Унаасы жок шаарда жашоо кандай болмок?

Азыркы заманбап шаарларды унаасыз элестете аласызбы? Албетте, бул кызыктай эле угулат. Чын эле биз муну өзүбүз каалайбызбы жана ишке ашырууга мүмкүнбү?

Баскетбольный мяч под колесами автомобиля Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Элестеткиле, көчөдө футбол ойноп жүргөн балдар, көчөнүн чок ортосунда сүрөткө түшкөн туристтер. Ресторандар так эле көчөнүн ортосуна үстөлдөрүн чыгарып салган. Элестеттиңерби, көчөдө бир дагы унаа кыймылы жок.

Венеция болжолу мага ушундай эле элес калтырды. Мен көргөн унаасыз жалгыз шаар - Венеция болду. Университетте окуп жүргөндө жайкы каникул учурунда достор менен келгенбиз.

Албетте, Венеция кичинекей аралдардан турганы менен өзгөчө эмеспи. Бирок ошондой болсо дагы мага көчөдө эки жагыңды карап элеңдебей, унааны унутуп салып жүргөн жакты.

Соңку жүз жылда унаалар шаар жашоосундагы эң кубаттуу күчкө айланды. Көчөлөрдө унааларга ыңгайсыздык жаралбашы үчүн атайын кеңейтилип, унаа токтотуучу жайлар көбөйтүлүүдө.

Карым-катнашты жолго салууда жеке унаалар чоң ыңкылап жасады. Бирок ошол эле маалда алардын арты менен бир топ көйгөй кошо келди. Бул жол кырсыктары жана абанын булганышы.

Азыркы учурда айрым шаарлар унаадан арылууга аракет кылууда. Соңку жылдары Осло менен Мадрид шаардын борбордук бөлүгүндө унааларга чектөө киргизүүгө аракет кылып, басылмалардагы жаңылыктардын сап башына чыккан учурлары көп болду. Бирок шаар бийлигинин пландары азырынча аягына чыга элек.

Шаар бийлигинин бул ниети ири шаарлардагы унаа кыймылын чектөө тууралуу кеңири тенденциядан кабар берет.

Норвегиянын баш калаасы Ослонун борбордук көчөлөрдү унаалардан арылтуу аракети Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Норвегиянын баш калаасы Ослонун борбордук көчөлөрдү унаалардан арылтуу аракети

Бул жерде Лондондун аракетин алалы, шаардын борбордук райондоруна атайын акча төлөп кирүү чарасы, Мехикодогу pico y placa (унаанын кайсыл күндөрү айдап, кайсыл күнү колдонбоо тууралуу) планы. Айрым шаарларда (маселен, Испаниянын Понтеведра шаары) унаа кыймылын таптакыр чектөө чаралары каралган.

"Биздин негизги максат - көчөнү шаарлыктарга кайтарып берүү,-дейт Ослонун вице мэри Ханна Маркуссен. -Бул жерде көчөлөрдү биз кандай колдонууну каалайбыз, ошону түшүнүү маанилүү. Биз көчөлөр кишилер жолугуп, таза абада тамактанып, балдар ойноп, сүрөтчүлөр өз эмгектерин көрсөткөн жай болсо деп эсептейбиз".

Мына ушуга жетиш үчүн Осло борбордук бөлүгүндөгү унаа жолдорун таптакыр жаап салды. Анын ордуна вело жолдорду ачып, отургучтарды орнотуп койду.

Ослонун геологиялык жактан жайгашкан абалы дагы (өзгөчө кышында) маанилүү. Анткени шаарда аба булганып, чоң көйгөй жаратып келүүдө. Жергиликтүү бийлик соңку он жылдыкта шаардагы абанын булганышы сезилерлик байкалганын айтууда.

Осло тургундары шаарда унааларды аз санда гана колдоно баштады. Анын ордуна велосипед жана коомдук унааларды пайдалангандар, жөө жүрүүнү артык көргөндөр көбөйдү.

Ж. Х. Кроуфорд - унаасыз шаарларды жактагандардын эң эле белгилүүсү болсо керек. Ал бул темага байланыштуу эки китеп жазган.

"Мурда эле далилденген айлана-чөйрөнүн булганышы жана унаа кырсыктарынан миллиондогон кишилердин өмүрү кыйылганы тууралуу көйгөйлөрдөн сырткары, унаалар социалдык мейкиндикке дагы оңбогондой зыян алып келүүдө",-дейт ал.

"Шаарда тургундар үчүн эң популярдуу жайлар - унаасы жок жерлер. Парк, сейил бактар, жөө жүргүнчүлөр үчүн тилкелер",-деди Кроуфорд. Анын айтымында, Хьюстон жана Далласта шаардын 70% жери унаа токтотуучу жайларга берилген. "Азыркы турак-жай кризиси жер тартыштыгынан келип чыккан. Унаадан арылгыла, маселе ошол жерде чечилет",-дейт ал.

