"Миллиондогон доллар бизнесимди жашыруун кармадым"

Marcin Kleczynski Сүрөттүн автордук укугу Daragh Mc Sweeney/Provision
Image caption Марсин 14 жашында эле вирустардан коргогон программаларды иштеп чыккан

Би-Би-Синин The Boss (Босс) программасы дүйнөдөгү бизнес лидерлер жана алардын кызыктуу окуялары жөнүндө баяндайт. Бул аптада АКШда катталган Malwarebytes антивирус компаниясынын негиздөөчүсү Марсин Клекзинский тууралуу айтып беребиз.

Ар бир ишкердин маанилүү бир учуру болот. Анда ишкер идеясы чоң бизнеске айланаарын сезет. Марсин Клекзинский болсо университеттин жатаканасында отурганда, анын антивирусу чоң бизнес болорун түшүнгөн.

2008-жылы он сегиз жаштагы Марсиндин Malwarebytes компаниясы тууралуу кибер коопсуздук дүйнөсү көп сөз кылган. Анда Malwarebytes бир жылга толо элек болчу.

Жаш ишкер күндүз сабак окуп, түнкүсүн компаниясын өнүктүрүүгө умтулган. Бирок Иллинойс университетинин жатаканасында ишин улантуу оңойго турган жок.

"Эң соңку вирустарды анализдеп жаткана, маселе чыкты. Менин компьютеримдин экраны ак болуп, "сиз шектүү иштерди жасаганыңыз үчүн жатакананын интернетин колдоно албайсыз" деген сөз жазылды. Алар компьютерге вирус киргенин байкашкан, бирок аны атайын орнотуп, кайра жок кылууга аракеттенип жатканымды түшүнгөн эмес. Университеттин жардам байланышына чыксам, мага адисин жөнөтүштү. Ал бала келип, компьютерге толтура вирус кириптир деп туруп, менин Malwarebytes баракчаман антивирусту жүктөдү".

Сүрөттүн автордук укугу Marcin Kleczynski
Image caption Марсин (сол тарапта) университеттеги достору менен

"Мен эч нерсе деп айткан жокмун. Эч унчукпай, аны карап турдум. Адис болсо менин программамды жүктөп, маселени чечти да, чыгып кетти. Ал менин ким экенимди билген жок, бирок ошол окуяны эч качан унутпайм".

Марсин университетти 2012-жылы бүтүрүп, компьютер илимдеринин адиси катары диплом алган. Жогорку билимдүү болгон учурда анын Malwarebytes компаниясы жылына миллиондогон доллар киреше таап жаткан. Ал учурда Марсиндин мугалимдери "сен акылдуу баласың, бирок окууңа көңүл бур, бааларың түшүп кетти" деп айтып турушкан.

Бүгүнкү күнү компания 126 миллион доллар киреше табат, дүйнөнүн ар бурчунда миллиондогон кардары бар.

Марсин 1989-жылы Польшада төрөлүп, үч жашында ата-энеси менен АКШга жер которгон. Бала кезинде ал компьютер оюндарын жактырчу. Он төрт жашында компьютерине байкабай вирус киргизип алып, интернеттен вирустар менен күрөшүү тууралуу окуп, кийин татаал китептерге өткөн.

Сүрөттүн автордук укугу Malwarebytes
Image caption Компаниянын 750 кызматкери бар

Malwarebytes 2018-жылы январь айында расмий түрдө иштей баштаган. Ал учурда он сегиз жаштагы Марсин окууга барбай эле, компанияны өнүктөрүүнү ойлогон.

"Бизнесим жакшы башталган. Акырын апама барып, "окууга барбай эле койсомбу?" деп айттым. Он беш мүнөттөн кийин университетке кетчү оокатымды чогулта баштадык. Апам окуйсуң деп катуу туруп алды".

Апасы Марсиндин отуз беш жаштагы чоочун киши менен бирге иштеп жатканын жактырган эмес. Марсин компаниясын Брюс Харрисон менен бирге баштаган болчу. Эки адис антивирус боюнча онлайн форумда таанышып, коддорду чогуу жаза баштаган.

"17 жаштагы бала 35 жаштагы киши менен чогуу иштеп жатам деп апасына айтты. Ошону элестетсеңиз, аны кантип түшүндүрсө болот?",- дейт Марсин

Ал учурда Марсин менен Брюс бетме-бет кездешкен эмес. Брюс Массачусетсте иштеген, Марсин болсо Чикагодо жашачу. Алар Malwarebytes компаниясынын иштегенине бир жыл болгондон кийин гана бетме-бет жолукту.

"Биз бир жылдын ичинде миллион доллар киреше алгандан кийин гана жолуктук. Биринчи жолу кездешкенибиз деле кызык болгон жок. "Салам Брюс" дедим, кол алыштык да кайра кеттик".

Учурда Брюс АКШнын башка аймагында иштейт. Компаниянын изилдөө бөлүмүн жетектейт. Ал эми Марсин "Силикон өрөөнүндө" компаниянын башкы кеңсесинде отурат. Компаниянын 750 кызматкери бар жана кеңселери Ирландия, Сингапур менен Эстонияда ачылган. 2014-жылдан бери компанияга 80 миллион доллар инвестиция салынды.

Сүрөттүн автордук укугу Marcin Kleczynski
Image caption Марсин бош убактысын асманда өткөрүүнү жактырат, анын учак башкарууга күбөлүгү бар

Malwarebytes компаниясынын программасы күнүнө 247 миң жолу жүктөлөт, айына 187 миллион жолу вирусту табуу үчүн иштетилет. Башка антивирус компанияларындай эле эң жөнөкөй программаны бекер жүктөп алса болот, башкасына акча төлөш керек.

Албетте, буга жетүү үчүн Марсин көп кыйынчылыктарды жеңип өттү:

"Программада көп көйгөйлөр болгон. 2014-жылы вирус болбосо деле программа вирус көрдүм деп белги бере берди. Ошондон улам жүз миңдеген компьютер бузулду, ооруканалардын компьютерлери жакшы иштебей, көп кыйынчылыктарга туш болдук. Мындай маселелерге бардык антивирус компаниялары туш болот. Ушундай каталардан бүтүндөй компания жабылышы мүмкүн. Биз катаны убагында оңдоп калууга жетиштик".

Азыр Марсин жыйырма тогузда. Ал ишкерликке шыгы бар жаштар идеяны эрте өнүктүргүлө деп кеңеш берет. Университетте окуп, бир эле учурда бизнес жүргүзүү оор болгону менен, апасынын тилин алып, жогорку билимдүү болгонуна сүйүнөт.

"Билим эле эмес, өмүрлүк жарым менен университетте тааныштым",- дейт Марсин.

Сүрөттүн автордук укугу Marcin Kleczynski
Image caption Марсин келинчеги менен университетте таанышкан

Тектеш темалар