Рактын төрт түрү ашыкча салмактан

Британдык кайрымдуулук уюмунун (Cancer Research UK) окумуштуулары ашыкча салмак рактын бир нече түрүнүн өөрчүшүнө алып келет деген тыянакка келген. Аталган уюм ракты изилдөө менен алектенет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Изилдөөдө ичегинин, бөйрөктүн, жыныс безинин жана боордун рагынын негизги себеби семиздик же ашыкча салмактан улам деп айтылат.

Мурда Британияда мындай илдеттер толук кишилерге караганда чылым чеккендер арасында көп кездешкен.

Бирок рактын башка түрлөрүн жалпылап караганда, тамеки ракты өөрчүткөн негизги себептердин (киши алдын алууга мүмкүн болгон) бири. Ашыкча салмак экинчи орунда.

Ошону менен бирге эле Британияда чылым чеккендер азайып жатат. Тилекке каршы ашыкча салмактан жабыркагандар көбөйдү.

"Бул иликтөө ашыкча салмак - чылымдын жаңы түрү болуп калганын көрсөтөт. Улуттук саламаттыкты сактоо кызматы курсак байлагандар менен жалгыз күрөшө албайт. Буга өкмөт, тамак-аш өндүрүш тармагы жана үй-бүлө институту кийгилишүүсү керек",-деп белгилейт Улуттук саламаттыкты сактоо кызматы.

"Барган сайын биздин балдар чылымдан баш тартып жатышат. Бирок балдар арасындагы ашыкча салмак боюнча статистика көңүл жубатарлык эмес. Өкмөт бул эпидемияны токтотуу үчүн тез арада кийгилишүүсү зарыл",-деди Cancer Research UK жетекчиси Мишель Митчелл.

Британиядагы ичеги рагына кабылгандардын көрсөткүчүн алсак, семиздиктен улам өөрчүгөн учур чылым чеккендерге караганда 1900гө көп болгон. Бөйрөк рагы чылым чеккендерден 1400 учурга озуп кеткен.

Окумуштуулардын эсебинде, ашыкча салмак кеминде рактын 13 түрүнүн өөрчүшүнө алып келет. Анын ичинде ашказан, жоон жана ичке ичеги, уйку безиндеги, бөйрөк жана эмчек, жыныс безиндеги, жатындагы ракты пайда кылышы мүмкүн.

Дарыгерлердин ашыкча салмактын кесепети тууралуу эскертүүлөрү көп учурда сынга кабылып жатат. Айталы, айрым жарнамалар кескин сын пикирлерди жаратып, кемсинтүү катары дагы кабыл алынган учурлар бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Cancer Research UK маалыматы боюнча Британияда:

  • 13,4 млн. чоң кишилер ашыкча салмактан жабыркайт, ошону менен бирге алардын эч кимиси чылым чекпейт
  • 6,3 млн. чоң киши чылым чегет, ошол эле маалда ашыкча салмактуу эмес
  • 1,5 млн. чоң киши тамеки чегет, ашыкча салмакка ээ

Ашыкча салмак рак ооруларын өөрчүтөт дегенге окумуштуулардын күмөнү жок. Бирок ашыкча майлар онкологиялык ооруларга кандай жол менен таасир этерине изилдөөдө жооп жок.

"Биз ашыкча салмак гормоналдык өзгөрүүлөргө жана зат алмашуу көйгөйүнө алып келерин билебиз. Ал эстроген жана инсулиндин деңгээлин жогорулатып, сезгенүү процессин өстүрөт. Ошону менен клеткалардын бөлүнүү процессине таасир этет",-дейт окумуштуу Марк Гантер.

Ашыкча салмак канчалык көп болсо, ракка кабылуу кооптуулугу дагы ошончолук. Анан дагы көп убакытка чейин ашыкча салмакта жүрүү дагы рак илдетинин өөрчүшүнүн себеби болуп калат. (AbA)