Чеченстан-Дагестан тургундары чек арадагы жол белгиси үчүн чатакташты

карта Сүрөттүн автордук укугу Google Street View

Чек ара маселсине байланыштуу Түндүк Кавказда кайрадан пикир келишпестик жаралды. Бул ирет Чеченстан менен Дагестан тургундарынын ортосунда болду.

Дагестандыктар Кизляр районундагы жол жээгинде "Чеченская республика, Шелковской р-н" деген белги коюлуп калганын айтып чыгышкан. Көп өтпөй коомдук сайттар аркылуу аны дагестандыктар алып салганы тартылган видео тарады.

Шейшембиде түндөсү чечен парламентинин төрагасы Магомед Даудов "Чеченстан өз жерин эч кимге бербейт" деген билдирүү жасайт.

"Биз бир укум жерибизди бербейбиз. Жол белгини кайра коюп койгула. Эмнеге? Анткени ал ошол жерде турушу керек",-деп билдирди Даудов "Инстаграм" аркылуу чыккан түз эфир учурунда.

Көп өтпөй кайра эле коомдук сайттар Дагестан менен чек арага жакын аймаккка чеченстандык коопсуздук күчтөрү уналаары менен барганын жазышты.

Жергиликтүү басылмалар шейшемби күнү эрте менен Даудов жол белгиси коюлган тилкеге барып, Дагестандын өкмөт өкүлдөрү менен жолукканы кабарлады.

Январь этегинде Чеченстан менен Дагестан республикалар ортосундагы чек араны демаркациялоо боюнча келишкен.

"Кавказский узел" маалыматына караганда март айында Чеченстан бир тараптуу чечим менен Дагестандын Кизляр районундагы талаштуу тилкени өзүнө өткөрүп алган. Бир айдан соң эки өлкөнүн парламент төрагалары чек ара тууралуу маалыматтарды мамлекеттик реестерге каттоо убактылуу токтотулганын жарыялаган.

Ингушетия менен чек ара чатагы

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мындан мурун Чеченстан чек ара тактоодо Ингушетия менен пикир келишпестикке барган. 2018-жылдын сентябрь айында Ингушетия жана Чеченстандын жетекчилери Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров эки аймактын административдик чек арасы боюнча келишимге кол койгон. Республикалык парламент келишимди бекитип берди.

1991-жылы Чечен-Ингуш АССРи экиге бөлүнгөндөн кийин, Орусиянын курамында эки башка республика түзүлгөн эле. Бирок расмий чек арасы аныкталбай калган.

Ингушетия Орусия аймагындагы эң чакан республика. "Чек ара тактоо учурунда жерибиз Чеченстанга өтүп кетти" деп нааразы болгон тургундар добуш берүү бурмаланганын айтып чыкты. Ошондон кийин Ингушетияда миңдеген кишилер катышкан каршылык жүрүштөрү өттү.

Орусиянын курамындагы Ингушетиянын Конституциялык соту Чеченстан менен чек ара тилкесин өзгөртүү маселеси референдум аркылуу чечилиши керек деген чечим чыгарган эле. Көп өтпөй Орусиянын Конституциялык соту Ингушетия менен Чеченстан ортосундагы административдик чек ара боюнча макулдашууну мыйзамдуу деп тапты. (AbA)

Тектеш темалар