"Уурдалган кыз селфи сүрөт аркылуу табылды"

Miché (left), aged 21, with her sister Cassidy Nurse
Image caption Жаңы тартылган селфи

1997-жылы апрель айында Кейптаун шаарындагы мейманканадан үч күн мурун төрөлгөн ымыркай уурдалган. Анын энеси уктап жаткан болчу. 17 жылдан кийин бул кыз байкабай өзүнүн чыныгы энесин таап алды.

Түштүк Африканын Кейптаун кааласында жаңы окуу жылы башталып жаткан эле. Миче Соломон ушул жылы мектепти аяктап, университетке өтөм деп белсенип турду.

Мектепке кирип келгенде Миченин курбулары топтолуп, андан үч жаш кичүү болгон Кассиди Нёрс аттуу кыз мектепке жаңы келгенин, ага абдан окшош экенин айтып беришкен. Миче курбуларынын сөзүнө маани деле берген эмес. Бул 2015-жылдын январь айы эле.

Мектептин корридорлорунда басып жүрүп, Миче жаңы кызды көрүп, өзгөчө байланыш түзүлгөнүн байкаган. Бирок аны эч түшүндүрүп бере алган эмес.

"Биринчи жолу көрсөм да, аны өмүр бою билгендей сезилди. Бир четинен коркуп кеттим, сезимдеримди түшүндүрө алган жокмун",-деди Миче.

Жаш курагында айырма болгонуна карабастан Миче менен Кассиди көп убакытты чогуу өткөрүп калышкан.

"Мен ага "салам сиңдим" деп кайрылчумун, ал мага "салам эжеке" деп жооп берчү. Айрым учурда чачын тарап берип, өз кеңештеримди айтып турдум",-дейт Миче.

Сүрөттүн автордук укугу Mpho Lakaje
Image caption Миче Соломон

Мектептегилер силер бир туугансыңарбы деп сурашканда, "балким башка турмушта болгондурбуз" деп жооп берип, күлүп коюшчу экен.

Бир күнү эки кыз селфиге түшүп, бири-бирине канчалык окшош экенине таң калышкан. Миченин курбулары, "балким сени асырап алышкандыр" деп тамаша кылышыптыр.

Миче менен Кассиди сүрөттү ата-энесине дагы көрсөтүшкөн. Миченин энеси Лавона менен атасы Майкл көп деле маани берген эмес. Бирок Кассидинин ата-энеси Селест менен Морн сүрөттөн көзүн албай, Мичени үйгө чакырчы деп өтүнүшкөн.

Кассиди Мичени үйүнө чакырып келгенде, Селест дароо эле "сен 1997-жылы 30-апрелде төрөлдүң беле?" деп сураган.

"Мен тамаша катары көрдүм, "Фейсбуктан билип алдыңызбы" деп сурадым",-дейт Миче.


Бир нече жумадан кийин Миче математика сабагында отурганда, мектептин директору аны чакырды. Бөлмөдө директор менен бирге социалдык кызматтын эки өкүлү да бар эле. Алар Мичеге Зефани Нёрс аттуу ооруканадан уурдалган ымыркай тууралуу айтып беришкен. Азыр 17 жашка чыга турган Зефани, ошол бойдон дайынсыз жоголгонун кошумчалашкан.

Миче окуяны угуп, эмне болуп жатканын түшүнгөн деле эмес . Социалдык кызматкерлер 17 жыл мурун уурдалган кыз ал экенин айтканда гана, эмне тууралуу сөз болуп жатканын аңдап, кандайдыр бир ката чыгып жатат окшойт деп жооп кайтарган.

Миче социалдык кызматкерлер айткан ооркунада эмес, андан жыйырма мүнөт аралыкта жайгашкан башка бейтапканада төрөлгөнүн, күбөлүгү бар экенин айткан. Бирок социалдык кызматкерлер ооруканада анын төрөлгөнү боюнча эч кандай документ таба албай коюшканын, анын күбөлүгү жасалма экенин белгилешкен.

Image caption Лавона Соломон жаңы төрөлгөн Миче менен сүрөтү

Миче ишенбей, ДНК анализ жүргүзүүгө уруксат берген.

"Мен апама ишендим, ал мени өстүрүп, тарбиялады. Ошондуктан ДНК анализи маселени чечет деп ойлодум",-дейт Миче.

ДНК анализи Миче 1997-жылы уурдалган ымыркай экенин тастыктады.

"Дендароо абалына кабылдым. Эмне кыларымды билбей калдым",-деп эстеди Миче.

