"Адал жолугушуу": Диний топтордун таанышуу тиркемеси

пара сидит в кафе Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дүйнөдө конкреттүү бир динди кармангандарга арналган таанышуу, баарлашуу тиркемеси барган сайын популярдуу болуп баратат.

Бул Tinder тиркемесинен эмнеси менен айырмаланат? Буга карата динаятчылардын пикири кандай?

Таанышуу кызматтары өзүнчө эле бир тармакка айланып калды. Барган сайын мындай кызматтардын түрдүү багыттары ачылууда. Айталы, диний көз карашына карап таанышууга эсептелген тиркемелер иштелип чыгууда. Эксперттердин пикиринде келечегинде бул тармак активдүү өнүгүшү мүмкүн.

"Дүйнө глобалдашып жатканына карабастан, ар бир киши үчүн жеке иденттүүлүгүн табуу, өзүнө окшогондорду, ошол эле кезде дин маселесинде дагы өзү сыяктууларды издөөгө умутулган кыймыл бар",-деп эсептейт америкалык изилдөөчү Арик Ахвердян.

"Көпчүлүк учурда буга миграциянын күчөшү дагы себеп болуп жатат. Бөтөн жерге келген киши өзүнө жакын кишилерди табууну каалайт. Мындай диний багыттагы таанышуу тиркемелеринин саны өспөйт деп ойлойм. Анткени азыр иштеп жаткандары деле жетиштүү. Менимче аларга болгон активдүүлүк күчөшү мүмкүн",-деп кошумчалады ал.

Мусулмандар

Мусулмандар арасында эң көп талкууланган таанышуу тиркемелери Muzmatch жана Minder.

Muzmatch өзүнүн чагымчыл жарнамасы менен көптөрдүн көңүлүн бурганы бар. Жарым жыл мурун Британиядагы коомдук унаада "адал жолугушуу" деп жазылган жарнама пайда болгон эле. Бул учурунда катуу талкууларга жол ачты. Ошол эле маалда тиркемени иштеп чыккандар "бир түндүк өнөктү издөө үчүн эмес, өмүрлүк жар табуу максатында" иш алып барып жатканын айтып чыккан.

"Диний тиркемелер чыны менен эле өтө олуттуу. Бир нече айга эле чардап, тайраңдаш үчүн өзүңдүн диниңдеги кишини издебейсиң. Турмушка чыгуу, баш кошуу, бала-чакалуу болуу максаты менен гана мындай диний таанышуу кызматынын кардары боло аласың",-дейт Love Planet сервисин башкарган "Медиамирдин" мурунку директору Михаил Гуревич.

Өтө олуттуу тиркеме бул Single Muslim. Буга катталуу үчүн колдонуучу качан никеге тургусу келерин, кандай шартта, учурда ким менен жашайт деген суроолорго так жооп бериши керек.

Single Muslim тиркемесине теңин издеп жаткан кишинин ата-энеси, бир туугандары дагы катталса болот.

Аялдар хиджаб же никаб менен жүрөбү, сакалчан эркектерге мамилеси кандай деген суроолорго жооп берет. Эркектер болсо, хиджаб же никаб кийген аялды издеп жатабы, сакал барбы же жокпу деген сыяктуу суроолорго жообун берет. Ушундан соң гана каттала алат.

Мусулмандарга арналган таанышуу тиркемелеринде сөзсүз кайсыл агымда экенин көрсөтүү зарыл. Суннит же шийитпи, беш убак намаз окуйбу?

Muzmatch тиркемесине айына 5 доллар төлөсөң, 100 пайыздык шкала менен канчалык динчил экенин дагы көрсөтүп берет. Анын негиздөөчүсү Шахзад Юнас дүйнө боюнча бойдок жүргөн 400 миллион мусулман тиркеменин потенциалдуу кардары болушу мүмкүн деп болжойт.

Бул тууралуу динаятчылардын пикири кандай?

Сүрөттүн автордук укугу Ильдар Аляутдинов

Ильдар Аляутдинов, Москванын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси

Мен мындай тиркемелерге түз көз караштамын. Бүгүнкү күндө мындай таанышуу аянтчалары көп деле эмес. Ошондуктан бул маселени чечүүнүн жолу болушу мүмкүн. Аны колдонгондорго эмне деп кеңеш бере алам?

Биринчиден, сиз издеп жаткан жаншеригиңиздин кандай сапаттары эң маанилүү экенин, эмнеге ошону издеп жатканыңызды жакшылап түшүнүшүңүз керек.

Шилтемедеги тилкелерге көңүл буруңуз - никеге мамилеси, сунитпи же шийитпи, анын динди карманган деңгээли. Аялы менен күйөөсүнүн бир ишенимде болгону абдан маанилүү.

Кезигишкенге чейин кат аркылуу өзүңүз үчүн маанилүү болгон суроолорду сүйлөшүп алыңыз. Жооптордон бул сиздин маңдайыңызга жазылган кишиби же жокпу, ошону байкайсыз. Ошону менен бирге эле узакка чейин кат алышууну сунуштабайт элем. Ички туюмуңуз ал кандай киши экенин сизге билдирет.

