Гималайдагы табышмактуу Сөөк көлү

озеро Роопкунд Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гималайдагы анчалык чоң эмес Роопкунд көлү деңиз деңгээлинен 5029 м бийиктикте жайгашып, Индиянын Уттаракханд штатынын аймагында. Жылдын көп мезгилинде көлдү муз каптап турат

Гималайдагы Сөөк көлү деп таанылган Роопкунддан табылган кишинин сөөгүнө жүргүзүлгөн ДНК-анализ - бул жайдын тарыхы өтө сырдуу экенинен көрсөткөн дагы бир далил болуп калды.

XIX кылымдын аягынан тарта эле көлдүн жээгинде жүздөгөн кишилердин сөөгү жатканы тууралуу уламыштар айтылып жүргөн.

XX кылымдын орто ченинде көлдүн жээгинен 500дөй сөөк калдыктары табылган. 1960-жылдары атайын анализ жүргүзүлүп, калдыктар биздин замандын биринчи миң жылдыгындагы кишилерге таандык экени айтылган.

Бирок бир дагы гипотеза кишилер эмнеден өлгөнүн толук кандуу түшүндүрүп бере алган эмес. Кар көчкү болгонбу, таш көчкөнбү, анысы белгисиз.

Индия, АКШ, Германия окумуштуулары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ДНК-анализи сырдуу көлдү изилдеп жаткандар үчүн ачкыч болмок. Бирок анализ тыянактары изилдөөчүлөрдүн алдына дагы көптөгөн суроолорду койду.

"Анализдердин жыйынтыгынан кийин Роопкунд көлүнүн тарыхы биз болжогондон дагы татаал экенин түшүндүк",-дейт Гарвард университетинин медицина мектебинин генетик окумуштуусу Дэвид Рейх.

Сүрөттүн автордук укугу SCHWIKI HUMAN SKELETONS IN ROOPKUND LAKE WIKIPEDIA

Иштин жүрүшүндө көлгө жакын жерден табылган 23 эркек жана 15 аялдын ДНКсы иликтенген. 38 геномду байыркы 1521 кишинин жана заманбап 7985 кишинин маалыматтары менен салыштырышкан.

Окумуштуулар тарабынан изилденген 38 кишинин сөөгүнүн калдыктары азыркы учурдагы үч генетикалык топко таандык болуп чыккан. 23 киши азыркы Индия элине жакын генетикалык топко тиешелүү, 14 кишинин генотиби азыркы жашап жаткан Крит менен Грециянын тургундарына жакын. Бир кишинин генотиби Түштүк Чыгыш Азия элдерине окшош.

Сөөктөрдүн жашы бир топ айырмалуу. Генотиби боюнча Түштүк Азия элдерине жакын деген сөөктүн калдыгы биздин замандын 7-10-кылымдарына таандык экени айтылат. Ошол эле учурда булар ар кайсыл учурда каза табышканы ачык айкын болду. Окумуштуулардын айтымында, алар бир учурда өлгөн эмес.

Генотиби боюнча Жер Ортолук деңиздин чыгыш жээктериндеги жашоочуларга окшош болгон киши сөөктөрүнүн тобу биздин замандын 17-20-кылымдарына таандык деп айтылууда.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сөөк көлүнө алып барган жол

Бул 23 эркек менен 15 аялдын бири-бирине туугандык байланыштары болгон эмес. Алардын айрымдары жаш курагында каза табышкан. Кээси улгайган кезде өлгөнү белгилүү болду.

Изилдөөчүлөр бул кишилердин өлүмү кандайдыр бир эпидемия менен байланышта дегенге далил жок деп айтышты.

Окумуштуулар 38 гана кишинин сөөгүн изилдөөгө алганын эске алсак, көлдө теги ар башка болгон кишилердин дагы бир нече сөөгү жатышы мүмкүн.

Роопкунд көлүнө бул кишилерди эмне айдап келгенин билбинбей деле калат окшойт. Бирок окумуштуулар Сөөк көлүнүн табышмагын жандырууга аракет кылууда. (AbA)