"Шпион балдар": Британ полициясы өспүрүмдөрдү кантип колдонот?

Британияда жыл сайын бир нече өспүрүм полицияга жашыруун маалымат берген "тыңчыга" айланат.

Метро

Криминал чөйрөcүндө өсүп жаткан балдар жеке жашоосундагы көргөн-билгендерин полицияга кабарлап турат. Анын тегерегиндегилер, айталы, ата-энеси, достору же жакындары болобу, өспүрүм эки оюнду бирдей ойноп жатканын ойлобосо дагы керек.

Өкмөт буларды кылмыштардын бетин ачууга колдонуп жатканын жашырбайт. Мындай практика бар экенин сотто дагы далилдөөгө даяр.

Сара

Саранын (ысымы өзгөртүлдү) таржымалын майда бөлүкчөлөрдөн кураштырып алдык. Ошондо дагы толук тартылбаган сүрөт сыяктуу болуп калды.

Биринчи жолу ага полиция байланышка чыкканда 17 гана жашта эле. Ата-энеси ажырашып, анын тагдырына түйшөлгөнгө эч кимисинин чамасы деле жок болчу. Ага эң жакын киши эле - сүйлөшкөн жигити Ричард (ысымы өзгөртүлгөн) эле.

Сара

Ричард сексуаслдык кулчулук менен алектенген. Кыздарды сойкулук кылууга мажбурлап иштетчү. Алардын арасында Сара дагы болгон.

Ричардка айып тагуу үчүн жетиштүү далилдер керек эле. Ошондуктан полиция Саранын изине түшөт. Укук коргоо органдары Сараны кантип көндүргөнү белгисиз, айтор Сара аларга маалымат берүүгө макулдугун берген.

Бир топко чейин полицияга маалымат берип турган. Андан кийин эмне болгону дагы чоң сыр. Белгилүү болгону Сара кийин адам өлтүрүү кылмышына күбө болуп калган. Саранын тегерегиндегилер дагы эмне болуп жатканын билишкен эмес. Бул окуяны мыйзам менен "жашыруун" делген документтердин катарына кошуп коюшту.

2018-жылы бул тууралуу Лорддор палатасынын өкүлү Салли Хэмви айтып чыккандан кийин, окуя бүдөмүк болсо дагы коомчулукка ачыкка чыкты. Бул өспүрүмдөр "тыңчы" катары колдонулуп жатканы бүтүндөй өлкөгө белгилүү болгон алгачкы учур эле.

Хэмви Би-Би-Сиге берген маегинде, окуянын соңу кандай бүткөнү, Сарага эмне болгону боюнча түшүндүрмө алуу мүмкүн болбогону тууралуу айтып берди. Полиция бул боюнча эч кандай комментарий бербейт.

Уюшкан кылмыштуулук

Британияда Сара сыяктууларды - Juvenile Covert Human Intelligence Source ("жашыруун агент болуп иштеген өспүрүм") деп аташат. Мындай ишке тартуу атайын мыйзамдар менен негизделген.

Прыжок

Бир жыл мурун эле 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр полициянын калкалоосу алдында мындай ишке бир айдан көп убакытка тартылчу эмес. Кийин өкмөт бул мөөнөттү төрт айга чейин узартып койду.

Бирок мындайга балдарды тартууну токтотуу керек деген чакырыктар айтылып келүүдө. Расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылы 17 өспүрүм ушундай "тыңчылыкка" тартылган. Алардын эң кичүүсү 15 жашта болгон.

Британияда балдар аралашкан кылмыштардын жалпы көрсөткүчү соңку он жылдын ичинде төмөндөгөнү тууралуу расмий маалыматтар бар. Бирок бул кырдаалдан алып караганда, сандар негизги көрсөткүч эмес.

Акыркы маалыматтар боюнча баңгизатка байланышкан кылмыш 5% өсүп, мыйзамсыз куралга байланыштуу өспүрүмдөр аралашкан кылмыш 10 пайызга көп катталган.

