"Карышкырдын үңкүрү": Гитлердин штабы паркка айланабы?

"Карышкырдын үңкүрүндөгү" дубалдар ушунчалык бекем болгонун мындан билиңиз, нацисттер өздөрү көп сандагы жардыргыч менен урата албай коюшкан Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Карышкырдын үңкүрүндөгү" дубалдар ушунчалык бекем болгонун мындан билиңиз, нацисттер өздөрү көп сандагы жардыргыч менен урата албай коюшкан

Польшанын чытырман токойунда жайгашып, тегерек-чети көл жана саз менен корголгон "Карышкырдын үңкүрү" комплекси (Wolfsschanze) Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Адольф Гитлердин башкы штабы болуп турган.

Жалпысы болуп бул жерде Гитлер 850 күнүн өткөргөн экен. 1941-жылдын жай айынан 1944-жылдын күзүнө чейин, Берлинге чыгып кеткиче ушул жерде болгон.

"Карышкырдын үңкүрү" учурда музей болуп, жыл боюу туристтерди кабыл алат. Жыл сайын болжолу 300 миңдей турист келип кетет. Алардын көбү поляктар жана немистер.

Жергиликтүү токой чарбасындагылар тарыхый эстеликтин сакталып калышы үчүн колдон келгенин жасашат. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Себастьян Трапик тарыхый чындыкка болгон урмат-сыйдан улам ушундай аракеттер болорун айтып берүүдө. Бирок тарыхчылар эгерде эле музейди паркка айлантчу болсо, анда жийиркеничтүү Диснейлендге же неонацисттер зыярат кылган жайга айланып кетпейби деп кооптонуп жатат.

Гитлерге кол салуу

"Карышкырдын үңкүрү" комплексин нацисттер 1941-жылдын жай айынан 1944-жылдын күзүнө чейин пайдаланышкан. Мына ушул жерден Адольф Гитлер Советтер Союзуна кол салууну башкарып жана Чыгыш фронтун көзөмөлдөгөн.

Фюрердин башкы штабы сексендей бункерден турган. Чытырман токойдун арасына курулуп, кайтарууга алынган аймагы 250 га. болгон.

Тикенек зымдар, мина көмүлгөн талаа, андан кийин күзөт мунаралары болгон. Бирок мындай сактык деле кутумчулардын фюрерге кол салуусуна тоскоолдук жарата алган эмес.

1944-жылдын 20-июлунда вермахтын аскерлери "Карышкырдын үңкүрү" комплексинде Гитлерге кол салып, анысы ийгиликсиз болуп калган.

Башкы штабдын полковниги граф Клаус Шенк фон Штауффенберг портфелине жардыргыч салып келип, Гитлер менен жыйын өткөн залга коюп кеткен.

Бир нече минутадан кийин жарылуунун катуу доошу угулду. Төрт киши өлүп, жыйырмасы жаракат алган. Адольф Гитлер болсо аман-соо калган. Аны эменден жасалган стол сактап калган. Жыйын жүрүп жатканда бутуна илешкен портфелди бирөөсүү жылдырып салган экен.

Гитлер деле оңой эмес жаракат алган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Граф Клаус Шенк фон Штауффенберг дароо эле кармалып, атууга кеткен. Ал 36 жашта эле

1944-жылы 21-июлдун түнүндө бир нече аскер жетекчиси атууга кеткен: жөө аскерлердин генералы Фридрих Ольбрихт, полковник Альбрехт Мерц фон Квирнхайм, юрист жана офицер Вернер фон Хафтен, ошондой эле граф Клаус Шенк фон Штауффенберг.

Кол салуунун эртеси күнү комиссия түзүлүп, СС жогорку жетечилиги кутумду иликтөөгө киришкен. Миңдеген кишилер кыйноого алынып, чыккынчылыгы үчүн атууга кеткен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "Мына ушул жерге 1944-жылы 20-июлда граф Клаус Шенк фон Штауффенберг бомба салынган портфелин коюп кеткен", деп жазылып турат

Комплекстин аймагында "20-июлдагы кутумду уюштургандарга" арналган эстелик бар.

Нацисттер 1945-жылы бул жайдан кетип бара жатышып, аны жок кылууга аракет кылышкан. Көп сандагы жардыргычтарды орнотуп, бункерлерди керектен чыгара алышкан эмес.

Гитлердин шатабы

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Муссолини жана Гитлер 1944-жылдын 20-июлундагы жардыруудан кийин жыйындар залын карап жаткан учуру

Тарыхчылар бул жай азыркы абалында эле музей бойдон калышы керек деген пикирде. Польшадагы белгилүү тарыхчылардын бири Павел Мачевич музейдин ордуна туристтердин көңүлүн бурган жай курам дегендин өзү акылсыз жана кыжырланткан идея деп эсептейт.

Би-Би-Си менен интервьюсунда согуштан калган мындай так сабак болуш үчүн ошондой абалында сакталып турушу керек дейт.

Гитлердин бул жердеги штабында холокост жана Варшавадагы көтөрүлүш маалындагы маанилүү чечимдер кабыл алынган.

Ошондуктан бул жердин тарыхы тууралуу айтканда, согуш курмандыктарынын арбагын сыйлап, этияттап сүйлөш керек дейт тарыхчылар. Ошол эле маалда нацисттердин жырткычтыгын унутпоо абзел.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Музейге келгенде аудиогид колдонуп, "Карышкырдын үңкүрүнүн" тарыхы тууралуу тасма көрүшөт

Туристтерди тартуу айласы менен тарыхый жайды өзгөртүү Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы Польша тургундарынын азап-тозогунун үстүнөн мазактоо болуп калат деп эскертишүүдө. (AbA)

Тектеш темалар