Youtube жылдызына айланган Данияр

Кыргызстандык Данияр Жаныбековдун Оштогу ресторандардын биринде ырдаган ырын Youtube сайтында аз эле убакыттын ичинде 1 млн. 100 миң ашуун киши көрдү. Кыргыз жигитинин катардагы тойдо ырдаган ырын дүйнөнүн булуң-бурчунан уккан кишилер миңдеген комментарийлерди калтырган.

Даниярдын атайын музыкалык билим жок. Бул кудайдан берилген талант болсо керек, деди Данияр Би-Би-Сиге берген маегинде. Орусиялык ырчы Александр Серовдун "Я люблю тебя до слёз" деген ырын аткарып, интернетте топ жарган Данияр тууралуу айтып беребиз.

Кудайдан берилген талант

Мен 1987-жылы төрөлгөм. Музыка жаатында атайын билимим деле жок. Бала кезимде "Мээрим" фонду аркылуу уюштурулган сынактарга катышып келгем. Ошондон бери эле музыка дүйнөсүндө жашап келе жатам. Үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу музыкалык окуу жайга тапшыра албай жүрөм. Быйыл окууга тапшырайын деп, даярдык көрүп жатабыз. Эки кыз, эки уулум бар. Үй-бүлөмдө үч бир тууганбыз. Эки эжем бар, атабыз жети жашымда дүйнөдөн өтүп кеткен. Апам бизди жалгыз тарбиялады. Атабыз 1986-жылы Украинанын Чернобыль АЭСиндеги жарылуу болгон жерде кызмат кылган экен. Кийин ошондон ден-соолугу жабыркап жүрүп, каза болуп калган.

Youtube сайтына жарыяланган тасма тууралуу

Апамдын иниси тойго чакырып, мурдакыдай эле жандуу үн менен ырдадым. Анан ошол жерден оператор Канат Шарипбеков тартып алып, Youtube сайтында өзүнүн каналы бар экен, ошого киргизип коюптур. Башында тасманы көргөндөр көп деле эмес эле. Бирок бир аптанын ичинде эле 1 млн. ашып кетти. Казакстан, Украинадан жазып жатышты. Мага күтүүсүз болду. Чоң колдоо алып, шыктанып калдым. "Кыбыраган кыр ашат" дейт кыргызда. Биз дагы акырындап мээнет кыла беребиз.

Ош, Жалал-Абаддан чыга элекмин

Казакстан эмес, Бишкекке деле ырдап чыга элекмин. Ош, Жалал-Абад, Баткенде той-топурларда эле ырдап жүрөбүз. Венера Назаралиева деген ырчы кыз менен бир ырды чогуу ырдап чыктык. Автордук ырларды элге алып чыгууга аракет кыла баштадым. Өзүнчө альбом чыгарсамбы деген да тилегим бар. Кыргызстанда таланттуулар абдан көп. Кээси өзүн тааныта албай жүрүшөт. Мага окшоп кафе, рестро-барларда иштеп жүргөндөрү бар. Мен өзүм шансонду жакшы көрөм. Кыргызстанда окуп жүрүп, турмуш-шартка байланыштуу Орусияга жумуш издеп кетип калдым. Ал жакта кафелерде ырдадым.

Димаштай таланттуу жигит бир жаралат

Димаш Кудайбергенов абдан талантуу жигит. Мен аны өтө көп угам. Ага суктанып, кол чаап, талантына таазим кылабыз. Димаштай таланттуу жигит кылымда бир жаралат. Убагында анын талантын Казакстанда көп деле баалашкан эмес эле. Азыр эми дүйнөгө таанылды. Ушундай таланттар бизге эргүү берет. (ErA/AbA)

Тектеш темалар