Оптимисттер көп жашайт

оптимисттер жаман ойдон алыс болгондуктан стрессти оңой жеңет, Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Оптимисттер жаман ойдон алыс болгондуктан стрессти оңой жеңе алат.

Жашоодо майда-баратка көп кейиген, дайыма наалыган пессимисттерге караганда оптимисттердин көп жашаганга шансы чоң болорун америкалык окумуштуулардын изилдөөсү көрсөттү.

Жайдары маанайда жашаган адамдар 85 жашка жетип же андан да узак жашарын Бостон университетинин медицина мектебинин окумуштуулары таап чыкты.

Алардын гипотезасы боюнча оптимисттер эмоцияга көп алдырбай жашаган үчүн стресстин зыянынан көбүрөөк коргоно алат.

Окумуштуулар пессимисттер дагы жашоодо жакшылыктан үмүт үзбөй, жакшы тилек менен жүрсө пайдалуу болот дешет.

Изилдөөгө эки топтогу адамдар катышты, 70 миң аял, бир жарым миң эркек.

Окумуштуулар аларга мүнөздүү оптимизм менен жалпы ден соолугун аныкташкан. Аларга физикалык күчтү талап кылган иштери, диетасы жана тамеки чегери, арак ичери тууралуу суроо беришкен.

Орточо алганда абдан оптимист адамдын жашоо узактыгы 11-15% жогору болуп чыккан.

Оптимизм деңгээли жогору айымдарда 85 жашка жетүү 1,5 эсе, эркектерде 1,7 эсе жогору.

Адам өмүрүн кыскарткан ар кандай ооруларга алып келген факторлор жөнүндө көп белгилүү, ал эми жакшы карылыкка өбөлгө болгон "позитивдүү психологиялык факторлор" жөнүндө көп белгисиз.

"Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, оптимизм деңгээли жогору болгон адам узак жашап, жакшы карыйт экен,-дейт Бостон университетинин медицина мектебинин психитатрия профессору Люина Ли. - Изилдөөнүн маалыматтарына караганда, жакшы келечек тууралуу кыялдануу же интенсивдүү когнитивдик-жүрүм терапиясы оптимизмдин деңгээлин жогорулатышы мүмкүн".

Ошол эле убакта оптимист адамдар эмне үчүн узак жашаарын так айтыш али кыйын.

"Жакшы жүрүм жана депрессиянын төмөнкү деңгээли биздин маалыматты толук түшүндүрбөйт",-дейт Ли.- Биздеги башка изилдөөлөрдүн маалыматтарына карасак, оптимист адамдарда эреже катары белгилүү бир максаты болот жана ага жетерине ишенет. Андан сырткары, алар проблемаларды эффективдүү чечет жана стресс кырдаалда эмоцияга көп алдырышпайт".

Изилдөөнүн натыйжалары позитивдүү ойлонуунун пайдасы жөнүндө мурда белгилүү пикирлерди ырастады, дейт "Бакыттын илими" курсу боюнча дарс окуган профессор Брюс Худ.

"Бул жерде себеп болгон механизмдердин бири, оптимисттер жаман ойдон алыс болгондуктан стрессти оңой жеңет, - дейт Худ. - Стресс иммундук системага таасир бербей койбойт, ошондуктан оптимисттер оору-сыркоодон тез сакайып кете алат. Стрессти жүрөк, диабет жана рак оорулары менен байланышта караган изилдөөлөр бар". (КС)

Тектеш темалар