Кайсыл өлкөдө жоголгон капчык ээсине кайтарылат?

Америкалык жана швейцариялык изилдөөчүлөр дүйнөдө "чын дили менен жардам колун сунгандар көп болду бекен" деген суроого жооп издеп, атайын изилдөө өткөрдү. 40 өлкөдө 17 миң капчыкты "жоготушкан". Ошону менен бирге эле коомдук альтруизмдин табиятын түшүндүргүсү келген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Перуда капчык жоготкон болсоңуз, артка кайтып келиши кыйын

Изилдөөнүн тыянагы Science журналына жарыяланды.

"Арамза жүрүм-турум кишиге чоң пайда алып келгенде, алдамчылыкка болгон берилүү күчөйт. Бирок ошону менен бирге эле уурулукка аралашып калдым деген психологиялык ыңгайсыздык кишини жей баштайт. Ошондуктан биринчи абалды, экинчиси басып кетет",-деген тыянакка келет Мичиган, Цюрих жана Юта университетинин изилдөөчүлөрү.

Эгерде чоң деле пайда таппай тургандай абал болсо, анда кишилер башкаларга жардам берүүгө көбүрөөк кызыкдар болушат. Айталы, капчыктагы акчанын суммасы көп деле эмес, анан аны кайтарбай койгондо не пайда табат? Чынында мындай энтузиазм ар башка өлкөдө түрдүү баскычта десек болот.

Изилдөөчүлөр атайын даярдалган кишилерди дүйнөнүн 335 шаарына жөнөтүп, колдоруна капчык беришти. Ага суммасы көп эмес акча жана ээсинин визиткасы, ачкыч, дүкөндүн чегин (сүт, нан, кесме жана банан сатып алынган) салып коюшкан. Ар бирине ар башка нерсе салынган.

Айрым капчыктарда бир тыйын дагы акча жок эле. Кээ бирине жергиликтүү валюта менен аз гана акча салынган. Маселен, Орусияда 250 рублга чейин, Казакстанда 1200 тенгеден көп эмес.

Жоголгон капчыкты таап алгандар коомдук жайларга таштап кетишкен. Көбү капчыктын кожоюнун издеп олтургусу келген эмес. Ошентип боорукерлик боюнча сынактан 17 миң банк, театр, музей, почта, мейманкана, полиция кызматкерлери өттү десек болот. Анткени кайтарылган капчыктар алардын колуна келип жатпайбы.

Акчасы бар капчыктардын дал жарымын артка кайтарып беришкен. Ал эми ачкыч жана дүкөндөн соода кылынган чек салынган капчык үчүн 40 пайызы гана убара тартууну чечиптир.

Сүрөттүн автордук укугу Science

Кеп капчыкка салынган акчанын суммасында болуп жүрбөсүн? Ооба, изилдөөчүлөрдө ушундай күмөндүү ой пайда болот. Ошондуктан кошумча эксперимент өткөрүүнү чечишет. Бул ирет АКШ, Улуу Британия жана Польшада өткөрүштү. Бул жолу капчыкта 100 доллар бар эле. Кайтарып бергендер 72 пайызды түздү.

Бул кандайча? Изилдөөчүлөр үч гипотезаны сунуштап, аны бышыктоо үчүн кишилерди сурмажылап көрүштү.

Биринчи божомол - коркунуч. Видео байкоолор, кылмыш жоопкерчилиги. Бирок капчыкты кайтарып берген кишилер коркунуч тууралуу ойлобогону белгилүү болду.

Балким кишилер капчыктагы акчаны алып калып, курук эле артка кайтарышкан? Бул гипотеза дагы жарамсыз болуп калды. Анткени кайтыралган капчыктардын 98 пайызы ошол бойдон артка келген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Швейцарияда капчыкты түшүрүп салсаңыз, балким таап алышса, кайтарып беришет деп ишенсеңиз болот

Үчүнчү, балким кишилер сыйлык үмүттөнгөндүр деген божомол дагы жокко чыкты.

"Мындай тыянакты эч ким күткөн эмес, албетте. Кошумча изилдөөлөр көрсөткөндөй, көптөр кандайдыр бир уурулукка аралашып калууну каалаган эмес",-деп жазат изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар.

Эгерде алардын изилдөөсүнө ишенсек, анда акчасы менен жоголгон капчык Дания же Швецияда сөзсүз ээсине кайтып келет. Ал эми Мексика, Кения жана Перуда дароо эле капчык менен кош айтышкан оң. (AbA)

Тектеш темалар