Дээрлик жыйырма жыл мурун жоголуп, кайра табылган кыздын окуясы Түштүк Африкада жаңылыктардын баш сабында турду. Ошол күндөн тарта Миченин жашоосу толугу менен өзгөрдү.

Ал үйүнө кайтып баргысы келген жок. Үч айдан кийин 18 жашка чыкмак, ошондо өзү каалагандай чечим кабыл алууга укуктуу болмок. Ал аңыча, Мичени өстүргөн, тарбиялаган Лавона Соломон камакка алынганы тууралуу жаңылыктар чыга баштады.

"Бул кабар мага катуу тийди. Мен аны менен сүйлөшүп, эмнеге деген суроого жооп алгым келип жаткан. Заматта жетим калгандай эле болдум",-дейт ал.

Image caption Миче менен атасы Майкл

Миче Лавонанын күйөөсү Майкл сурак берип жатканда күбө болгон.

"Мен анын кыйналып жатканын көрдүм. Көздөрү кызарып, титиреп жатты. Аны көрүп алып корктум. Атам жумшак киши, бирок менин атам да ал, ал менин тирегим, мени ар дайым коргоп келген. Ал полициянын суроолоруна "Миче менин кызым, ал менин кызым" деп айта берди",-дейт Миче.

Полиция кылмышка Майкл дагы катышканбы же жокпу аныктап жатышкан. Коопсуздук кызматкерлери Майкл Соломон Миче уурдалганын билген эмес экенин аныкташкан.

Көрсө Лавонанын боюнда бар болчу экен, бирок боюнан түшүп калганын күйөөсүнө айтпай, үч күн мурун төрөлгөн ымыркайды уурдап, аны төрөдүм деп үйүнө алып келген.

Селест менен Морн дагы үч жолу балалуу болушкан. Бирок тун кызы Зефанинин тагдырына кабатыр болушуп, ажырашып кетсе дагы анын туулган күнүн өткөрбөй белгилеп келишкен.

Соломон үй-бүлөсү Нёрс үй-бүлөсүнөн беш чакырым аралыкта эле жашаган экен. Ага карабастан 17 жыл мурун жоголгон кызын издеп жүрө беришкен.

"Алар мени кучактап өөп, ыйлашты",-дейт Миче. Бирок ал өзүн ыңгайсыз сезген.

"Өзүмө унчукпай эле кой. Бул кишилер көп кыйынчылыкты башынан өткөрдү деп айттым. Чынында мен эчтеке сезген жокмун",-дейт Миче.

Нёрс үй-бүлөсү Мичени кошуп алууга аракеттеништи. Бирок Миче аралаша алган жок.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Лавона Соломон соттук угууга адвокаты менен кирип келүүдө

2016-жылы сот Лавона Соломонду күнөлүү деп таап, аны 10 жылга абакка кескен. Ошол жылы Миче түрмөгө келип, Лавона менен сүйлөшкөнүн эстеди.

"Аны көрүп ыйлагым келди. Кинолордө көргөн кийимчен отурду. Ага ачык эле айттым, "башка бир үй-бүлөнү кыйнаптырсың, мени дагы алдаптырсың. Мындан ары кантип сага ишенем", деп айттым. Чындыкты айт мага, ошондо гана сени менен сүйлөшөм дедим. Ал мага "бир күнү барын айтып берем", деп жооп кайтарды. Ал азыр деле бала уурдаган эмесмин деп айтып келет. Бирок мен ага ишенбейм".

Миче жаңы ата-энеси менен чогуу жашап көрөйүн деп дагы аракеттенген. Бирок 2015-жылы 18 жашка чыкканда, өз алдынча эле жашаганды туура көргөн. Айрым учурда энеси түрмөгө отурганына биологиялык ата-энесин да күнөөлөгөнүн эстейт.

Image caption Майкл жана Миченин кызы Лавона менен кезиккени түрмөгө барып турушат

Бул окуялардан бери төрт жыл өттү. Миче энеси Лавонаны кечиргенин айтууда.

"Бирөөнү кечиргенде жүрөктөгү чоң жүктөн кутуласың. Турмуш улана берет экен. Ал билет, мен аны кечиргем, мен аны дагы деле жакшы көрөм",-дейт Миче.

Ал учурда атасы Майкл менен жашайт. Бүгүнкү күнү Мечи биологиялык ата-энеси жана аны өстүргөн ата-энеси менен катышат. Ал фамилиясын өзгөртүүсүз калтырып, бул окуялар боюнча китеп дагы жазды.

Тектеш темалар