Ашыкча салмак менен күрөш жөнүндө жети миф

Person measuring the waist with tape Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1975-жылдан бери ашыкча семиз кишилердин саны үч эсе көбөйдү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун соңку баяндамасына ылайык, 1975-жылдан бери ашыкча салмактуулар саны үч эсеге өстү.

Бириккен Улуттар Уюму 2016-жылы эле 1.9 миллион кишиге жетет деп болжогон. Айрым мамлекеттер ашыкча салмакты илдет катары көрүп, ал эпидемия деңгээлине чыкканын белгилешүүдө. Маселен, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жылына үч миллион адам ашыкча салмакка байланыштуу илдеттерден каза болорун билдирген. Анын экономикалык чыгымы эки триллион долларга чыгат (McKinsey компаниясынын 2014-жылкы эсебине ылайык).

Окумуштуулар жана дарыгерлер ашыкча салмакка карата туура эмес көз караштар бар экенин айтып келет. Кызыгы, анын көбү далилденген эмес, бирок бул мифтер көптөн бери дүйнө коомчулугуна тарап келүүдө.

"Семиз болуу тандоо, илдет эмес"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Илимий изилдөөлөргө ылайык, кишинин эрки менен ашыкча салмактын эч байланышы жок

Ашыкча салмак Америка Кошмо Штаттарында чоң көйгөйлөрдүн бири. АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө калкынын 36 пайызы семиз экенин айтууда.

Ашыкча салмак бул мамлекетте 2013-жылдан бери илдет катары таанылган. Ага карабастан 2018-жылы Medscape уюму жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, дарыгерлердин 36 пайызы менен медайымдардын 46 пайызы ашыкча салмакты илдет катары санаган эмес. Ошондой эле дарыгерлердин 80 пайызы киши туура тамактанып, сергек жашоого көңүл бурса ашыкча салмактан арылат деген пикирде болгон.

Британиянын Психология коому америкалык дарыгерлердин оюн четке кагып, ашыкча салмак "тандоо эмес" экенин белгилейт.

"Адам баласы биологиялык, психологиялык, айлана-чөйрө жана коомдук таасир сыяктуу бир нече фактордон улам семирет. Эрки жок болгону үчүн адам ашыкча салмакка кабылды деген пикир жаңылыштык",-деп билдирет Психология коому.

"Генетиканын тиешеси жок"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1990-жылдары генетика менен ашыкча салмактын байланышы бар экени табылган

1990-жылдары генетика менен ашыкча салмактын байланышы бар экени табылган.

Норвегиянын Илим жана технология университети адам баласы генетикасынан улам тулку массасынын индекси (BMI) жогору болорун аныктаган. BMI - адамдын салмагы менен бою ченелип, организмдин оптималдуу салмагы аныкталат.

Окумуштуулар 119 миң норвегиялыктын тулку массасынын индексин бир нече жыл бою текшерип турушкан. Ондогон жылдан кийин изилдөөгө катышкан норвегиялыктардын тулку массасынын индекси кескин жогорулаган. Генетикадан улам айрымдардын ашыкча салмагы көбүрөөк болгон.

"Бүгүнкү күнү генетикасынан улам 35 жаштагы норвегиялык эркектин салмагы 6.8 килограммга оор болот",-дейт изилдөөнү жүргүзгөн окумуштуу Мариа Брандквист.

"Ашыкча салмак ден-соолукка ар дайым зыян"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Айрым кишилер семиз болгону менен, ден-соолугу чың болот

Ашыкча салмак ар түрдүү илдеттерге алып барары мүмкүн экени бышык.

Европанын Кардиология коому 2012-жылы "ашыкча салмак парадоксу" аттуу чоң изилдөө жүргүзгөн. Окумуштуулар айрым кишилер семиз болсо дагы организмдин зат алмашуусу жакшы иштеп жатканын аныктаган. Мындай учурда адам баласынын ден-соолугуна коркунуч жаралбайт.

"Ашыкча салмак жүрөк же рак ооруларына алып барарын жакшы билебиз. Ошол эле учурда айрым кишилер мындай илдеттерге кабылган жок. Ашыкча салмак өлүм жазасы деп айтуу катачылык",-дейт окумуштуу Франциско Ортега.

