Таж-Махалга караганда саякатчыларды көп кызыктырган “жакырчылык туризми”

The Taj Mahal (left) and a view of the Dharavi slum in Mumbai Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кайсыл жерге кызыгып барат элеңиз?

"Эң сонун күн",- деп жазат Мумбай шаарындагы эң жакыр деп саналган Дхарави районуна барган саякатчы.

"Көпчүлүк тургундар меймандос экен. Эч ким кайыр сураган жок",- деп кошумчалады ал.

Жыл сайын миңдеген туристтер Азиянын тар көчөлөрүндө жайгашкан жакыр аймактарды көрүүгө келишет. Буга өзүнчө термин дагы пайда болду - "жакырчылык туризми". Мындай саякаттоого кызыккандар суктана турган жаратылыш же байыркы имараттарга эмес, жергиликтүүлөрдүн чыныгы жашоосун, тиричилигин көргүсү келет.

Жакында эле белгилүү TripAdvisor баракчасы Дхарави районун Индияга келген туристтер үчүн эң кызыктуу болгон аймактардын бири деп атады. Кызыгы, Дхаравиге Таж-Махалдан дагы көбүрөк турист барган.

"Жакыр райондорду кыдырганы келгендер негизинен АКШ, Британия жана Австралиянын жарандары",-дейт Reality Tours and Travel компаниясынын негиздөөчүсү Кришна Пуджари. Ал Индиянын жакыр аймактарын саякатчыларга тааныштырып, туристтерди коштоп жүрөт.

"Британиялык досум мага байланышып, туристтерге жакыр райондорду көрсөтүп бер дегени мага таң калычтуу болду, дендароо абалына түштүм. "Буга ким кызыкмак эле" деп суроо жолдодум. Көрсө мындай райондордо туристтерди кызыктырган нерселер көп экен",-дейт Кришна.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мумбайдын Дхарави району

Дхарави Мумбай шаарынын борборунда жайгашкан. Жердин баасы абдан кымбат. Райондун учу-кыйырына көз жетпеген тар көчөлөрүндө, чакан чатырларда жана ишканаларда миллионго чукул киши күн өткөрөт.

Албетте, Дхаравиде коомдук дааратканалар, таза суу бар. Бирок туристтер санитария, гигиена жок экенине көңүл бурушат. Канализация ачык болгондуктан, көчөнүн бурчундагы агындылар көзгө урунат.

Райондун жашоочулары кийим тиккен чакан ишканаларда, идиш-аяк же желим чыгарган компанияларда иштейт. Соңку статистикага ылайык, Дхаравиде чакан ишканалар бир жылдын ичинде 650 миллион доллардан ашуун каражатты жүгүртүп турат.

Ошол эле учурда аймакта таштанды чогулткан, иши жок кишилер дагы абдан көп.

Мунун эмнеси кызык?

Окурмандар көп жылдын ичинде топтогон каражатын коротуп, мындай жерге баруунун эмне кереги бар деген суроо жолдоп жатса керек.

"Жакыр аймактарга кызыгып барган учурлар тарыхта көп эле болгон. Мисалы, 19 кылымдын башында эле байлар Англиянын жакыр райондоруна көңүл ачуу үчүн барышкан. Кийин социалдык реформаларды аныктоо үчүн дагы кызыгып баргандар болгон",-дейт Дхаравидеги алты сааттык экскурсияга катышкан Мелисса Нисбетт.

Мелисса 2016-жылы Индияга барып, жергиликтүү туристтик компания менен Дхаравини кыдырган.

Сүрөттүн автордук укугу Reality Tour & Travel
Image caption Reality Tours and Travel компаниясынын негиздөөчүсү Кришна Пуджари

Айрым туристтер жакыр аймакта жашаган жергиликтүүнүн үйүндө тамактанып дагы кетет. Бул аркылуу туристтер "чыныгы индус маданиятын көрүп" жатканын жүйөө кармашат.

Индиянын жакыр аймактарына туристтер соңку жылдары эле кызыга баштады. Бразилия же Түштүк Африка сыяктуу өлкөлөрдө мындай туризм кеңири жайылган.

"Дхаравиде жүргөнүмдө башка саякатчылар менен баарлашып, алар дагы чыныгы турмуш кандай экенине кызыгып келгенин түшүндүм",-дейт Мелисса.

