Чылымдын калдыгы өсүмдүктөрдү өлтүрөбү?

Чылымдын калдыгы шаар көчөлөрүндө эң көп ташталган желим таштандылардын бири саналат. Британдык окумуштуулардын жаңы иликтөөсүндө чылымдын калдыгынын айлана-чөйрөгө, тагыраагы, жердин кыртышына, андан кийин өсүмдүктөрдүн өсүшүнө зыяны айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Статистикага таянсак, дүйнө жүзүндө жылына 5,6 триллион тамеки чегилет. Алардын үчтөн экиси атайын урнага ташталбай ыргытылат. Болжолу 4,5 триллион тамеки.

Көптөгөн кишилер тамекиде желим кошулмасы жок деп эсептешерин соңку сурамжылоолор көрсөттү. Чынында тамекинин фильтринде желим (ацетилцеллюлоза) аралашмасы бар.

Тамеки фильтриндеги ацетилцеллюлоза бир жарым жылдан он жылга чейин чирибей жатып, айлана-чөйрөгө орду толгус зыян алып келет экен. Соңку иликтөө мындан өсүмдүктөр жапа чегерин ырастап, алардын боюу өспөй калат дейт.

Англиянын Раскин университетинин окумуштуулары өткөргөн иликтөөнүн жыйынтыгы мындай:

  • Чылымдын калдыгы аралашкан жерде өскөн беде кадимки таза топурактан өскөнүнөн 27 пайызга жапыз болуп калган
  • Чөп 10 пайызга
  • Башка өсүмдүктөр 13 пайызга чейин жапыз өскөн

Окумуштуулардын изилдөөсүндө тамеки күйгөн учурда бөлүнүп чыккан токсиндердин зыяны эсепке алынган эмес. Ал өзүнчө иликтөөнү талап кылат.

Кембрижге жакын жердеги кыртышты анализдеп көргөндө, айрым жерлерде бир чарчы метр жерден эле 128 чылымдын калдыгы тапса болорун көрдүк, дейт изилдөөчүлөр.

Бул макалаларды дагы караңыз:

Чылым чеккендер өзүнө эле эмес, бүтүндөй табиятка зыян алып келип жатканын аңдап түшүнө беришпейт. Маселен, Британиядагы чылым чеккен кишилердин 38 пайызы гана тамекинин курамында желим бар экенин билери белгилүү болду.

Сүрөттүн автордук укугу PA Media
Image caption Көп учурда чылым чеккендер калдыгын туш келди ыргытып кете беришет

"Чылым калдыктары айлана-чөйрөнү булгап, өсүмдүктүн өсүшүнө тескери таасирин тийгизерин аныктадык. Маселен, беденин тамыры жарымына чейин кыска болуп калат экен",-дейт изилдөөнүн авторлорунун бири Дэниэлла Грин.

"Буга дагы кошумча иликтөө талап кылынат. Бирок курамында химиялык кошулмалар бар чылым өсүмдүктөргө тескери таасирин тийгизерин ишенимдүү түрдө айта алабыз",-дейт авторлордун бири Бас Бутс.

Изилдөөнүн жыйынтыгы Ecotoxicology and Environmental Safety журналына жарыяланды. (AbA)