"Фейсбуктагы" кастыкты козуткан чакырыктарга каршы күрөш

"Фейсбук" коомдук сайтында миңдеген ыктыярчылар кастык тили менен күрөшүүдө. Алар бул күрөштү #IAmHere урааны алдында уюштурду.

Image caption Нина менен жолдошу 2017-жылы Берлинге көчүп барышкан

Азыр Берлинде таңкы саат 7:30.

Бул убакытта Нинанын сааты шыңгырайт. Ал адаттагыдай эле көзүн ачып эле телефонун текшерет. Анан барып уктоочу бөлмөсүнөн бир жаштагы кызын ойготуп, тамактандырат. Бул Нина үчүн күнүмдүк адатка айланган.

Нинанын коомдук сайттардын башка колдонуучуларынан айырмачылыгы - анын электрондук каттарды, жаңылыктарды жана ушактарды жазган сайттарды окубагандыгы. Ал башкалардай болуп түрдүү сүрөттөрдү дагы жарыялабайт. Анын ордуна Нина күнүгө "Фейсбукту" ачып, #IAmHere (Мен бул жердемин) аттуу жабык группага кирет.

Нина эл аралык кастык тили менен күрөшүү жана издөө платформасы кыймылынын мүчөсү. Ал жана анын #IAmHere тайпасынын мүчөлөрү, бош убактыларында "Фейсбук" тармагындагы колдонуучулар көп катталган баракчалардагы баарлашууларды текшерет. Алар коомдук сайттагы расизм, месогендик (аялга болгон жек көрүүчүлүк) же болбосо гомофобиялык кастык пикирлерди (комментарий) өчүрүп турушат.

Алар кастыкты козуткан жана экстремисттик чакырыктарды таштагандар менен идеологиялык күрөш жүргүзүүнү көздөбөйт. Мындагы негизги идея - коомдук медианын колдонуучуларына троллдор сунуштаган жолдон тышкары дагы альтернативдүү өнүгүү бар экенин көрсөтүү.

Бул багытта ыктыярчылар дагы троллдордун консервативдүү көз караштарына же башкы ойлорунун куралы болбоого үндөөдө. Европадан жана бүткүл дүйнөдөн чогулган #IAmHere тайпасынын миңдеген активисттери миссияларын толугу менен он-лайн талкуу аркылуу дүйнөнү өзгөртүү, кастык бороонуна каршы туруу жана "Фейсбукту" толугу менен жакшы бир маалымат мейкиндигине айлантуу миссиясын көздөшөт.

Учурда коомдук медиа өтө чоң феноменологиялык деңгээлге көтөрүлдү. "Фейсбук" тармагы "Онлайн Жарандык Эрдик Демилгесинин" мүчөсү катары #IAmHere тайпаларынын мүчөлөрүнө акысыз жарнамалык материалдарды жана жолугушууларды уюштурууга көмөктөшөт.


Эмне үчүн алар буга убактысын коротууда?

39 жаштагы Нина жогоруда аты аталган коммерциялык эмес уюмдун жетекчиси катары бул ишке күнүнө 3 сааттай убактысын арнайт. Эң башкысы анын бул ишке берилгендигинин жеке себептери да бар.

Нинанын жолдошунун теги угандалык. Алар бир топ жылдан бери расизмдин күч алганын, мигранттарга каршы кастык мамиленин социалдык медиада күчөп баратканына кабатыр. Көптөр мындайды окуганда өздөрүн жаман сезип, коркуу сезимдери менен жашап калды дейт жубайлар.

"Германияда дагы ак раса үстөмдүк кылгандыктан, айрым адамдар бизге башкача мамиле кылат. Менимче, айрым нерселерди өзгөртүүгө болгон умтулуубуз күчөду деп айта алам. Кызымдын мындай нерселерди окуп өсүшүн элестете албайм. Мен мындай коомду каалабайт элем"- деди Нина.

2017-жылы германиялык белгилүү теле алып баруучу #IamHereга тууралуу жарыялагандан кийин, Нина дароо эле пикир жаза баштаган.

