Көркөм адабиятты көп окуганда акылдуу болосуңбу?

Бала кезден көп окуш керек деген сөзгө бышы кулак болуп калганбыз. Бирок азыркы заманбап иликтөөлөр муну ырастайбы? Көркөм адабияттын адамга оң таасири канчалык?

китеп барактап жаткан кыз Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

АКШда күн сайын 1,8 миллион китеп сатып алышат. Улуу Британияда жарым миллион китеп сатылат. Азыркы доордо кишинин көңүлүн алагды кылган көптөгөн себептер болгонуна карабай, көп кишилер мурдакыдай эле китеп окуганды жактырат.

Китептер бизди курчап турган чөйрөнү аңдап түшүнгөнгө, болбосо сөз байлыгыбызды кеңейтип, туура жазганга үйрөтөт десек болот.

Бирок көркөм адабият бизди өнүктүрүп, өстүрө алабы?

Жогору чеберчилик менен жазылган чыгармалардын каармандары бизди ошол окуяларга байлап алат. Аристотель айткандай, трагедияны көргөндө бизде эки эмоция болот: боор оору (башкы каарманга) жана коркунуч (өзүңө).

Чыгарманы окуп жатып, окурман андагы каармандарга өзүн салыштырат. Өзү ошондой кырдаалга түшсө, эмне кылышты ойлонот. Балким, эртең ушундай кырдаалга түшүп калса, кандай чечим кабыл алмагына түйшөлөт. Бул ыкма башка бирөөнү түшүнүү үчүн машыгып жаткан сыяктуу.

Ошондуктан канадалык психолог Кит Оутли көркөм адабиятты "биздин аң-сезимибизди өнүктүргөн эң жогорку деңгээлдеги машыгуу жайы" катары көрсөтөт.

Учкучтар авиалайнерди учуруп-кондурганга машыккан сыяктуу эле, көркөм адабиятты көп окуган кишилер социалдык билимин өстүрүшү мүмкүн.

китеп дүөндөгү бала Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Оутли өзүнүн иликтөөсүндө, окурман көркөм чыгарманы окуп жатканда каарманга өзүн окшоштуруп, өзүнүн ой-максаттарынын ордуна каармандын каалоосу тууралуу түйшөлө баштарын аныктаган.

Китептеги каарман кыз коркунучка кабылса, биздин жүрөгүбүз катуу согуп баштайт. Ал тургай өтө катуу толкунданып кетебиз. Анан "шүгүр, бул менин башыман эмес, башка бирөөнүн башынан өтүп жатат" деген ой бизди тынчтандырып, ал тургай канааттануу дагы алып келет. Бизди коркунуч каптап алат, бирок өзүбүздү куткаруу үчүн терезеден секирип кетпейбиз го.

Бирок ошол эле маалда мээбиздеги айрым механизмдер китептеги окуяларды реалдуу жашоодогу окуялар менен бирдей кабыл алат.

Киши китептен каармандын башына келген ар кандай уйгу-туйгу ойлорду окуп жаткан болсо, окурмандын мээсинин дал ошол жөндөмгө жооп берген бөлүгү активдешет.

Көркөм адабият - мээнин кайсыл бир бөлүгүн активдештирет Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көркөм адабият - мээнин кайсыл бир бөлүгүн активдештирет

Эгерде биз көркөм чыгарма аркылуу башкалар үчүн кабатыр болгонду үйрөнсөк, анда социалдык билимибиз артат дегенге далил барбы? Айталы, документалдык жана илимий адабияттарды окугандарга же таптакыр китеп окубагандарга салыштырганда, социалдык билими тереңдейт дегенге эмне далил бар?

Мунун иликтөөдө бир кыйынчылык бар - кишилер көп учурда окуган китептеринин санын атайлап көбөйтүп айтышканы. Буга кабылып калбаш үчүн Оутли жана анын кесиптештери студенттерге көркөм чыгарма жазган жана жазбаган бир нече автордун тизмесин берип, кимисин билесиңер деп сурашкан. Экспериментке катышкандарга ойдон чыгарылган дагы авторлор бар экенин эскертишкен. Алар белгилеген жазуучулардын ысымдары - канчалык көп окуйт дегенди көрсөтүп турган индикатор эле.

