Ыйласаң, жеңилдеп каласың...же андай эмеспи?

Плачущий мужчина Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биз ар дайым ыйлаганда киши жеңилдеп калат, көз жаш жан дүйнөнү тазалап, жүрөктү аруулантат деп ойлоп көнүп калганбыз. Экинчи жагынан эл алдында көзгө жаш алууну алсыздык катары көрөбүз, туурабы?

Изилдөөчүлөр болсо мунун экөө тең туура эмес деп жатышат.

Тереза Мэй өзүнүн отставкасы тууралуу Даунинг-стритте билдирүү жасап жатып, аз болгондо ыйлап жибере тургандай көрүнүп турду. Албетте, бул учурду журналисттер өткөрүп жиберген жок. Көзүнө жаш тегеренген Мэйдин сүрөттөрү басылмалардын биринчи бетине жайнап чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу DANIEL SORABJI/AFP/Getty Images
Image caption Көзүнө жаш тегеренген Мэйдин сүрөттөрү басылмалардын биринчи бетине жайнап чыкты

Баяндамачылар болсо премьер акыры өзүнүн адамдык жүзүн көрсөттү, түнөргөн, менменсинген беткабын сыйрыды деп белгилеп жатышты. Ал тургай Мэйди катуу сындап жүргөндөрдүн көпчүлүгү ошол маалда боор ооруп кеткенин айтышты.

Кыязы, телекамералар алдында жашып кеткен саясатчынын репутациясы үчүн пайдалуу дагы болот окшойт.

Бирок бул сыяктуу абалды биз кандай кабыл алабыз, боорубуз ооруйбу же мыскылдайбызбы, мунун баары ыйлоо тууралуу түшүнүккө байланыштуу.

Бул түшүнүк сиз ыйлагандан кийин өзүңүздү кандай сезериңизге таасирин тийгизет дейт Квинсленд университетинин (Австралия) психологдору.

Муну изилдөө үчүн Ли Шармэн жана анын кесиптештери ыйлоо жөнүндө биринчи жолу тест түзүшкөн. Ошентип алар бир нече суроону ыктыярчылардан турган топко сунуштап көрүшкөн.

Жоопторду жалпылап алгандагы мааниси: жалгыз олтуруп ыйлаган пайда берет.

Сүрөттүн автордук укугу James Williamson - AMA/Getty Images
Image caption Сүрөттө британдык "Суонси" клубунун дарбазачысы Лукаш Фабьянски командасы Премьер-лигадан чыгып калган беттештен кийин

Ыйлоо тууралуу коллективдүү түшүнүк негизинен башкалардын пикирине негизделген.

Маселен, америкалык психолог Рэндолф Корнелиус ыйлоо тууралуу соңку 140 жыл ичиндеги (1985-жылга чейинки) ММКга чыккан эң популярдуу 72 макаланы изилдеп чыккан. Андагы пикирлердин 94 пайызында ыйлоо пайдалуу деп мүнөздөлөт.

Ошондой эле пикирди көптөгөн белгилүү окумуштуулар менен психологдор колдойт. Мисалы, Генри Модсли (белгилүү британиялык психолог) "ыйлап бугуң чыкпаса, ал ички органдарга терс таасир этет" деп айткан.

Ал тапта соңку изилдөөлөр ыйлап алуу жан дүйнөнү тазалайт деген ойдон алыс. Тескерисинче, ыйлаган киши өзүн начар сезет же ыйлоонун пайдасы деле жок болот. Окумуштуулар изилдөө учурунда жүрөк ооруткан көркөм тасманы ыктыярчыларга көрсөткөн. Ыйлаган ыктыярчылардын көңүлү чөгүп, өзүн начар сезген, жан дүйнөсү тазаланган эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ыйлап жаткан адамды көргөндө ага колдоо көрсөтүүгө умтулабыз

Эл алдында ыйлагандачы? Ли Шармэндин изилдөөсү так жооп таба алган жок. Тестке катышкан ыктыярчылардын жооптору да ар түрдүү болду. Чынында, анын кесепети дагы ар түрдүү болушу ыктымал. Айталы, 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө жумушта ыйлаган кызматкерди, өзгөчө эркектерди, алсыз жана компетенттүү эмес деп сыпатташкан. Ушул эле изилдөө экинчи жолу жүргүзүлгөндө анын жыйынтыгы башкача болуп чыккан.

Окумуштуулар мындай изилдөө учурунда коомдогу социалдык контекстке көңүл буруу зарыл экенин белгилешет. Айрым коомдордо эл алдында ыйлоо терс кабыл алынат же аял кызматкердин эл алдында ыйлаганын манипуляция катары көрүшөт. Изилдөө аял кызматкерлер ыйласа же ыйлабаса деле жалпысынан компетенттүү эмес деген көз караш бар экенин дагы аныктаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ымыркай кезинен эле ыйлабаш керек, эмоцияны билдирбеши керек деп балдарды үйрөтөбүз. Өзгөчө эркек бала ыйлабаш керек деп көп айтабыз

Бирок адам баласы ыйлап жаткан кишиге колдоо көрсөтүүгө умутулат эмеспи. Буга Британиянын мурдагы премьер-министри Тереза Мэйдин мисалы далил.

Изилдөөчү Шармэндин айтымында, эл алдында ыйлап жаткан адамга карата көз караш ошол кишинин эмоцияга карата мамилесине байланыштуу. Башкача айтканда, өзү эл алдында эмоциясын көрсөтүүдөн тартынбаган киши ыйлап жаткан кишиге колдоо көрсөтүүгө шашат.

Сүрөттүн автордук укугу Alexander Hassenstein - FIFA/FIFA via Getty Images
Image caption Илимий изилдөөлөр көз жаш жан дүйнөнү тазалайт деген ойду тастыктай алган жок. Сүрөттө Пеле футболго кошкон салымы үчүн "Алтын топ" сыйлыгын алып жаткан учур, 2013-жыл

Окумуштуу Шармэн жана анын кесиптештери ыйлоого болгон мамиле менен адамдын жүрүм-турумуна байланышы бар экенин айтышууда.

"Көз жашты терс кабыл алган адам эмоциясын басып, өзүн ачык көрсөтпөөгө умтулушу ыктымал. Буга коомдогу тартип же нормалар түрткү болушу мүмкүн",-дейт Шармэн.

Ошондо адам эмоцияга карата көз карашына жараша өз эмоциясын ачык көрсөтөт же качып, эч көрсөтпөй коет. Албетте, башка адамдын ой-пикири же эмоционалдык абалы тууралуу сөз кылганда этият болуу абдан маанилүү. Маселен, Тереза Мэй эл алдында эмоциясын көрсөтпөй, өзүн кармап келген саясатчы катары белгилүү. Ошондуктан журналисттер алдында ыйлап жибергенде, дароо камералардан алыстан, имараттын ичине кирип кеткен. Айрымдар муну саясий кадам катары көрүшү мүмкүн, бирок Мэй эмоциясын абдан кеч көрсөткөндүктөн, бул кадам анын саясий карьерасын сактай алган жок.

"Балким эмоцияга карата көз караш улам өзгөрүп турат. Себеби убакыт өткөн сайын адам ар түрдүү социалдык же эмоционалдык сыноолордон өтүп турат эмеспи",-дейт Шармэн.

--

Психолог Кристиан Жаррет - Aeon журналынын редактору, психологиялык саламаттык көйгөйлөрүн чагылдырып келет. Жарреттин адамдын жүрүм-турум боюнча китеби 2020-жылы чыгат.

Макаланын англис тилиндеги чыгарылышын BBC Future сайтынан окуңуз.