Пластикалык хирургия: Жамбашын чоңойткон кыздын өкүнүчү

A collage photo of Sophie Elise Сүрөттүн автордук укугу Sophie Elise

Жыйырма жаштагы Софи Элис пластикалык хирургия жолу менен жамбашын чоңойткон. Эми ал бул чечимине өкүнүп жатат.

Норвегиянын ТВ жылдызы өзүн "арык, кичинекей кыз" катары мүнөздөдү. Ошондуктан денесин өзгөртүүнү каалаган.

Пластикалык хирургия тууралуу изилдөө оор деле болгон эмес. Интернетте ар түрдүү маалымат бар. Андан тышкары Instagram сыяктуу коомдук сайттарда Brazilian Butt Lift же жамбашты чоңойткон процедурага даяр болгон хирургдардын номурлары, дареги жазылуу.

Софи Түркиядагы хирургду тандаган. Анткени алар кыйла арзан бааны сунуштаган.

Сүрөттүн автордук укугу Sophie Elise
Image caption Софи беш жыл мурун операция жасатты эле

"Мага кыялымды сатышты. Аэропорттон тосуп алып, операциядан кийин эң мыкты дарыгерлер карап, андан кийин кайра аба майданга жеткирди. Оорукананын өзү таза экен. Абдан мыкты тандоо болду деп кубангам",-дейт Софи.

Анда эмне себептен беш жылдан кийин пластикалык операция жасатканына өкүнүп калды?

Софи үйүнө жеткенде көп маселе жаралды. Ал Норвегияда эки программанын алып баруучусу эле жана Instagram баракчасында 500 миң колдоочусу бар. Коомдук сайттарга Софини сындап, пластикалык хирургия ага жарашпай жатканын жазышкан.

"Абдан шашып, ойлонбой туруп чечим кабыл алыптырмын. Аны эми түшүнүп жатам".

Учурда 24 жашка чыккан Софи Brazilian Butt Lift же дененин башка жеринен май алынып, жамбашка тигүүнүн ордуна силикон имплантын тандаган.

Соңку жылдары пластикалык хирургияга карата терс көз караш калыптанууда. Жакында эле эки британиялык аял Түркияга жамбашын чоңойтуу үчүн келип, каза тапты. Ага карабастан Софи саламаттыгына болгон коркунучтарды эч ойлогон эмес.

Британиялык пластикалык хирургия ассоциациясы, мындай операциялар абдан коркунучтуу экенин эскертет, өлүмгө дагы алып барышы ыктымал.

"Алар жомокту сатууга аргасыз"

Софи операциядан кийин денеси ооруганын айтты. Бирок дарыгерлер денең ооруйт деп эскертүү беришкен экен.

Жаш алып баруучунун өкүнгөнү, "жакшынакай денесин" хирургиялык жол менен бузуп алганы. Ошондуктан Софи операция аркылуу импланттарды алып салуу чечимин кабыл алган. Жада калса бул процедураны ишке ашырууга макул болгон хирургду Instagram баракчасында да тапкан.

Бирок операциянын алдында маселе жаралды.

"Мен силикон импланттарын толугу менен алып сала албайм. Аларды бир гана кичирек имплант менен алмаштыра алам. Көрсө, жамбашыма төшкө салчу имплантты тигип салышыптыр. Анын кесепети оор экен",-деди Софи.

Софи учурунда шашып, "маселени иликтебей туруп" чечим кабыл алганына өкүнөт.

"Өз тажрыйбамды бөлүшүүнү туура көрдүм. Башкалар дагы мага окшоп капканга түшүп калуусун каалаган жокмун. Мен башкаларга пластикалык операция жасабагыла деп айтканым жок. Ар бир киши өз чечимин кабыл алышы керек. Бир гана таразалап, шашпай чечим кабыл алууга чакырмакмын. Себеби алар жомокту сатууга аргасыз. Пластикалык операция жасатам дегендерге, туура жерди тандагыла деген кеңеш бермекмин. Эгерде өтө эле арзан болуп жатса, шекшип жатсаңыз, анда ага негиз бар",-дейт ал.

Британиялык пластикалык хирургия ассоциациясынын президенти Саймон Уитней коомдук сайттарда жана интернетте, шектүү хирургиялык борборлор аярлуу катмар саналган жаш кыздарга байланышып, пластикалык хирургия тууралуу сөз кылып жатканын айтты. Ассоциация "пластикалык хирургия туризми" кооптуу экенин белгилеп, мындай учурда медициналык жардам "мыкты деңгээлде көрсөтүлбөй келгенин" эскертет.