"Калориялардын баары окшош"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Калорияларды эсептегенде, сан эмес сапатка көңүл буруу керек

Ашыкча салмактан арылуу ыкмалардын бири калорияларды эсептөө. Башкача айтканда кыймыл аракетке жараша тамактануу. Бирок көптөр калориянын баарын бирдей карайт. Бул жаңылыштык.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адам күнүнө эки миң калория азык алышы зарыл деген кеңеш берет. Анын ичинде бул калориянын 30 пайызы майдан алынышы керек.

Гарвард университети 120 миң ден-соолугу чың эркек менен аялга 20 жыл бою байкоо салып, 2011-жылы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Изилдөөгө катышкандар төрт жылда орточо эсеп менен 1.36 килограмм, 20 жылда 7.6 килограмм кошкон.

Калориялары окшош болгону менен жашылча-жемишти көбүрөк колдонгондор төрт жылда 0.09 килограмм кошсо, таттуу же туздуу тамакты жегендер 1.5 килограмм кошкон.

"Калорияларды азайтып ашыкча салмактан арылам деген стратегияны колдонсоңуз, калориянын санына эмес, сапатына көңүл буруу керек. Айрым азыктарды азайтып ашыкча салмактан арылса болот",-дейт изилдөөнүн окумуштуулары.

"Ашыкча салмактан арылыш үчүн чоң максат коюлушу керек"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ашыкча салмактан бир күн же бир айда арылса болбойт

Ашыкча салмактан арылуу бир күндүк иш эмес. Демек, максатты дагы ага жараша коюу керек.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ашыкча салмактан тез арада арылууга максат коюп, ага жетпей калган учурлар көп катталат. Ошондон улам психологиялык басым болуп, иштин аягына чыкпай калат. Арыктайм деген адам сөзсүз түрдө реалдуу максат менен ишке киришкени туура.

2017-жылы Американын Диета жана туура тамактануу боюнча академиясы 88 кишиге эксперимент жүргүзүп, туура максат койгондор гана ашыкча салмакты жоготконун аныктаган.

"Ашыкча салмак бай өлкөлөрдүн көйгөйү"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Азык-түлүктүн сапаты менен ашыкча салмактын түздөн-түз байланышы бар

Өнүккөн өлкөлөрдө ашыкча салмак чоң көйгөйгө айланганы бышык. Бирок дүйнөлук рейтинг көптөрдү таң калдырышы мүмкүн.

Семиз болуу Тынч океанда жайгашкан аралдардын тургундар арасында кеңири жайылган. Американын Самоа калкынын 75 пайызы семиз экени аныкталган. Андан тышкары Египет, Түркия сыяктуу мамлекеттерде калк санынын 32 пайызы ашыкча салмакка кабылган, дейт Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

Кызыгы, кирешеси аз болгон үй-бүлөдө ашыкча салмакка туш болуу коркунуч жогору.

"Ашыкча салмак социологиялык теңсиздиктен чыккан көйгөй. АКШда эң көп семиз кишилер Арканзас штатында жашайт. Бул аймактын тургундары жакыр жашайт",-дейт социолог Мартин Коэн.

Эксперттер сапаттуу азык-түлүк кымбат болгондуктан, ашыкча салмак бир гана өнүккөн өлкөлөрдүн көйгөйү деп айтуу каталык экенин белгилешүүдө.

"Эне сүтү менен ашыкча салмактын байланышы жок"

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эне сүтү балага абдан маанилүү

Соңку жылдары эне сүтүнүн ордуна ар түрдүү азык-түлүктөр пайда болду. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өткөн апрель айында эне сүтү менен ашыкча салмактын түздөн-түз байланышы бар экенин тапкан.

Окумуштуулар Европанын 16 мамлекетинде 30 миң балага изилдөө жүргүзүп, эне сүтүн ичпей калган балдардын семиз болуу ыктымалдыгы 22 пайызга жогорулаганын тапкан.

Изилдөөнүн сынчылары, үй-бүлөдөгү туура тамактануу маданиятынын калыптанышы эне сүтүнөн кыйла маанилүү экенин белгилешүүдө. Ага карабастан эне сүтүнүн пайдасы дагы талашсыз.

"Эне сүтү баланын өнүгүшүнө, келечектеги ден соолугуна пайдубал катары саналат. Бул далилденген факт. Эне сүтүнүн пайдасын дүйнөгө жайылтышыбыз керек",-дейт изилдөөнүн автору Жао Бреда.