Жаныбарлар шаар жашоосуна кантип ыңгайлашып жатат?

Сендай шаарындагы таандар грек жаңгагын кантип чагып жештин айласын тапкан. Жаңгак алардын негизги азыгы. Мурда алар жаңгакты бийиктен жерге таштап, анан чагып алышчу.

Image caption Жапониядагы таандар жаңгакты унаанын жардамы менен чагып жешет

Өткөн кылымдын 70-жылдарында жергиликтүү орнитолог канаттуулар тактикасын өзгөрткөнүн байкады. Мына ушул Сендай таандары шаарлашуу жаныбарлардын жашоосун кантип өзгөртүп жатканынын көрсөткөн айкын мисал.

Мегаполиске ыңгайлашуу

БУУнун 2018-жылга карата маалыматы боюнча Жер шарындагы калктын 55 пайызы шаарда жашайт. Бул сан 1960-жылы 34 пайыз эле. Эми 2050-жылга барып 70 пайызга жетиши мүмкүн.

Шаар калкынын өсүшү жапайы жаратылышка, биологиялык көп түрдүүлүккө тескери таасирин тийгизди. Көптөгөн жаныбарлар байырлаган аймактарынан айрылып калды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2050-жылга барып Жер шарынын болжолу 70 пайызы шаарларда жашап калат

Бирок урбанизация шаарды байырлап калган айрым жаныбарлардын жүрүм-турумун өзгөрттү.

"Табият менен урбанизациянын ортосундагы байланышты терең түшүнүү чоң мааниге ээ. Анткени көпчүлүк кишилер үчүн шаардын табияты гана жеткиликтүү болуп кала турган кырдаалга жакындап келе жатабыз",-дейт голландиялык биолог Менно Шильтхайзен.

Өзгөрүүлөр

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шаарга жарык берген чырактарга тартылган жөргөмүш желеси

Шильтхайзен жана башка окумуштуулар адаптациянын айрым мисалдарын адам аракетинен улам өтө тездик менен жүргөн эволюциянын кесепети деп белгилейт.

"Адатта жарыктан качкан жөргөмүштөр көчөдөгү чырактарга желе тарып жатышат. Анткени бул жер алардын азыгы болгон шайтан көпөлөктөрдү өзүнө тартат. Айрым шаарларда көпөлөктөр дагы өзүнө тарткан жарыкка азгырылып кетпей турган жөндөмүн өөрчүтүүдө",-деп жазат Шильтхайзен өз китебинде.

Мындай өзгөрүүлөрдү шаарды байырлаган көптөгөн жаныбарлардан байкаса болот. Торонто университетинин окумуштуусу Марк Жонсон 2017-жылы Science журналына жарыяланган жаныбарлардын шаарга ыңгайлашуусу тууралуу изилдөөнүн авторлорунун бири.

Изилдөөдө айрым жаныбарлар шаардан башкалка тапканы аныкталган. Мунун бир мисалы катары ылаачынды алсак болот. Бул жырткыч канаттуу ХХ кылымдын орто ченинде зыяндуу заттардын көп чыгындысынан улам жок болуп кетүү коркунучуна кептелди.

Сүрөттүн автордук укугу MTA handout

Ылаачындар химиялык заттарды сиңирип алган курт-кумурска менен азыктанган чымчыктарга аңчылык кылып, өздөрү дагы зыяндуу заттардан жапа чеге баштаган. Айталы, дуст, инсектицид сыяктуу курт-кумурскаларга каршы колдонулган химиялык заттар.

Мындай химиялык заттарды колдонууга тыюу салып, ылаачындын көбөйүшүнө шарт түзгөн программалардан кийин бул канаттууну сактап калууга мүмкүн болду.

Ылаачындар шаарга келип, бийик имараттарга уя сала баштады. Иликтөөчүлөр азыр ылаачындар шаарда көгүчкөндөр жана жарганаттарга аңчылык кылып жатканын аныкташкан.

Шаардык бакалар

Сүрөттүн автордук укугу Smithsonian Tropical Research Institute
Image caption Бул бакалар жупташуу маалында өзгөчө үндөрдү чыгарып чардашат

Тунгар бакалары Мексикадан Түштүк Американын түндүк тарабына чейинки тропикалык токойлорду байырлайт. Бул бакалар жупташуу маалында өзгөчө үндөрдү чыгарып чардашат. Алардын доошуна карап таап алганга кыныккан жырткыч аңчылар үчүн бакалар оңой олжо.

Изилдөөчүлөр шаарга байырлаган мындай түрдөгү бакалардын үндөрү түрдүүчө кубулжуп баштаганын аныкташкан. Аларга аңчылык кылгандар эми өтө эле оңой жем кылып кетишет. Бирок шаар жеринде душмандары аз болуп чыкты. Ошондуктан чардаганы кубулжуп, өзгөрүп кеткен.

Кара чыйырчык түндөсү сайрайт

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кара чыйырчык шаарды мурдатан байырлаган канаттуулардын бири. Шаарды байырлагандары менен айыл жериндегилеринин көп айырмачылыктар бар. Европа менен Тундүк Африкада кара чыйырчык дээрлик жаңы түргө айланды. Алар кышында дагы шаарды таштап кетишпейт. Шаардагы ызы-чуу алардын сайраган маалын дагы өзгөрттү. Токойдогу чыйырчыктар таңга маал сайрайт эмеспи. Шаардагылар болсо түн ортосунда эле сайрай баштайт.

Кескелдирик

Сүрөттүн автордук укугу Kristin Winchell

Кескелдириктер Пуэрто-Рикодо шаар жашоосуна ыңгайлашуу жагынан лидер болуп чыга келди. Башында алар жылма дубалдарга көнө албай кыйналышкан. Бара-бара шаардык кескелдириктер бул кыйынчылыктарды дагы жеңе баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Kristin Winchell

Окмушутуулар шаардагы кескелдириктердин тырмактары дагы өзгөргөнүн аныкташкан. Бир нече изилдөөлөр шаардагы кескелдириктердин кыймылдары дагы өтө тез болуп, жылма дубалдардан дароо шыпылдап чыгып кетерин көрсөттү. Ошондой эле шаардагы кескелдириктер жогорку температурага чыдамдуу болуп калышкан. (AbA)