"Хештегди колдонгондо абдан толкундандым... Артымда мындай жаман көрүнүшкө каршы турган тилектештер болгон үчүн өзүмдү ишенимдүү сездим".

Нинанын айтымында Германиядагы коомдук сайттарда эң көп тескери пикирлер башпаанек издеген качкындарга, климаттык өзгөрүүлөргө каршы чыккан активисттерге каршы жек көрүү пикирлери көп жазылат. Пикир жазгандар расалык, этникалык же зомбулук ичиндеги сүрөттөрдү камтыйт. Айрым пикирлер жана сүрөттөр өтө эле одоно, орой болушу мүмкүн.

Аталган кыймыл кайсыл өлкөдөн башталган?

Image caption #IAmHere кыймылынын негиздөөчүсү Мина Деннерт

#IamHere чакырыгын ирандык Мина Деннерт аттуу журналист баштаган. Үч жылдай мурун социалдык медианы "кастык тилге толгон" деп баалап, изилдөө жүргүзөт. Атайын эсептегич менен мизегониялык жана расисттик пикирлерди изилдеп, мындай сөздөр социалдык медиада көнүмүш болуп колдонула баштаганын байкаган.

"Жашоомдо көп расисттик мамилеге туш болдум. Мен бул ишти аткаруудан коркпойм"- деген Мина Деннерт .

Деннерт бир топ убакытка чейин буга жалгыз эле киришкен. Андан соң атайын тайпа түзүп, иштөө тууралуу ойлонот.

"Көп колдонуучулар бул эң сонун турбайбы" дешти. Аларсыз өзүмдүн күрөшүмдү чабал сезчүмүн".

Швециялык тайпадагы мүчөлөрдүн саны 75 миңге жеткенде гана медиа алар тууралуу жазып баштаган. Маалымат тарап олтуруп, кийин мындай кыймылдар Италия, Франция, Словакия, Польша жана Англияда түзүлө баштады. Учурда #IAmHere тайпасы 14 тилде, бир максатты көздөп иштеп жатат.

Аталган кыймылдар "Фейсбуктагы" негизги конфиденциалдуу өзгөчөлүктөрүнө таянуу менен түздөн-түз кастык тили деп белгиленген ар түрдүү расалык, этникалык, улуттук, диний, жыныстык, гендердик өзгөчөлүктөрүнө жана олуттуу ооруулар же майыптарга карата түздөн-түз колдонулган кастык тили менен күрөш жүргүзүүдө.

Германиядагы #IchBinHier тайпасын маркетинг боюнча консултант Ханнес Лей негиздеген. Учурда тайпанын 45 миң мүчөсү бар.

Image caption Ханес Лей кыймылдын Германиядагы филиалын түптөгөн

Лейдин айтымында тайпа түрдүү демократиялык көз карашты колдойт.

"Биздин мүчөлөрдүн көпчүлүгү солчулдар жана бизде бир топ консервативдүү көз караштагы мүчөлөр дагы бар,-деди Лей. -Биз демократияда түрдүү көз караштарды кабылдашыбыз керек. Бирок ал зомбулук, кызуу кандуулук менен коштолсо, бул нерсе дал ушул #IchBinHier менен кесилишет".

Германиядагы тайпа кеңейген сайын, айрым мүчөлөр тайпадагы комментаторлордун кимдигине кызыгышкан. 23 жаштагы саясат таануу илиминин студенти, #IchBinHierдин ыктыярчысы Филип Крейсел мигранттарга карата кастык тилдерин камтыган пикирлерге "жакты" (лайк) белгиси көп коюлганына өтө таң калганын айтат.

Ал бул багытта кандайдыр бир чара колдонуу максаты менен маалыматтарды чогултуп баштаган.

"Мен буга каршы жигердүү иштеген бир топ баракчаларды таптым. Бул социалдык медиада өзгөчө тенденцияны жаратты"- дейт ал.

Каршы аракеттер

Дагы башка изилдөөлөрдө "Фейсбук" тармагында кастык тилине каршы биригишкен тайпалардай эле, кастыкты козуткан, бул багытта атайын максаттуу иш алып барган тайпалар дагы бар экени аныкталган.

