Суицидке баргандардын көбү эркектер. Эмне үчүн?

Дүйнө жүзү боюнча статистика окшош эле: аялдар депрессиядан көп жапа чегип, суицидке жакын деп эсептелет. Ал эми өз өмүрүнө кол салгандардын көбү эркектер экен. Эмне үчүн мындай?

жалгыз олтурган киши Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Алты жыл мурун менин агам өз жанын кыйды. Ал болгону 28 гана жашта эле. Биз мындай көрүнүш сейрек болот деп ойлойбуз. Тилекке каршы андай эмес экен.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, 2016-жылы дүйнөдө болжолу 793 000 суицид катталган. Алардын көпчүлүгү эркектер болгон. Андан бери бул тема боюнча башка глобалдык статистика чыга элек.

1981-жылдан бери суицид көрсөткүчү Британияда төмөндөдү - 100 000 кишиге 15,5. Бирок 45 жашка чейинки эркектер арасындагы өлүмдүн негизги себеби - суицид бойдон кала берүүдө. Британдык аялдар арасында өз жанын кыюу - 100 000 кишиге 4,9.

Көп өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөр ушундай эле. Айталы, Австралияда эркектер аялдарга караганда үч эсе көп суицидке барган. АКШ - 3,5 эсе, Орусия жана Аргентинада төрт эсеге көп.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарында 40 пайызга жакын өлкөнүн көрсөткүчү мындан дагы кооптуу деп көрсөтүлгөн. Дүйнө өлкөлөрүнүн 1,5 пайызында гана эркектер менен аялдар ортосундагы сандар бирдей.

ыйлап жаткан эркек Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Биз бул статистиканы түзүп баштагандан бери ушундай айырмачылыктар сакталып келүүдө",-дейт психолог Жилл Харкави-Фридман.

Суицид - өтө кылдат жана татаал маселе. Анын себептери көп жана толук түшүндүрүп берүүнүн өзү кыйынга турат. Ошол эле маалда психикалык саламаттык боюнча изилдөөлөр көбөйүп, суицидке барууга түрткөн факторлорду түшүнүү аракеттери болуп жатат.

Мына ушундагы татаал суроолордун бири - аялдар менен эркектер ортосундагы айырмачылык. Анткени бул түшүнүксүз абал. Адатта депрессия диагнозу аялдарга көп коюлат эмеспи. Андан сырткары өз жанын кыюуга аракет кылгандардын көбү аялдар болот. Маселен, АКШда эркектерге караганда аялдар буга 1,2 эсе көп барышат.

Бирок эркектердин кадамдары бир топ эле радикалдуу. Ошондуктан учурунда жардам көрсөтүлгөн күндө дагы өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калат. Анын үстүнө денесине залал келтирген каражаттарга эркектердин колу көп жетет. Эркектердин чечкиндүүлүгү дагы роль ойнойт.

Эмне себеп эркектер көп азаптанышат? Мунун айласын тапса болобу?

Факторлор

Негизги элементтердин бири - баарлашуу жана мамиле, алака-катыш. Албетте, аялдар өз көйгөлөрүн башкалар менен бөлүшүп, төгүлүп-чачылып алышат. Тескерсинче, эркектер буга келгенде түнт.

Кайсыл гана коомдо болбосун муундан-муунга сакталып келе жаткан мындай стереотип бар: эркек күчтүү болушу керек жана арыз-муңун айтып даттана бербеши керек.

Эркектер алсыз жактарын достору же башкалар менен сүйлөшө бербейт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эркектер алсыз жактарын достору же башкалар менен сүйлөшө бербейт

Наристе кезинен тарта эле балдарга "эркектердин ыйлаганы - алсыздык", "эркек эч качан көзүнө жаш албашы керек" деп тарбия беребиз,-деп түшүндүрөт өз жанын кыюуга аракет кылгандарга 24 саат боюу пихологиялык жардам көрсөткөн австралиялык кайрымдуулук коомунун мурдакы жетекчиси Колман О'Дрисколл.

Канададагы суицидди алдын алуу борборунун аткаруучу директору Мара Грюнау көп нерсе балдар менен баарлашуубуз жана аларды буга тарбиялообузга байланыштуу дейт.

Эркектер алсыз жактарын достору же башкалар менен сүйлөшө бербейт. Аялдарга караганда дарыгерге дагы көп кайрылышпайт.