Полицияга жашыруун маалымат берип иштеген өспүрүмдөрдүн көбү мына ушундай кылмыштарга байланышкан иштерге тартылат, дейт мурдакы полиция кызматкери Нил Вудс.

2015-жылы дагы бир полиция кызматкери менен доктор Брайан Чаппелл менен ушул темада ой бөлүшкөн. Анын пикири Чаппеллдин докторлук диссертациясында келтирилген. Окумуштуу "шпион-балдар" тууралуу иликтеген.

Кылмыш чөйрөсүндө жүргөн өспүрүм балдар же кыздарды колдонуу полициянын практикасында кездешет деп айтып берген ал.

Мунун оң жагы дагы бар, деп ынандырат полиция кызматкери. Мурда өспүрүм бул чөйрөдө коргоосуз жүргөн болсо, кийин ага полиция калканыч болот. Анын кылмыш дүйнөсүнөн суурулуп чыгып кетишине жардам берет деп эсептейт.

Bankside

Өтө опурталдуу, бирок мыйзамдуу

Жаштар жана балдар менен иш алып барган Just for Kids Law кайрымдуулук уюму британ Ички иштер министрлигин сотко берген.

Арызда балдардын коопсузудугун, психологиялык кесепетин эске албай, тыңчылык ишине тартканын айыптаган. Мындай балдарды коргоого алуу боюнча кандайдыр бир чаралар каралбаганын дагы сынга алган.

"Полиция биринчи кезекте баланын оор кырдаалдан чыгып кетүүсүнө көмөк бериши керек. Кайра аны чоң коркунучка кептегени туура эмес",-деген соттук угуу учурунда уюмдун директору Энвер Соломон.

Адвокат Квилан Галлахер сотто сүйлөгөн сөзүндө жөнөкөй мисал келтирет: Адатта кайсыл бир шек менен өспүрүм полицияга сурак берсе, аны сөзсүз түрдө чоң киши коштоп келет эмеспи. Ал эми жашыруун тыңчы катары тартылып жаткан балдар, ушул сыяктуу коргоодон кур жалак калган.

Соттук угууда Галлахер полициянын балдарды тыңчылкка тартканын көрсөткөн мисал катары Саранын окуясын айткан. Полиция террористик, карактоо жана сексуалдык кулучулук сыяктуу кылмыштарда балдарды тыңчы катары колдонушат. Кээ учурда аларды өзүнүн ата-энесин аңдууга мажбурлашат, деген Галлахер.

Ички иштер министрлиги болсо "тыңчы балдар" көптөгөн кылмыш иштерин иликтөөдө, алдын алууда чоң жардам бергенин айтууда.

"Жашыруун маалымат берген балдарга олуттуу физикалык жана психологиялык зыян болору айдан ачык. Андан сырткары тыңчы балдар өзүнүн полиция менен кызматташканын жашыруу үчүн кылмышка аралашууга мажбур болушу мүмкүн",-деп айтылган дооматтар менен судья Майкл Сапперстоун дагы макул болгон. Бирок жыйынтыгында судья Сапперстоун толугу менен ИИМ тараптын кызыкчылыгын коргоду.

Ал өзүнүн сот чечимин мынтип негиздеген: тыңчы балдар менен иштешүүдө полиция так эрежелерди карманат, мындай кызматташуунун мөөнөтү төрт айдан ашпайт, ар бир айда полиция иликтөөдө тыңчы балдардын ишин узартууну так негиздеп бериши керек.

ИИМдин коопсуздук боюнча жетекчи орун басары Бен Уоллес соттун чечимин кубаттаган. Ал 2015-жылдын январынан бери өспүрүмдөрдү жыйырмага чукул ирет ушундай ишке тартышканын белгилеп, "алар олуттуу кылмыштарды иликтөөдө өтө маанилүү роль ойногонун" айткан.

