темалар