«Эркектер психикалык саламаттыгы боюнча дарыгерге өтө сейрек учурда гана барышат,-дейт Харкави-Фридман. - Аларда мындай көйгөй жок болгондон эмес, ушул көйгөлөр акыры суицидке жеткириши мүмкүн дегенди түшүнгүлөрү келбегенден кайрылышпайт".

Эгер киши стресс абалында экенин өзү түшүнбөсө, ага кимдир бирөө же бир нерсе жардам бере алат деген такыр ой болбойт да. Өз жанын кыйгандардын үчтөн бири гана ошол маалда депрессия же башка психикалык дарттан дарыланып жатканы анык болгон, дейт Харкави-Фридман.

Эң кооптуусу - эркектер адиске кайрылгандан көрө, "өзүн-өзү дарылаганды" туура деп эсептейт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эң кооптуусу - эркектер адиске кайрылгандан көрө, "өзүн-өзү дарылаганды" туура деп эсептейт

Эң кооптуусу - эркектер адиске кайрылгандан көрө, "өзүн-өзү дарылаганды" туура деп эсептейт.

«Эркектер алкоголго жана баңгизаттарга жакын. Ушундан алардын депрессия абалы дагы чагылып турат. Бирок биз билгенден, мындай жол суицидке гана түртөт эмеспи",-деди Харкави-Фридман.

Алкоголь болгону депрессияны тереңдетет. Өз жанын кыюуга жеткирген факторлордун бири катары дагы саналат.

Башка тобокел факторлор үй-бүлө жана жумушка байланыштуу. Маселен, экономика төмөн кеткенде жумушсуздук күч алып, өз жанын кыюуга аракеттенгендер көп боло баштайт. Адатта мындай абал экономикалык каатчылык башталган бир жарым, эки жыл аралыгында болору байкалаган.

2015-жылдагы изилдөөлөрдүн биринде жумушсуздуктун ар бир пайыздык көрсөткүчү суициддин 0,79% өсүшүнө алып келгени айтылган.

«Бизди ушундай тарбиялашкан: өмүр боюу өзүбүздү башкаларга салыштырып баалайбыз,-дейт британдык Calm кайрымдуулук коомунун жетекчиси Саймон Ганнинг. -Качан гана биз көзөмөлдөй албай калган экономикалык факторлор башталганда, бүт баары татаал болуп чыга келет".

"Коомдон обочолонуп калуу дагы суицидке алып келе турган коркунучтардын бири",-деп жазат «Кишилер эмнеге өз жанын кыят?» деген китебинде дарыгер Томас Жойнер.

Жумушту баарынан өйдө койгондун жеткен чеги - жалгыздык болуп калышы мүмкүн.

Бир нерсени эстен чыгарбоо керек, өз жанын кыюуга көптөгөн себептер жыйылып олтуруп, анан жеткириши мүмкүн. Ошондуктан бир эле себептен ошого барды деп айтууга болбос.

«Миллиондогон кишилер жумуштан айрылышат. Баарыбызда мамилелер үзүлгөн же башка кырдаалдар баштан өткөн. Бирок ушул себептер менен биз жаныбызды кыйып жаткан жерибиз жок да",-деп түшүндүрөт муну Харкави-Фридман.

Бири-бириңерге көп жардам бергиле Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бири-бириңерге көп жардам бергиле

Болжолдуу чечимдер

Мындай татаал маселени чечүүнүн жөнөкөй жолу жок, албетте. Бирок көптөгөн өлкөлөрдө алдын алуу боюнча түрдүү программалар иштеп, кайрымдуулук уюмдар жардамга келет.

Кайрымдуу болуу, бири-бири менен көбүрөөк баарлашып, жардам колун сунуу сыяктуу акциялар өтүп турат.

О'Дрисколлдун айтымында, коомчулукта жол кырсыгын алдын алууга өзгөчө көп көңүл бурулган. Ошол эле маалда көбүрөөк адам өмүрүн алып жаткан суицидке карата эскертүү, көңүл бууру анчалык эмес.

Мисалы, Австралияда 2015-жылы өз жанын кыйгандар жылына 100 000 кишиге 12,6 болгон. Жол кырсыган өлгөндөр 100 000 кишиге 4,7 болгон экен. Дагы көптөгөн иликтөөлөр талап кылынат. (AbA)

Макала кыскартылып которулду. Түп нускасын англис тилинде BBC Future сайтынан окуңуздар.