Эгерде көңүлгө төп келсе, анда кезигишүүгө барууга болот. Балким жолугушууга баргандан кийин, адашканыңызды сезген болсоңуз, бул коркунучтуу деле эмес. Кабатыр болбосоңуз деле болот. Сиз кийин дагы бир нече жолугушууга бара аласыз. Дин муну чектебейт. Бирок жолугушуу коомдук жайларда же жакындарыңыздын катышуусу менен өтүшү керек. Сөзсүз эле ата-энеңиз эмес, туугандарыңыздын катышуусу деле болот.

Албетте, этикалык нормаларды кат жазышуу учурунда дагы сактоону айтпай кетсем болбос. Аялдар жүзү жана колунун манжалары гана көрүнгөн сүрөтүн чыгарса болот. Калгандарын ачык көрсөтпөгөнү эле оң. Талкууланган темалар дагы исламдын чегинде болушу зарыл.

Иудейлер

Бул жерде кеп бир эле диний тиркеме эмес, диний-этникалык тиркеме тууралуу.

Эң көп талкууланган мындай тиркемелердин бири - JSwipe.

Анын жасалгасында көптөгөн диний символикалар бар. Маселен, сиз колдонуучунун сүрөтүн баскан болсоңуз, экранда Давиддин көк жылдызынын стикери пайда болот. Эгер сиз "жактырбаган" белгини баскан болсоңуз, ошол эле жылдыз кызыл түстө көрүнөт.

Сиз "жактыруу" белгисин койгон сүрөттүн ээси дагы сизге ошондой белги койгон болсо, экранда иудей үйлөнүү үлпөтүнүн символдорунун бири чыгат.

JSwipe жана буга окшош башка тиркемелер өзүн дин менен тыгыз байланыштырбайт. Айталы, тиркемеге жазылып жатканда иудаизмге көз караш боюнча алты башка опциянын бирин тандоо керек - ортодокс, консервативдүү, маданий, реформаторлук же жөн эле иудаизмди тутунган жөөт. Эгерде алты опциянын бири дагы сиздин көз карашка дал келбесе, өзүңүз каалаганды жазып койсоңуз болот.

Сүрөттүн автордук укугу Jswipe

ММКлар мындай тиркемени колдонгондордун көбү иудаизм динине же жөөттөргө тиешеси жок экенин жазып чыгышууда. Өзүнүн өмүрлүк жарын тапкысы келгендер жөөттөр билимдүү жана иштерман деген репутациясынан улам мындай тиркемеге кайрылганын айтышкан. Бирок өздөрүнүн ал динге тиешеси деле жок.

Жөөт коомчулугу болсо мындай тиркемени башка улуттар же дини башка кишилер жөөт кыздар же жигиттер менен таанышуу үчүн колдонуп жатканына кабатыр болушууда.

Сүрөттүн автордук укугу Цви Бихман
Image caption Цви Бихман, раввин

Цви Бихман, раввин

Бул идеянын өзүнүн плюстары жана минустары бар. Бир жагынан дин таанышууга жакшы мамиледе. Бул биздин жашоодогу өтө маанилүү элемент.

Экинчи жагынан, минусу - ассимиляция. Жөөт коомчулугу өтө жабык, ошонусу менен биз кандай гана куугунтуктарга карабастан, үч миң жылдан бери жашап келе жатабыз.

Тиркеменин колдонуучулары жөөттөр экенин кантип билишет? Бизде катуу талап бар. Маселен, мен жөөтмүн. Көп жылдан бери раввин экениме карабай, ажырашып, кайра Москвада үйлөнө турган болгонумда равинаттан мага документтериңди алып кел дешти. Башкалардыкы сыяктуу эле документтеримди өтө тыкыр текшеришкен.

Тиркемеде мындай текшерүү жок. Жаштарга мындай кеңеш берет элем, бүт баары жөөттөр экенине биз ишенимдүү болгон иш-чараларда жана аянтчаларда таанышкыла дейт элем. Ал жерде деле катачылыктар болот, бирок өтө аз.

Эгерде тиркемени ушундай жол менен кылса, жалаң жөөттөр гана болсо, мен муну колдойм.

Христиандар

Христиандар үчүн тиркемелер мусулмандар менен иудейлердикинен дагы катаал. Christian Dating for free сыяктуу тиркемелер көп баскычтуу каттоону талап кылат.

АКШда популярдуу болгон Christian Mingle тиркемеси Spark Networks компаниясына (Jswipe дагы) таандык болуп, КМШ колдонуучулары үчүн жабык. Чиркөө кыз-келиндерди акылдуу кадамга барууга чакырат. Эгерде тиркеме аркылуу бир эркек менен таанышкан болсоң, бул аны менен дароо эле бир керебетке жатасың деген кеп эмес, дешет христиан динаятчылары.

Мындай тиркемелерге каршылык жок болгону менен, диний агымдарга карап, айталы, католик, православ, протестанттык агымдар үчүн өзүнчө тиркемелер болсо деген пикирлер бар. (AbA)

Тектеш темалар