Ирактагы ойношторго ортомчу молдолор

иллюстрация

16+

Ирактагы динаятчылар шийиттердин "убактылуу нике кыюу практикасын" колдонуп, кардарларга сойкуларды сунуштап жатканын Би-Би-Синин Араб кызматы иликтеп чыкты.

Журналисттик иликтөөдө Багдаддын чоң мечиттеринде "ырахат үчүн никеге туруу" практикасы кеңири жайылып жатканы ашкереленди. Мындай "никелердин" айрымдары бир эле саатка созулат жана жыныстык катнаш үчүн гана колдонулат. Молдо карыя кишинин тогуз жаштагы кыз менен никесин кыйган дагы бир үрөй учурган окуя жүрөт.

Динаятчылар бул практиканын негизинде "убактылуу жубай" дагы сунуштайт. Би-Би-Синин журналисттик иликтөөсү бул динаятчылар ойношторго ортомчу болуп чыкканын көрсөтөт.

Image caption Навал ал-Магхафинин журналисттик иликтөөсү бир жылга созулду

"Кумар үчүн никеге туруу"

Убактылуу никеге туруу араб тилинде "мут'а" деп айтылат. Шийиттердин бул практикасы боюнча кылымдар бою талаш-талкуулар жүрүп келген. Убактылуу никеге турганда, аялга калың төлөп берүү керек. Сунниттерде дагы мындай практика бар, аны "мизиар" деп аташат.

Убактылуу никеге туруу мурда саякат учурунда гана уруксат берилгени айтылып келет. Бүгүнкү күнү "мут'а" кыска мөөнөткө никеге турууга мүмкүнчүлүк түзгөн механизмге айланды. Башкача айтканда, бул практика сойку менен жыныстык катнашты мыйзамдаштырды. Динаятчылардын арасында дагы бул практика талаш жаратып, талкуулар дагы деле уланууда.

Би-Би-Синин журналисттери он бир ай бою иликтөө жүргүзүп, динаятчыларды жашыруун камера менен тартышты. Анда айрым кыйынчылыкка туш болгон аялдар, секелек кыздар сойкулукка мажбурланып, эркектер акча төлөп, "кумар үчүн никеге турганы" ашкереленди.

Иракта 15 жылга созулган согуштан кийин жесир калган же качкын аялдардын саны көбөйдү. Алардын көбү аргасыздан убактылуу никеге турууда.

Image caption Би-Би-Сиге маек курган жаш кыздардын бири динаятчылар аны сойкулукка мажбурлаганын айтып берди

Кеңири жайылган практика

Журналисттер "ырахат үчүн никеге туруу" практикасы Ирактагы шийиттердин эки негизги мечитинде кеңири тараганын аныктады. Хадимия аттуу шийиттердин ыйык деп саналган мечиттин он молдосу менен баарлашканда, алардын сегизи "ырахат үчүн нике кыуюга" даяр экенин билдирген. Андан тышкары он молдонун беши 12-13 жаштагы кыздар менен никеге турууга уруксат берген.

Журналисттик иликтөөнүн авторлору шийиттер ыйык деп санаган Кербела шаарынын динаятчыларын дагы кепке тарткан. Бул калаага дүйнөнүн ар бурчунан шийиттер келип, сыйынып кетет. Би-Би-Си шаардын төрт молдосун камерага ачык эле тарткан экен. Алардын үчөө кыска мөөнөткө никеге аял таап берүүгө макул болушкан, эки динаятчы жашы жете элек кыз менен нике кыюуга каршы эмес экенин айткан.

Багдаддын молдосу Саид Раад жашыруун камерага тартылган маекте Би-Би-Синин журналистине убактылуу нике эркек каалаган мөөнөткө чейин узарат деген:

"Эркек каалаган сандагы аял менен убактылуу никеге турууга укугу бар. Аялга жарым саатка никеге туруп, бул мөөнөт бүткөндө дароо башка аялга үйлөнө берсе болот".

Тогуз жаштан өйдө

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Хадимия мечити - ислам дининдеги ыйык делген мечиттердин бири

Журналист молдодон "жашы жете элек кыз менен никеге турса болобу" деп сураганда, ал "бир гана мурда жыныстык катнашка бара элек болсо, тыюу салынат" деп жооп берген.

"Чогуу жатып, аны эркелетип, денесин же төшүн кармаласаңыз болот. Бирок мурда жыныстык катнашка барбаса, анда секс болбойт. Бирок анал секске уруксат берилет",-деп кошумчалаган молдо.

Жаш кыз ооруду десе эмне болот деген суроого: "ооруну көтөрө алабы же жокпу, ал силердин ортоңордо калат" деп жооп берген экен Саид Раад.

