Cанариптик келечекке жеткен өлкөлөрдөгү жашоо

Казыналык мекемелердеги узун-узун кезектер, кагазды толтуруп, анан чиновниктердин эшигин түртмөй... Көп өлкөлөрдөгү абал ушундай эмеспи.

Виртуалдык коммуникация Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мындай тажатма кезектерде олтуруп, алтындай убактыңызды эмнеге сарптайсыз? Менимче, көпчүлүгү телефонун чукулай баштайт. Электрондук почталарды текшерип, социалдык тармактарга бирдеме жазып, балким "Твиттерге" кезек күтүү сиз үчүн кандай тажатма болуп жатканын дагы жазып жиберишиңиз мүмкүн. Эмнеге мунун баарын түз эле смартфон аркылуу бүтүрүүгө болбойт. Келечекте ошого жетебиз деп ишенебиз. Бирок ошол келечекке азыр эле жеткен өлкөлөр тууралуу айтып беребиз.

Коммуникациялык мүмкүнчүлүктөр бул өлкөлөрдү өзгөртүүдө. Көп аймактарда санариптик элемент күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болуп калды.

Ылдам интернет, мобилдик каражаттар аркылуу эле онлайндын жеткиликтүү болгону жана электрондук төлөмдөр глобалдык экономиканы алдыга жылдырууда.

Бир буту келечекке кадам таштаган өлкөдө жашоо кандай?

Эстония

Жалпы рейтингде биринчи орунда

InterNations рейтингинде бул өлкө биринчи орунда турат. "Интернеттин жеткиликтүүлүгү" жана " онлайн аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" категориясы боюнча лидер деп саналган өлкө. СССРдин курамынан чыгып, эгемендикке ээ болгондон кийин Эстония санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу киришкен.

Өкмөт тарабынын каржыланган e-Estonia программасы мына ушул багытта иштеди. Шайлоодо онлайн добуш берүү, акча жүгүртүү, ооруканага жазылуу, төлөмдөр интернет аркылуу ишке ашат.

Эстония санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу киришкен Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1991-жылдан бери Эстония санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу киришкен

Е-Estonia 1997-жылы ишке киргизилген. 2000-жылдан тарта жарандар бул жерден салыктарды төлөй баштаган. Азыркы учурда эстондордун 95 пайызы салыгын так ушундай төлөйт. Онлайн аркылуу дарыларга рецептерди, анализдердин жыйынтыгын алганга мүмкүн. Ал тургай керектүү документтерге интернет аркылуу кол коюп, шайлоого да добуш бере алышат. Эстонияда жашаганга укук алуу үчүн чет элдиктерге ушул эле интернет кызматынан пайдалануу сунушталат.

Бул программа чет элдик бизнесмендердин дагы көңүлүн буруп, өзүнүн фирмасын онлайн каттоого мүмкүнчүлүк берди. Албетте, эстон экономикасы үчүн пайдасы көп болуп жатат.

"Эстонияда интернетке эркин мүмкүнчүлүк алуу - адам укугунун негизгилеринин бири саналат. Ал тургай Сааремаа сыяктуу аралда дагы интернет бар",-дейт учурда Таллинде жашаган австриялык ишкер Александр Ним.

Бардык каттоолор онлайн жана ылдам ишке ашат деди ишкер.

2007-жылы Эстония киберчабуулга кабылган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2007-жылы Эстония киберчабуулга кабылган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды

Ал тургай телефон аркылуу коңгуроо кылган дагы эскирип бараткандай.

"Мен үчүн чат аркылуу эле керектүү суроого жооп алуу ыңгайлуу,-дейт Таллиндин жашоочуларынын бири Тармо Аннус. Айталы, дүкөн майрам күндөрү иштейби деп, билиш үчүн "Вайберге" эле жазып коем".

Деген менен мындай санариптешүүнүн бир коркунучу бар. Маселен, 2007-жылы Эстония киберчабуулга кабылган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды.

"Ал киберчабуул интернет сайттарды, бүтүндөй санариптик инфраструктураны шал абалга келтирди. Банк карталары жана мобилдик телефондор иштебей калган",-деп эскерет ошол учурда АКШнын Эстониядагы элчиси болуп иштеген Дейв Филлипс. Кийин бул тууралуу китеп жазган.

Ушундан кийин НАТО эл аралык киберчабуулга каршы аракеттене баштады. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн демилгеси менен Таллинде уюмдун киберкоргонуу боюнча эксперттик борбору ачылган.

Финляндия

Жалпы рейтингде экинчи

InterNations рейтинги боюнча Финляндия беш категориянын төртөөсү боюнча көрсөткүчтөрү жогору деп табылган. Ал эми электрондук акча жүгүртүү боюнча биринчи орунда.

Өлкө үчүн интернет өтө маанилүү. 2010-жылы өкмөт ар бир жаран ылдам интернетке ээ болушу керектиги тууралуу мыйзам дагы кабыл алган. Мындай кадамга барган дүйнөдөгү биринчи өлкө болду.

2010-жылы өкмөт ар бир жаран ылдам интернетке ээ болушу керектиги тууралуу мыйзам дагы кабыл алган. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2010-жылы өкмөт ар бир жаран ылдам интернетке ээ болушу керектиги тууралуу мыйзам дагы кабыл алган

"Жогорку ылдамдыктагы интернет биз үчүн сөз эркиндиги менен айкалышкан",-дейт Тампере тургуну Хейкки Ваананен. Ал кардарлардын жана керектөөчүлөрдүн онлайн-платформасын негиздеген.