Өткөн күз айында Лорддор палатасындагы угууда өкмөттүн өкүлү Сьюзен Уильямс 2015-жылдын январынан 2018-жылдын октябрына чейин 14 өспүрүм гана жашыруун маалымат берген тыңчылыкка тартылганын айткан. Алардын көпчүлүгүнүн жашы 17ге жеткен экен.

Перекресток

Экстремисттердин планын кантип билсе болот

Крист (ысымы өзгөртүлдү) 17 жашка келгенде ата-энеси ажырашып кеткен. Ал багар-көрөрү жок көчөдө калат. Криске депрессия деген аныктама берип, дарылануусу керек деп бүтүм чыгарган. Жергиликтүү мечиттердин бири ага жардам сунуштаган. Бир жолу Кристин жаңы тааныштары аны бир иш-чарага алып барышкан.

Бирок Крис экстремисттердин курчоосунда олтурганын аңдабай эле, депрессиядан жабыр тартып жүргөнүн, кээде өз өмүрүнө кол салуу тууралуу ойлор болгонун айтып берет.

Кийин гана ал кайсыл чөйрөгө кабылганын биле баштаган. Жөн эле өлүп калбай ишеним үчүн өлүш керек деп, аны азгыра башташкан.

Бег

Крис полицияга өзү келген.

Полиция бул тууралуу билгенден кийин, эки анжы жолдо турду. Кристи артка жөнөтсө, полиция менен атайын кызмат жаңы кишилерди катарына тартуу ыкмаларынан тарта, экстремисттик коом тууралуу көп маалыматка ээ болмок.

Бирок чечим кабыл алуу үчүн социалдык камсыздоо департаментин дагы ишке тартышты. Алар Кристин психологиялык абалын, башка тобокелчиликтерди анализдеп, аны жашыруун агент катары колдонууга тыюу салды.

Крис

Бул окуя он жыл мурда болгон. Ал тууралуу Портсмут университетинин доктору Брайан Чаппелл изилдеп, аны өзүнүн диссертациясында сүрөттөп берген.

Өспүрүмдөрдү мындай ишке тартууда сөзсүз түрдө тобокелчиликтер изилденип чыгат. Эгерде өспүрүм мындай ишке тартууга жарамдуу болсо, 2000-жылдары кабыл алынган мыйзамдын негизинде иш алып барышат. Полиция кызматкери кырдаалды баалап, зыяны тийбегендей кырдаалда гана тыңчы өспүрүмдү колдоно алат.

"Узак убакытка чейин жалган сүйлөгөнгө аргасыз болуу олуттуу психологиялык травмага алып келерине өзүм күбө болдум. Өзгөчө көп учурда маалыматты ташыган тыңчылыкка тартылган аярлуу катмардагы кишилер үчүн оор. Тыңчы балдарды алсак, мындай тажрыйбадан кийин алардын кайра криминалдык чөйрөгө кирип кетүү коркунучу чоң",-дейт мурдакы полиция кызматкери Нил Вудс.

Полиция тарабынан ишке тартылгандардын бири кайра криминалдык чөйрөгө кайтып барганы тууралуу мисал доктор Брайан Чаппеллдин практикасында бар.

Манипулятор

Нил Вудстун пикиринде, балдардын тыңчылыкка тартылышы тууралуу маалыматтар кылмышкерлерге алда качан эле белгилүү. Натыйжада алар катарындагы өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн суусун агызып, полицияга жакын жолотпоого аракет кылат. Ошентип бул айлампада кайра эле балдар тобокелчиликке кабылып, кооптуу кырдаалга туштугуп жатпайбы.

17 жаштагы Саранын окуясы көрсөткөндөй, полиция кырдаалдын оор экенине карабай иликтөө иштерине өспүрүмдөрдү тартууга барган учурлар бар деп эсептейт Вудс.

"Кээде полиция кызматкери ашкере эле манипулятор болууга аргасыз болот. Мен дагы коркунучтуу манипулятор элем. Өспрүм мындай мүнөздөгү манипуляцияга каршы турганына шансы болбойт",-деди ал. (AbA)

Сүрөттөр Олесия Волковага таандык