Би-Би-Си Кербела шаарындагы динаятчы Шейх Салавиге дагы 12 жаштагы кыз менен никеге турса болобу деген суроо жолдогон. Ал "албетте, болот, тогуз жаштан өйдө болсо эле уруксат. Бул боюнча шариатта эч чектөөлөр жок" деп айкан. Динаятчы Саид Рааддай эле Шейх Салави дагы кыз жыныстык катнашка бара элек болсо, "секске тыюу салынат" деп айткан. Бирок денени кармалоо жана анал секске уруксат экенин кошумчалаган: "Нике кыйылгандан кийин каалаганды кыла бер".

Телефон аркылуу никеге туруу

Убактылуу никеге туруу жол-жоболорун билүү үчүн Би-Би-Синин журналисти Саид Раадка байланышка чыгып, 13 жаштагы "Шаима" аттуу кыз жөнүндө айткан. Бул кыздын ролун да Би-Би-Синин журналисти аткарган.

Динаятчы Саид Раад ойдон чыгарылган "Шаиманын" ата-энеси менен жолуккан жок. Никени телефон аркылуу Би-Би-Синин журналисти менен унаада отуруп эле кыйды.

"Шаима, күнүнө 150 динарга (125 АКШ доллары) бул киши менен никеге турууга макулсузбу?",-деп сурады молдо Шаимадан. Саид Раад тез эле никени кыйып, "эми силер убактылуу үйлөндүңөр, чогуу жашасаңар болот",-деп айтты.

Нике кыйганы үчүн молдо 200 доллар алды. Ал "Шаиманын" тагдырына көп деле кызыккан жок.

Динди жамынып...

Би-Би-Синин журналисттери убактылуу никеге туруу практикасын колдонгон тургунду дагы маекке тартты.

"12 жаштагы кыздар менен убактылуу никеге туруу кымбатка бааланат. Алар дагы деле "бузула элек да". Алар кымбат - 500, 700, 800 долларды молдого гана бересиң",-деп түшүндүрдү ал.

Бул киши ислам дининдеги эрежелерди бузбаганын баса белгиледи.

"Эгерде молдо ырахат үчүн никеге турса болот деп айтса, анда бул халал (адал), аны күнөө деп айтууга болбойт".

Image caption Убактылуу никеге турган аялдардын көбү жакырчылыктан чыгуу үчүн бул кадамга барат

Активист Янар Мохаммед Иракта аялдар үчүн баш калкалоочу жай түзгөн. Ал убактылуу никеге турууда аял буюм катары караларын белгиледи.

"Буюмдун ээси аны каалагандай колдонот. Мурда жыныстык катнашка бара электерди чоң келишимдин негизинде сатышат",-деди активист.

Иракта турмушка чыга элек кыздын жыныстык катнашка барганы болбойт. Айрым учурда кыздын өзүнүн жакындары аны өлтүрүүгө чейин барат.

"Мындай учурда бир гана аял же кыз жоопко тартылат",-дейт Янар Мохаммед.

Ойношторго ортомчу молдолор

Би-Би-Си жашы жете элек кыздарды таап берүүгө даяр болгон молдолорду жашыруун камерага тартып алды. Андан тышкары иликтөө учурунда Би-Би-Си сойкулукка мажбурланган жаш кыздарды дагы маекке тарткан. Алардын бири молдо өзү аны сойкулукка мажбурлаганын айтты.

24 саатка нике кыюуга даяр болгон аялдар бар экенин Би-Би-Синин журналистине молдонун өзү да айткан. Башкача айтканда ал сойкуларга ортомчу болгон.

Би-Би-Синин журналисти "ырахат үчүн никени" четке какканда, молдо ага жашы жете элек кыз керек экенин айтып, андай кызды таап бергиле деген буйрук берген.

Уяткаруу

Image caption Кербела шаарындагы ыйык деп саналган мечит

Гаит Тамими Иракта таанымал шийит динаятчылардын бири. Ал убактылуу нике боюнча сын-пикирин айтканы үчүн куугунтукталып, учурда Лондондо жашайт.

"Иликтөөдө ашкереленген фактылар, өзгөчө жаш кыздарга байланыштуу окуялар кылмыш. Аларды жоопкерчиликке тартыш керек",-деди ал.

Ирактагы айрым шийиттер жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнашка баруу шариатта тыюу салынган эмес экенин айтууда. Би-Би-Си жашыруун камерага тарткан молдолордун экөө абройлуу аятолла Али Систанинин жолун жолдогонун айтышкан. Аятолла Али Систани Ирактагы шийиттердин руханий лидери катары саналат.

Би-Би-Си Али Систанинин өзүн дагы маекке тартты:

"Эгерде бул практика сиз айткандай болуп жатса, албетте, биз аны айыптайбыз. Убактылуу никеге туруу аялдарды кемсинтүү же секс соодасы үчүн колдонулбашы керек",-дейт Али Систани.

Би-Би-Синин иликтөөсүнө Ирактын өкмөтү дагы өз кайрылуусун жолдоду: "Эгерде бул аялдар полицияга кайрылбаса, кандайдыр бир чара көрүүгө оорчулук жаратат".

Тектеш темалар