"Маалыматка эгедер болуу баарына бирдей мүмкүнчүлүк берип, өлкөнүн келечегине олуттуу таасирин тийгизет".

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеңил, жеткиликтүү онлайн байланыш жана чет тилдерди автоматтык түрдө которуу кызматы сырттан келгендердин дагы жашоосун жеңилдетет.

"Эгерде сен фин тилин түшүнбөсөң, англис тили боюнча онлайн кызмат жардам берет",-дейт "Менин үйүм Финляндия" деген блогду негиздеген, сегиз жылдан бери Хельсинкиде жашаган Питер Синэн.

Санариптик инфраструктура бул өлкөдө жылдан жылга жакшырып баратат.

"Хельсинки шаарынын борбордук бөлүгүндө укмуштуудай санариптик мүмкүнчүлүктөр менен жаңы китепкана ачылды. Бул сыяктуу борборлор абдан көп. Ал жерде түрдүү катмардагы кишилер чогулуп, тамактанып, спорт менен алектенип, интернет колдонушат",-дейт Синэн .

Кызык жери ушундай жеткиликтүү интернет болсо дагы финдер "мобилдик телефондорунан баш көтөрбөй, интернет оорусуна" кабылган эмес.

көл Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Жайындасы финдер дачаларына кетип калышып, бүт баарын унутушат",-деп айтып берди Синэн

Табият койнунда эс алганды жакшы билишет.

"Жайындасы финдер дачаларына кетип калышып, бүт баарын унутушат",-деп айтып берди Синэн.

Финляндияда жарым миллондой жайкы үйлөр бар.

"Жакында эле Дүйнөлүк саламатттыкты сактоо уюму финдерди дүйнөдөгү эң дени сак улут деп тапты. Калктын үчтөн бири ДСС тарабынан сунушталган физикалык көнүгүүлөрдү аткарышат.

InterNations иликтөөсү менен санариптик инфраструктурасы өнүккөн деп табылган 10 өлкө:

  • Эстония
  • Финляндия
  • Норвегия
  • Дания
  • Жаңы Зеландия
  • Израиль
  • Канада
  • Сингапур
  • Нидерланддар
  • АКШ

Канада

Жалпы рейтингде жетинчи орунда

Канада бардык категориялар боюнча эле алдыда турат. Өзгөчө бул өлкөдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, электрондук капчык жакшы өнүккөн.

Санариптик жашоо ири шаарларда көбүрөөк өнүккөн.

InterNations иликтөөсү боюнча Канада жетинчи орунда Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption InterNations иликтөөсү боюнча Канада жетинчи орунда

"Торонто сыяктуу мегаполистерде санариптик жагымдуу шарттар бар,-дейт канадалык Эрик Вичопен. - Жаңы жана чакан дүкөндөр алдыңкы технологияга, анын ичинде смартфон аркылуу төлөмгө бат ыңгайлашууда".

Канадада интернет өтө арзан эмес. Бирок онлайн түрүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ыңгайлуулугу жана интернеттин чектөөсүз берилгенин эсепке алганда, ишкрелер үчүн мыкты шарт түзүлгөн өлкө деп саноого болот.

Компанияны каттоо, бухгалтердик иштерди онлайн жүргүзүү жана башка мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Сиз аны үйдө олтуруп эле башкара бересиз.

Түштүк Корея

Жалпы рейтингде 27-орунда

Түштүк Корея "үйлөргө жеткирилген интернеттин ылдамдыгы боюнча биринчи орунда".

"Түштүк Кореядагы күнүмдүк жашоонун агымы абдан бат. Азык-түлүк же башка буйрутмалар төрт-беш секундда ишке ашат",-дейт Сеул тургуну Чой Е Юн. Банк кызматы дагы кардарлары үчүн өтө ыңгайлуу.

Бул өлкөдөгү интернеттин ылдамдыгы абдан жогору.

Түштүк Корея интернеттин ылдамдыгы абдан жогору Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Корея интернеттин ылдамдыгы абдан жогору

Коңшуларына салыштырмалуу бул өлкө жарандарынын интернет мүмкүнчүлүгүн чектебейт. Мунун өзү жарандык активдүүлүктү өстүрдү.

"Санариптик теңдик Түштүк Кореядагы демократиянын алдыга жылуусуна түрткү берди,-дейт Чой Е Юн. - Интернеттин чектелбегени жарандарды социалдык көйгөлөргө кайдыгер болбоого, саясатчылардын туура эмес кадамдарына каршы пикир айтып, өзгөртүүгө жол ачты".

Бирок мүчүлүштүктөр жок эмес. 2019-жылы айрым андроид системасындагы мобилдик программалардан сыр сөз жана каржылык маалыматтар ачыкка чыгып кеткени белгилүү болгон.

Bloomberg Law юридикалык порталынын жакында эле жарыяланган рейтинги боюнча Түштүк Корея купуя маалыматтардын сыртка чыгып кетүү коркунучу бар өлкө катары табылган. (AbA)

Макала кыскартуулар менен сунушталды. Түп нускасын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуй аласыздар.