Лондондогу Стратегиялык диалог институтунун изилдөөчүсү Жейкоб Дейви бул тайпаларды "Тролл аскери дээрлик жартылай аскерий иерархияда биригишкен" деп мүнөздөйт.

"Сиз бул тайпалардын "Фейсбукта" чогулганын жана айрым кызуу талкууларды токтотконун, кээде айрым талкууларга үстөмдүк кылганын көрсөңүз болот".

Бул "троллдор армиясына" каршы чыгуу тобокелдиктерди жаратпай койбойт.

"2018-жылы Швецияда шайлоо болгон. Андан соң алар биз туурасында акылга сыйбаган маалыматтарды таратып, чабуулга өтүштү. "Куралдарды сатып, террористтерди колдойт" дегенге чейин барышты",-деди Деннерт.

Image caption Нина дагы Берлинде коркутууларга кабылган

Шведдик тайпанын жеке маалыматтары интернетке жарыяланып кеткен. Катуу коркутуулар болгондуктан Деннерт үй-бүлөсү менен полицияга кайрылышкан.

Нина дагы Берлинде коркутууларга кабылган.

"Баламды карап эс алууда жүрсөм, троллдордун бири жумушумдун веб-сайтынан баламды эскертүү менен коркутту. Бул окуя мени өтө тынчсыздандырып, кооптондурду. Менде мындай опурталдуу ишти жасоонун зарылчылыны барбы деген дагы ойлор болгон",деп эскерет Нина.

Ал күндөлүк социалдык медиада колдонулган кастык пикирлердин тайпадагы мүчөлөргө таасир берерин моюнга алат.

"Бул күнүмдүк маанайыма жараша. Кээде андай пикирлер көптүгүнө жөн эле таң калсам, айрым учурда нервим чыңалып кетет",-дейт Нина.

"Фейсбук" мындан башка кандай чараларды көрө алат?

"Фейсбук" ыктыярчылардын жолугушууларын өткөрүп, акысыз жарнамаларды колдоого алат. Бирок бул жетишсиз сыяктуу. Анткени #IamHere катышуучулары кастык тили менен күрөштө бул аянтча мындан дагы жигердүү иштесе дейт. Лейдин пикиринде "Фейсбук" мындай кастыкты козуткан сөздөрдү өзү эле дароо өчүрө тургандай механизмди иштеп чыгышы керек деп эсептейт.

"Фейсбук" болсо соңку учурларда алдыңкы технологияларды колдонуп, кастык тилине каршы күрөштү жакшыртканын айтып келүүдө. Маселен, "Фейсбук" компаниясы 200дөн ашык кастыкты козуткан тайпаларды жапкандыгын билдирген.

2018-жылдан тартып Германияда атайын мыйзам кабыл алып, коомдук сайттардагы кастыкты козуткан пикирлерди бир күндө анализденип, өчүрүлүшүн көзөмөл кылат.

Дюссельдорфа университетинин изилдөөчүлөрү #IchBinHier тайпасынын иш аракетин изилдешкен. Жыйынтыгында алар тайпанын комментаторлору онлайн-талкууларда ийгиликтүү иштегендерин байкашкан.

Крейсел жана Лондондогу Стратегиялык диалог институтунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен 2017 жылдан тартып, координацияланган оңчул экстремисттик маанайдагы өнөктүктөр үч эсе көбөйгөнү байкалган.

"Мен абалдын жакшырганын эмес, тескерисинче начарлап жатканын көрүп турам",-деди Нина.

Күнүмдүк жашоосунда кастык маалымат агымы менен бет келишип, күрөш жүргүзгөн Нина кээ күндөрү үмүтсүздүктөн шалдырайт. Бирок бул күрөш мени чыңалтып, күчтүү кылды дейт ал.

Бул күч мени кызымды коргоого мүмкүнчүлүк берди. Эгер кимдир бирөө анын кандай кебетеде экендиги туурасында тескери пикир кылса, мен дароо жооп кайтарам.

Нина телефонун текшерди...