Көркөм чыгармадагы окуялар келечекте чындыкка айланабы?

АКШда "Үй кызматчынын аңгемелери" сериалынын акыркы эпизоддору көрсөтүлө баштады. Сериал канадалык жазуучу аял Маргарет Этвуддун чыгармасынын негизинде тартылган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мурдакы үч сезонунда антиутопиялык чыгарманын сериалы мүмкүн болгон телевизиондук сыйлыктардын баарын алды. Ошол эле "Алтын глобустан" "Эммага" чейинки сыйлыктар.

Сериалдагы окуялар алдыдагы келечек жөнүндө. Азыркы АКШнын аймагын ээлеген ойдон чыгарылган Галаад деген мамлекетте бийликти христиан-фундаменталисттер басып алат.

Төңкөрүшкө ымыркайлардын төрөлүүсүнүн өтө начар көрсөткүчү себеп болгон эле. Булганган айлана-чөйрө жана өзгөчө аялдар арасында жыныс аркылуу тараган жугуштуу оорулардан улам, көптөр бала төрөй албай калат. Бала төрөгөнгө жарамдуулар чиновник жана офицерлерге мажбурлоо жолу менен төрөп берүүгө аргасыз болот. Анткени алардын аялдары төрөттөн калган, ошон үчүн "кызматчы аял" керек.

Балдардын төрөлбөй калуусуна бир эле аялдар арасындагы контрацепция жана эмансипациянын жайылышы эмес, экологиялык абалдын начарлашы дагы себеп болгон.

Баласыз штаттар

Кыязы, сериалдагы окуялардын азыркы АКШ аймагында болуп жатканы дагы жөн жерден тандалбаса керек.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, өткөн жылы АКШда 3,79 млн. ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бул өлкө тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч экени айтылууда.

Ошол эле маалда, статистика көрсөткөндөй, аялдар кайсыл куракта, кайсыл улутта экенине карабай, экономика өсүп, жумушсуздук кыскарган шартта дагы аз төрөй баштады.

Калктын санын бир калыпта кармап туруу үчүн төрөлүү көрсөткүчү болжолу 2,2 (миң аялга 2200 төрөт) болушу керек.

АКШ бул көрсөткүчкө 1971-жылдан бери жете элек. Азыркы учурда орточо алганда бир аял эки бала (1000 аялга 1728 төрөт) төрөйт. Бирок АКШда башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу төрөлүү көрсөткүчү жогору турат.

Ар кайсыл өлкөлөрдөгү төрөлүү көрсөткүчү

Image caption Булак: БУУ (2017-жылдагы маалымат)

Жогоруда көрүнүп тургандай, Орусия, Украина, Беларусияда жана Улуу Британияда орточо алганда бир аялга экиден бала туура келет. Жалпысынан алганда соңку 70 жыл ичинде төрөлүү көрсөткүчү эки эсе азайган ( 5,05тен 2,49га чейин).

Демографиялык катастрофа

Көп өлкөлөр сөздүн түз маанисинде бат жарылып кете турган демографиялык минанын үстүндө олтурат.

Айталы, калктын саны рекорддук темп менен кыскарып жаткан өлкө - Болгария. Бул өлкөдө төрөлүү көрсөткүчү 1,46 экени аз келгенсип, төрөттөн ымыркайлар чарчап калган учурлар дагы көп.

Кырдаалды массалык миграция дагы күчөтүп жатат. Чет өлкөгө жумуш издеп чыгып кеткендердин көбү жаштар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Чыгыш Европадагы өлкөлөрдөгү абал: Венгрия (1,45), Латвия (1,52), Литва (1,6), Молдова (1,57), Польша жана Румыния (1,36), Сербия (1,44), Украина (1,55) жана Хорватия (1,41).

2050-жылга барып, бул өлкөлөр калкы 15%дан 23%га чейин азаят деп күтүлүүдө.

Батыш Европада кырдаал башкача. Бул жерде калктын санында өсүш бар. Албетте, буга мигранттардын агымынын дагы таасири бар.

Бирок бул жагдайдын Италияга тиешеси жок. Бул өлкөгө канчалык көп мигрант келип жатканына карабастан, төрөлүү көрсөткүчү 1,34.

Орточо алганда, экиден көп бала төрөгөн аялдар Францияда. Дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөр Түштүк Корея (1,26) жана Сингапурга (0,83) мүнөздүү.

Албетте, бул глобалдык тенденция аялдардын бойго бүтүүдөн сактануу каражаттарын көп колдоно баштаганы, маалыматтуулугу жогорулаганы менен байланыштуу. Анан калса азыр үй-бүлөнү пландоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Көптөр эки баланы жетиштүү деп эсептейт.

Бирок дагы бир маанилүү фактор катары экологиялык начар абалды айтса болот. Эркек менен аялдардын саламаттыгына мунун кесепети тийип жатат. Барган сайын дарыгердин жарадамысыз балалуу боло албай калган түгөйлөр саны көбөйдү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жалпысынан дүйнө калкынын саны акырындык менен болсо дагы өсүү үстүндө. Окумуштуулар калктын саны көп болуп, ресурстар жетишпей калат деп коңгуроо кагып келет. Бүгүнкү күндө планета калкынын өсүүсүнүн жарымы саналуу гана өлкөлөргө таандык.

Булар: Египет, Индия, Индонезия, Нигерия, Пакистан, Танзания жана Эфиопия. Бирок бул өлкөлөрдө деле төрөлүү көрсөткүчү төмөндөгөн.

Ушул жагдайлардан улам көптөр "Үй кызматчынын аңгемелерин" социалдык фантастика болуудан калды, азыр эле болуп жаткан абалга метафора деп чечмелеп жатышат. (AbA)