жөө кишилер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Таптакыр унаасызбы?

Унаасыз шаар деген өзү мүмкүнбү? Муну баары эле каалайбы? Авариялык куткаруу кызматтары кантип иштейт? Кишилер жөө калганы кандай болот? Мегаполисттердин чет жакасындагы шаарчалар дагы кеңейип жаткан маалда муну кантип чечсе болот?

Айрым эксперттер шаар куруу туура эмес пландалгандан улам унаага байланышкан көйгөлөр келип чыгууда деп эсептейт. Эгерде жеке унааларга альтернатива боло турган жолдорду сунуштабаса, мындан чыгуу кыйын дегендер бар.

Манчестер университетинин шаарды пландоо көйгөйлөрү боюнча иликтеп жүргөн окумуштуусу Рэнсфорд Ачимпонг эгерде унаага тыюу салынса, анда альтернатива керек дейт. Ооба, унаа кыймылына чектөө кирсе, аба тазарып, кишилердин ден соолугуна жакшы болот, бирок ага альтернатива керек.

Коомдук транспорт эң мыкты иштеген Европада дагы көптөр үчүн унаасыз мүмкүн эмес. Эгерде коомдук транспорт үйгө чейин узак аралыкта эле токтоп өтчү болсо, баары бир жеке унааларды колдонууга аргасызбыз.

Бул жерде айрым өлкөлөрдүн келечек планы тууралуу да кептин удулу келип турат. "Чоң шаардын" башкы планында (Чэндунун сыртындагы аймактар, Кытай) кайсыл жерге болбосун жөө барууга мүмкүн. Бул жерде туюк көчөлөр жок. Ошондуктан сейилдеп, велосипед тепкен жагымдуу. Ошондой эле "вертикалдык байланыш" - бийик имараттарды бийик көпүрөлөр аркылуу туташтыруу дагы каралган.

"Чоң шаар" 100 миң кишиге ылайыкталып пландалган. Болгону бир квадрат километр аянтты ээлейт. Бир жерден экинчи жерге жетүү үчүн он минутага чейин убакыт керектелет. Тилекке каршы, бул "Чоң шаар" планы азырынча мүдөө гана болуп турат. Чэнду бийлиги аны 2012-жылдары эле жарыялаган, азырга чейин курулуш башталган жок.

Деген менен бул аймак унаасыз деле кырдаалдан чыгып кете алат. Анткени башка аймактар менен байланыштырган эки темир жол бар. Ошондуктан унаанын көп деле зарылчылыгы жок.

Дагы бирин-экин мисал бар. Айталы, Масдар-ситини (БАЭ) башынан эле унаа кыймылы жок куруу пландалган. Азыр көчөдө бирин-серин гана унааны көрөсүз.

Келечек унаасыз болобу?

Абу-Дабидеги Масдар-ситиде башынан эле унаа колдонуу караштырылган эмес Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Абу-Дабидеги Масдар-ситиде башынан эле унаа колдонуу караштырылган эмес

"Эгерде келечекке оптимизм менен карасак, бул тенденция мындан ары чыңдала берет,-дейт Ачимпонг. - Статистиканы карап көргүлө, кыязы, биз жеке менчик унаанын популярдуулугу чегине жеткен учурду жашап өттүк. Азыр унаада аз жүрөбүз. Бул жерде түрдүү муундардын - миллениалдар жана бебибумерлер ортосундагы көз караштардын дагы айырмачылыгы бар".

Окумуштуунун пикиринде, азыр жаштардын көбү унаадан баш тартат. Ошондуктан көптөр шаардагы унаалардын үстөмдүгү табигый жол менен басаңдайт деп эсептейт.

Экинчи жагынан Uber же Lyft сыяктуу компанияларга айдоочусуз унаага болгон талап өсүп жатат. Ачимпонгдун айтымында, азыр өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жеке унаалардын өтө популярдуу болуп жаткан маалы. Өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн өкмөттөрү дагы унаа колдонуучулардын кызыкчылыгын эске алуу менен инфраструктурасын караштырууда.

Дээрлик көп өлкөлөрдөгү кыймыл унаа аркылуу ишке ашат эмеспи. Буга мисал катары Лондондогу M25 же Бээжиндеги өтө чоң трассаларды алалы.

Унаадан баш тартуу кылымдар бою унаасыз эле жашап келген эски европалык шаарларга жеңил болушу мүмкүн. Бирок өсүп жаткан мегаполистерде муну ишке ашыруу өтө татаал.

Ошондуктан бул тенденция канчага уланарын айтуу кыйын. (AbA)

Венеция Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Венеция

Макала кыскартуулар менен сунушталды. Анын түп нускасы англис тилинде BBC Future сайтынан окуй аласыздар.