"Идеябызды эч ким түшүнгөн эмес, эми анын баасы миллиард"

Howie Liu Сүрөттүн автордук укугу Bloomberg

Ховард Лю - AirTable компаниясынын негиздөөчүсү. AirTable төрт гана жыл мурун ишин баштаганына карабастан, компания бүгүнкү күнү 1,1 млрд. долларга бааланууда. Лю бул идея ондогон миллиард долларга бааланып, компания Amazon, Google жана Facebook сыяктуу масштабга чыгышы мүмкүн экенин айтууда.

AirTable өтө жөнөкөй идея, компания кардарларга электрондук таблицаларды сунуштайт. Бирок башка программаларга салыштырганда ыңгайлуу жана оңой.

Электрондук таблицалар - айрым ишканалар үчүн өтө маанилүү. Ага карабастан көп учурда мындай программалардын толук мүмкүнчүлүктөрү колдонулбайт, кызматкерлер өтө жөнөкөй функциялар менен иш алып барат.

AirTable программасын компьютер менен тил табыша албай жаткан кишилер дагы оңой колдонот. Айталы, дыйкандар, чабандар дагы тез өздөштүрө алат.

Инвесторлорду тартуу аракети

2012-жылы негизделген AirTable программасын учурда Netflix, Tesla жана Time журналы сыяктуу абройлуу компаниялар колдонууда. Ховард Лю башында идеясын инвесторлорго түшүндүрүү татаал болгонун айтат.

Электрондук таблица жаңы табылга эмес, андай программалар толуп жатат. Мындай таблицалар компьютер жарала электе эле пайда болгон экен. Бирок Лю электрондук таблицалар технология дүйнөсүн өзгөрттү деген пикирде.

AirTable идеясын инвесторлорго көрсөтүп жатканда Лю өзгөчө ыкмаларды колдонгонун айтат.

"Инвесторлорго идеяңды түшүндүрүп жатканда, негизинен компаниянын өсүшү боюнча графикаларды көрсөтөсүң, базарда орун бар экенин түшүндүрөсүң, инвесторлорду ишендирүүгө аракеттенесиң. Биз таптакыр башка жолду тандадык",-дейт Лю. Алар графикалардын ордуна таблица иш жараянын толугу менен өзгөртүп, жеңилдетип, эффективдүү багытка бурарын түшүндүрүүгө аракеттенишкен.

Сүрөттүн автордук укугу AirTable
Image caption AirTable ишти жеңилдетет

"Чынында көптөр мени түшүнбөй эле карашкан. Айрым учурда инвестиция кылууга макул болсо да, "идеяңды түшүнүксүз экен" деп айтышчу",-деп эстеди Лю.

AirTable компаниясынын негиздөөчүсү башында инвесторлордун көбү идея эмес, командага ишенип акча бөлгөнүн мойнуна алат.

"Эң мыкты идея болсо да командаң начар болсо, ийгиликке жетпейсиң. Менин тажрыйбамда мыкты команда менен орточо идеяны ишке ашырып, ийгиликке бөлөнсө болот",-дейт Лю.

"Бала кезимен программаларды жазгам"

13 жашында Ховард Лю атасынан C++ программа жазуу китебин алып, бир нече жуманын ичинде өздөштүрүп алганын айтат. 16 жашында Түндүк Каролинадагы Дьюкск университетине инженер окуусуна өтүп, Эндрю Офстад жана Эммет Николас менен таанышкан. Кийин үч дос AirTable компаниясын негиздеген.

Сүрөттүн автордук укугу Howie Liu
Image caption Ховард Лю АКШда туулуп-өскөн. Теги корей, бирок ата-энеси Кытайда төрөлгөн экен

Бирок AirTable компаниясына чейин Лю башка дагы ишканаларды ачып көргөн. Анын биринчи компаниясы Etacts деп аталчу. Ал кардар менен бизнестин ортосундагы мамилени көзөмөлдөөгө көмөктөшкөн программа эле. 2011-жылы Etacts компаниясын Salesforce аттуу IT-гигант сатып алган. Компания канчага сатылганы азыркыга чейин белгисиз, бирок бул кадамдан кийин Лю бай адамдардын катарына кошулду.

Бул келишим Ховард Люну IT-индустриясындагы эң таасирдүү адамдардын бири, Salesforce компаниясынын директору Марк Бениофф менен жакындатты. Кызыгы, Бениофф мырзага AirTable идеясы жаккан эмес, анын ордуна "бейтаптын китепчесин" каттоону жеңилдеткен системаны ойлоп чыгарууну сунуштаган. Бул идеяга Лю көңүл деле бурбай, өзүнүн максатына жетүүнү тандаган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Salesforce компаниясынын башчысы Марк Бениофф

AirTable компаниясынын кеңсеси Сан-Францискодо жайгашкан. Учурда анын 80 миң кардары бар жана бул сан күндөн-күнгө өсүп жатат. Компаниянын кардарларынын арасында чоң, абройлуу ишканалар менен бирге, чакан бейөкмөт уюмдар дагы бар. Маселен, 2017-жылы Техастагы бороондон кийин AirTable үй-жаныбарларды издөө, аларды куткаруу иштеринде колдонулган.

AirTable электрондук таблицаларды интернет баракчадан бекер (айрым чектөөлөр менен) колдонсо болот. Ааламдашуу доорунда ишти эффективдүү жүргүзүү олуттуу көйгөйгө айланганы үчүн мындай программалар кеңири тарап жатат. Аны колдонуу, өздөштүрүү канчалык жеңил болсо, программага кызыккандардын саны өсүүдө.

Ховард Лю чакан компанияны негиздеп, ал миллиарддаган долларга бааланганы менен, ийгилигине көп мактанбайт. Ошондой эле, башка AirTable сыяктуу стартап компанияларды тез жеткен ийгиликке алданып, ишти токтотуп койбого үндөйт.

Сүрөттүн автордук укугу AirTable
Image caption AirTable компаниясынын Сан-Францискодогу кеңсеси

Тектеш темалар