Андан кийин Оуклинин командасы катышуучулар менен Mind in the Eyes (көзүнө карап психикалык абалын окуу) тест жүргүзүшөт. Анын жүрүшүндө көзү гана тартылган бир нече сурөттү таратышкан. Катышуучулар сүрөттү карап туруп, кишинин абалын, эмоциясын айтып бериши керек эле.

Бир нече варианттар дагы сунушталган. Маселен, тартынган, корунган абалда, тынчсызданып турат, күнөөсүн сезүү, кыялга чөмүлүп турат ж.б.у.с.

Кишилер көп учурда окуган китептеринин санын атайлап көбөйтүп айтышат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кишилер көп учурда окуган китептеринин санын атайлап көбөйтүп айтышат

Бир караганда сүрөттөгү көз караш нейтралдуу көрүнөт. Бирок тапшырма татаал эле.

Бирок факт дегениң факт бойдон калат эмеспи. Мына ушул тапшырмада көркөм китептерди көп окугандар жогорку упай алышкан.

Социалдык неврология боюнча Принстон лабораториясынын психологу Диана Тамир прозаны көп окуган кишилердин социалдык таанып билүүчүлүк жөндөмү өтө мыкты болорун далилдеген. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, карасөз түрүндөгү чыгармаларды көп окуган кишилер башкалар эмнени ойлоп жатканын жана эмне сезгенин мыкты түшүнө алат.

Муну текшерүү үчүн бир нече изилдөөлөр өткөрүлгөн. Албетте, экспериментте башка, реалдуу турмушта тескерисинче болуп калышы деле мүмкүн. Идеалдуу алып келгенде, катышуучулардын эмпатия деңгээлин текшерүү үчүн көркөм адабиятты көп окуган же окубай таштап салгандарды көп жылдап байкоого алыш керек.

Көркөм прозаны көп окуган кишилер башкаларды жакшы түшүнүшөт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көркөм прозаны көп окуган кишилер башкаларды жакшы түшүнүшөт

Мунун ордуна бир нече кыска изилдөөлөр өткөн. Маселен, голландиялык окумуштуулар студенттерге Грециядагы козголоң же Нидерландиядагы майрам тууралуу гезиттеги макаланы же Нобелдик сыйлыктын лауреаты Жозе Сарамагонун "Сокурлук" деген чыгармасын окуп чыгуу жөнүндө сунуш берет.

Чыгармада унааны башкарып бараткан каарман жол чырактагы жашыл түстүн жагышын күтүп турганда капылеттен эле көзү көрбөй калат. Аны менен чогуу келаткандар үйүнө алып жөнөшөт. Ал эми көчөдөн өтүп бараткан бейтаныш унаасын айдап барып берем деп уурдап кетет.

Муну окуганда студенттердин эмпатия деңгээли көтөрүлүп кеткен. Бир аптадан кийин чыгармага ушунчалык байланып калгандардын эмпатия көрсөткүчү андан дагы жогорулайт.

Албетте, бир гана көркөм чыгармалар биздин жүрүм-турум жана сезимдерибизге таасир этет деп айтуудан алыспыз. Биз жаңылыктар түрмөгүнөн окуганда деле кишилерге болгон сезимдер козголот эмеспи.

Бирок көркөм адабияттын күйөрмандарында кеминде үч артыкчылык болот. Башкы каармандын ички дүйнөсүнө үңүлөбүз. Ал эми журналистка аркылуу буга жетүү кыйын.

китептер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биз чынында романдан адамдар жөнүндө эмне окусак, ошонун баарына, алардын өздөрү жөнүндө айткандарына ишенебиз.

Романдар биз реалдуу жашоодо кыла албай турган мүмкүнчүлүктү берет - каармандын көп жылдык турумушуна байкоо салабыз. Акыр соңу изилдөөлөр көрсөткөндөй, көркөм адабият кишилерди өзүн жакшы алып жүрүүгө мажбурлайт.

Айрым окуу жайлар мындай олуттуу таасирди колдонууга аракет кыла баштады. Өздөрүнүн программаларына гуманитардык модулдарды киргизип жатышат.

мобилдик телефон аркылуу китеп окуп жатат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Маселен, Калифорния университетинин үй-бүлөлүк медицина факультетинде көркөм адабият мыкты дарыгер болууга жардам берет экен деп, студент-медиктер үчүн гуманитардык программа иштеп чыгышкан. (AbA)

Макала айрым кыскартуулар менен берилди. Түп нускасын BBC Future сайтынан англис тилинде окусаңыз болот.

Тектеш темалар