Албетте, "миң уккандан бир көргөн" артык эмеспи.

Жакырчылыкты идеалдаштыруу

"Жакыр райондун көйгөйлөрү тууралуу сөз болбойт. Жакырчылыкка басым жасалбайт. Тескерисинче, жакырчылык нормалардын бири болгондой сезилет. Айрым учурда аны идеалдаштырып жаткандай туюлат. Бизге жергиликтүүлөр менен сүйлөшпөй эле койгула деп айтышты. Алардын чыныгы сезими кандай экенин билген жокпуз. Жакыр райондо жашагандар бизге көңүл деле бурган жок",-дейт Мелисса.

Индиядан келгенден кийин Мелисса Нисбетт TripAdvisor баракчасына Дхарави жөнүндө өз пикирин жазгандарды бирден окуп чыккан экен. Мелисса саякатчылардын көбү жакырчылык көйгөйү тууралуу эмес, өзүнүн сезимдери тууралуу жазгандарына кабатыр болгон.

"Дхаравидеги экскурсиядан кетип жатып, жакырчылык менен күрөшпөсөм болбойт деп кетпесең, анда мунун кандай максаты бар? Экскурсия учурунда жакыр аймактын экономикалык кубаты, миллиондогон доллар жүгүрүп турганы жөнүндө көп сөз айтылат, бирок бул райондун тургундары Индиядагы каста системасынан улам дискриминацияга кабылып жатканы же таза суу, электр энергияга жете албай жаткандары жөнүндө сөз айтылбайт",-дейт Мелисса.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дхаравидеги экскурсиялар жергиликтүүлөрдүн чыныгы жашоосун, тиричилигин көрсөтөт

Ошондой эле жакырчылыктын деңгээлине суктанып, ал жерде сүрөткө түшкөндөр дагы Мелиссаны таң калдырган.

"Көп сандагы туристтер келип, алардын жашоо шартына кызыкканына жергиликтүү калк бир жагынан сүйүнөт, себеби обочодон чыгып жаткандай сезим пайда болот. Ошол эле учурда мындай саякаттардын экономикалык пайдасы абдан аз, райондун тургундары аны дээрлик сезбейт",-дейт Observer Research Foundation борборунун изилдөөчүсү Адити Ратхо.

Кришна Пуджари болсо мындай пикирге кошулбайт. Ал саякат учурунда жакыр аймак болсо деле сапаттуу буюм жасап жатканын саякатчыларга далилдегенин айтат.

"Экскурсия учурунда жакыр аймак бир гана кайыр сурагандарга толгон жалкоолор же коопсуздукка коркунуч жаралган жер деген идеядан алыстап, чыныгы абалды көрсөтүп жатабыз. Ал жерде өнүгүп жаткан өндүрүштү көрсө болот",-дейт Кришна.

Анын компаниясы туристтерге сүрөт тартууга тыюу салат. Кришна саякатчылардан топтогон каражатка, жергиликтүү калкка бизнес багытында сабак өтөт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Дхаравиде чакан ишканалар абдан көп

Индиянын жакыр аймактарында 65 миллион киши жашайт. Бул статистика 2011-жылдан бери жаңылана элек.

Дхарави сыяктуу райондордо экскурсия жүргүзгөндөр дүйнөнүн ар бурчунан келген туристтерге жергиликтүүлөрдүн умтулуусун жана кайраттуулугун көрсөтүүнү максат кылганын айтышууда.

Мындай туризмдин саясий дагы өңүтү бар. Лестер университинин изилдөөчүсү Фабиан Френзель жакыр аймактарга болгон туризм Индиянын саясатчыларынын көңүлүн жакырчылыкка буруп жатканын белгилейт.

"Индия космостук аппаратын Айга жөнөтүп жатат. Ошол эле учурда өлкөдөгү айрым тургундар ушуга чейин таза сууга, үзгүлтүксүз электр жарыгына, заманбап ажатканага жетпей жүрөт. Жакыр райондорго болгон туризм Индиянын элитасына ыңгайсыздык түзөт. Демек, анын саясий потенциалы бар",-дейт Фабиан.

Тектеш темалар